Бейшемби, 16 Июль, 2020 - 23:04
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Кызмат-мансап

Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык Ормоналиев Эсеналы Касымалиевич Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Тиешелүү буйрукка […]

Ыманберди Досбаев Аксы районунун акими кызматынан бошотулду

Досбаев Ыманберди Райымбердиевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын […]

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо […]

Самтыров Ногайбек Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Бүгүн, 15-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер – Бообеков Бекжан […]

Кыргызстанда 6-июлдан 10-июлга чейин кандай кадрдык өзгөрүүлөр болду?

Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматынан кетти. “Окуу жