Ишемби, 8 Август, 2020 - 23:18
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

Акыркы бир суткада коронавирус жана пневмониядан 9 адам каза тапты. Көз жумгандардын жалпы саны 1460

Бүгүн, 8-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 9 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди. Бишкек шаары – 4 Ысык-Көл […]

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган жаңы 425 учур катталды. Жуктургандардын жалпы саны 39587

Бүгүн, 8-августка карата өлкө боюнча дагы 425 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди. Бишкек шаары – 124; Ош […]

Жаңы төрөлгөн кызын 30 миң сомго саткан 22 жаштагы ата 8 жылга эркинен ажыратылды

Ош облустук сотунун соттук коллегиясы жаңы төрөлгөн кызын сатканы үчүн жигитти 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге облустук соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 15-июлунда […]

Экс-вице-премьер Жеңиш Разаков экс-министрдин орун басары Курсан Асановду катаал жазага тартууга чакырды

Кечээ, 7-августта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча сот отуруму уланды. Эскерте кетсек, Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары […]

Көк-Жар айылынын тургундарынын WhatsAppтагы кайым айтышы ок атышуу менен аяктады

Көк-Жар айылынын тургуну октон жаракат алып, Бишкектеги ооруканага түшкөн. Бул тууралуу кечээ, 7-августта журналисттерге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Жабырлануучу тууралуу ооруканадан Аламүдүн райондук ички иштер […]

Бишкектин кире беришиндеги жана чыга беришиндеги бардык санитардык көзөмөл посттору алынып салынды

Бишкектин кире беришиндеги жана чыга беришиндеги бардык санитардык көзөмөл посттору алынып салынды. Чечимди жарандык коргонуу комиссиясы кабыл алып, тийиштүү чечимине комиссиянын төрагасы, борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов кол койду. Бишкек […]

Кыргыз мушкери Муслим Евлоев Ингушетияда өлтүрүлдү

Ингушетияда эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону Муслим Евлоев антитеррордук операция учурунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады. “Алдын-ала маалыматтар боюнча, операцияда жок кылынган адам республиканын 25 жаштагы тургуну Муслим Евлоев”, – […]

Бишкекте күзөтчүгө кол салып, Боом капчыгайына чейин качып барган мас айдоочунун кылмыш иши токтотулду

Тараптардын элдешүүсүнөн кийин, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бишкектин борборунда мас абалында башаламандыкка барып, унаа токтоочу жайдын күзөтканасын сүзүп, күзөтчүгө кол салып жана качууга аракет кылган Toyota Land Cruiser […]

Оренбургдан автобустар менен келген кыргызстандыктар үйлөрүнө жөнөтүлдү

6-7-августта 43 автобус менен Оренбург, Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Оренбург облусунун Бузулук районунан 2445 кыргызстандык кайтып келген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы журналисттерге билдиргендей, алар үйлөрүнө жөнөтүлдү. “Иш-аракеттердин алгоритми […]

Курсан Асанов Кой-Таштагы окуялар боюнча: Атамбаев менен сүйлөшкөнүмө өкүнбөйм

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чоң жоготууларга жана кан төгүүгө жол берилген жок. Бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов билдирди. Мурунку чиновниктин […]

Курсан Асановдун иши: Соттук отурумда видеого тартууга уруксат берилген жок

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча сот иши уланууда. Жолугушуунун жүрүшүндө адвокат Чынара Жакупбекова отурумду видеого тартууга, ошондой эле журналисттерге […]

Медициналык академиянын алдына коронавирус илдетинен каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузуу демилгеси көтөрүлдү

КММАнын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Рахатбек Оморов, COVID-19дан каза болгон медицина кызматкерлерине эстелик орнотууну демилгелейт. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн ассистенти Сыймык Сапаров билдирди. Анын айтымында, Оморов жеке өзү үчүн 1 […]

Бишкекте, Ак үйдүн жанында “Караван” соода борборунун ижарачыларынын митинги болуп өттү

Бишкекте, Ак үйдүн жанында “Караван” соода борборунун ижарачыларынын митинги болуп өттү. Алар бийликке объектти электрондук аукциондон алып салуу жана аларды жумуш ордунан ажыратпоо талабы менен кайрылышты. 70ке жакын ижарачылар коронавируска […]

Бишкек мэриясы коронавирустан каза болгон маркумдарды шам жагып эскерүүгө чакырууда

29-августта Бишкекте коронавирус жана пневмониядан каза болгондорго карата кеңири масштабдагы акция өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Муниципалитет шаар тургундарын 21.30да үйлөрүндөгү чырактарды өчүрүп, терезелерди ачып, шам жагууга үндөйт. “Урматтуу […]

Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаев дагы сотко катышуудан баш тартты

Бишкек шаардык соту Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочулардын жана адвокаттардын аппеляциялык арызын карап жатат. Отурум жабык эшик артында өтүүдө. Адвтокат Сергей Слесарев журналисттерге билдиргендей, айыпталуучу […]

Бир суткада коронавирус 4 адамдын өмүрүн алды. Бул илдеттен жалпы 1451 адам каза тапты

Бүгүн, 7-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди. Ош облусу – 1 Жалал-Абад […]

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жаңы 503 учур катталды. Эми жалпы саны 39 миң 162

Бүгүн, 7-августка карата өлкө боюнча дагы 503 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди. Бишкек шаары – 125; Ош […]

Баткенде эркек киши октон жаракат алып, ооруканага жеткирилди

Баткенде эркек киши октон жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өздүк булактар билдирет. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Көк-Таш айылынын тургуну 1955-жылы туулган М.Раимберди небереси менен айдоо талаасында иштеп жүргөн. […]

Кой-Таштын тургундарына кошулуп, Бишкектин тургунун сабаган милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталды

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Бишкек шаарынын жашоочусунун Кой-Таш айылында ага кол салган төрт кишинин арызына жооп кайтарган. Кол салгандардын арасында милиция кызматкери жана айылдык кеңештин депутаты болгон. Милициядан билдиргендей, […]

“Республика” партиясынын бир нече мүчөсү саясий кеңештен жана партиядан чыгарылганы белгилүү болду

“Республика” партиясынын бир нече мүчөсү саясий кеңештен жана саясий уюмдун курамынан чыгарылганы белгилүү болду. Маалыматты журналисттерге партиянын катчылыгы тастыктады. Анын айтымында, Табалды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов жана Тариэл Жоробеков “Республика” партиясынан […]

Ысык-Ата районунда мал уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Алардын арасында 45 жаштагы аял да бар

Ысык-Ата районунда мал уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2-августта, түнкү саат 01:30 чамасында белгисиз адамдар Ысык-Ата районунун […]

Кыргыз-тажик чек арасында тажикстан тараптан кыргыз жоокерине ок атылды

Бүгүн, 6-августта, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш аймагында […]

Сот “Чоң казат” кыймылынын лидери Сыймык Жапыкеевди депутат Кубанычбек Жумалиевге 10.000 сом айыппул төлөөгө милдеттендирди

«Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин пайдасына айып төлөйт. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Бактыбек Жумашев билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 6-августта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун […]

Анжелика, ырчы: Саясатка жологонго эч качан оюм жок эле, бирок 5 партия тизмесине чакырып жатат…

Ырчы Анжеликага беш партиянын лидерлеринен сунуш түштү. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, азырынча ал эч кимисине мукулдугун бере элек. “Бир партиянын тизмегине мени жөн эле […]

Москвада 34 жаштагы кыргызстандык аял ымыркайын түн ичинде көчөгө коляскасы менен таштап кеткен

Москвада кыргыз жараны ымыркайды түн ичинде коляска менен көчөгө таштап кеткен. Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 5-августуна караган түнү Студент көчөсүндөгү турак үйдүн […]

Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык сотуна алынып келинди

Бүгүн, 6-августта Бишкек шаардык сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук угуу улантылат. Бул иш боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, дарыгер Абдухалим Раимжанов, Жазаларды аткаруу кызматынын […]

Ошто жол кырсыгынын кесепетинен 17-20 жаштагы 4 бала каза тапты, бир адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө

Ош облусунда кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, бир адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 5-августта саат 05:00 […]

Өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 9 адам көз жумду. Каза болгондордун жалпы саны 1447

Бүгүн, 6-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 9 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди. Бишкек шаары – 5 Ош […]

Өлкөдө бир суткада коронавирусту 549 адам жуктуруп алды. Эми алардын жалпы саны 38 миң 659

Бүгүн, 6-августка карата өлкө боюнча дагы 549 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди. Бишкек шаары – 162; Ош […]

Бишкектин тургунун Кой-Таштан 4 адам сабап кетишкен, алардын арасында милиция кызматкери жана айыл кеңешинин депутаты болгон

Бишкек шаарынын тургунун Кой-Таш айылында 4 адам сабап кетишкен, алардын арасында милиция кызматкери жана айыл кеңешинин депутаты болгон. Бул тууралуу жабырлануучу өзү журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул жагдай боюнча эч кандай […]

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу кечээ, 5-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров брифинг учурунда […]

Россияда мигранттар парламенттик шайлоодо онлайн режиминде добуш берүүнү уюштурууну талап кылышууда

Москвада Кыргызстандан келген активисттер чогулуш өткөрүп, өлкөнүн Президенти Сооронбай Жээнбековго, өкмөткө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БШКсына Жогорку Кеңешке шайлоону уюштуруу маселеси боюнча мигранттардын талаптарын коюуну чечишти. Жолугушуунун уюштуруучусу жана “Баткен […]

Балбак Түлөбаев: “Ысык-Көлдө райондор жана аймактар аралык каттамдарга уруксат бердик. Эреже бузса катуу чара көрүлөт”

Кечээ, 5-августта Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын отурумунда райондор жана аймактар аралык каттамдарга уруксат берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү […]

Ысык-Көл облусунун кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттор алынды

Кечээ, 5-августта аймактык ыкчам штабдын отурумунда “Ак-Кеме” жана “Кызыл-Омполдогу” карантиндик-санитардык постторду алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев […]

Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариев кайра “ажырашты”. “Ата-Мекен – Жаңы дем” альянсы ыдырай баштады

Парламенттик шайлоого бир барабыз деп биригишкен “Ата-Мекен” жана “Ак шумкар” партиялары экиге бөлүнүп кетишти. Экс-премьер-министр Темир Сариев “Ата-Мекен – Жаңы дем” альянсынын курамынан чыгып кетти. Бул маалыматты бүгүн, 5-августта социалисттердин […]

Кой-Таштагы окуялар. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге карата айыптоо актысы окулду

Бүгүн, 5-августта Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча он-лайн соттук териштирүүнү кийинкиге калтырды. Отурумда Мээрбек Мискенбаевге карата айыптоо актысы окулду. Биринчи Май райондук сотунун басма сөз […]

Балбак Түлөбаев кызматтык унаасын сатып, анын ордуна тез жардам унаасын сатып алууну чечти

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Каракол шаарына тез жардам унаасын сатып алуу үчүн кызматтык унаалардын бирин сатуу же алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу ал журналисттерге […]

Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга 43 автобус менен 2 457 кыргыз жараны кайтып келе жатат

Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга 2 457 жаран кайтып келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20 автобустан турган биринчи колонна 1 миң 101 жаран менен кечээ Россиядан […]

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев илдеттен айыгып, эртең жумушка чыгат

Бүгүн, 5-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин ден-соолугунун абалы тууралуу суроого жооп берди. “Министрдин орун басары Нурболот […]

Ысык-Көл облусунда 25-30 чамасындагы белгисиз аялдын сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунда белгисиз аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, 102 кызматына Каракол шаарынын Султанов көчөсүнүн боюндагы Ак-Кыя каналынын жээгинен аялдын сөөгү табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. […]

Аксы районунда Өзбекстанда абактан качкан эки туткун кармалды

Кечээ, 4-августта Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен бирге Өзбекстандын эки жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү […]

Бир суткада коронавирус дагы 11 адамдын өмүрүн алды. Өлкөдө бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1438

Бүгүн, 5-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 11 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди. Бишкек шаары – 5 Ош […]

Акыркы суткада дагы 569 адамдан коронавирус аныкталды. Эми алардын жалпы саны 38110 кишиге жетти

Бүгүн, 5-августка карата өлкө боюнча дагы 569 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди. Бишкек шаары – 190; Ош […]

Валюта курсу: АКШ доллары канчадан сатылууда?

Бишкек шаарындагы алмашуу бюролорунда доллардын сомго карата базардагы курсу 5-августта саат 09:15 карата 76,71 сом (сатып алуу) жана 77,09 сом (сатуу) болду. Кечээ кечинде доллардын курсу 76,85 сомду (сатып алуу) […]

Нарында 37 миллион сомго үч кабаттуу медициналык борбор курулат

Нарын шаарында жеңилдетилген насыянын эсебинен үч кабаттуу медициналык борбор курулат. Бул тууралуу кечээ, 4-августта Республикалык штабдан билдиришти. Медициналык борбор диагностикалык лабораториялар жана керектүү шаймандар менен жабдылат. Дарыгерлердин кабинеттеринен тышкары бейтаптарды […]

Гүлжайна Атаканова: “Анжеликадай депутаттар керек. Ал депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам”

Анжеликадай депутаттар керек. Ал депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам. Бул тууралуу куудул, алып баруучу Гүлжайна Атаканова Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди. “Сенин жасап жаткан жумуштарыңды көрүп сендей күчтүү айым болгум келди. […]

Пандемия башталгандан бери өлкөгө Россиядан 22 миң 440 мекендешибиз кайтып келди

Пандемия учурунда Россиядан 22,440 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-марттан бери аба каттамдары токтотулган. “Ошол мезгилден бери Кыргызстанга 93 экспорттук учуулар аткарылып, […]

Жеке менчик үйгө уурулукка кирип, 2 миллион сомдон ашык акчаны уурдап кеткендер кармалды

Бишкекте жеке менчик үйдөн сейф менен биргеликте акча каражатын уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 5-майда Бишкектин тургуну укук коргоо […]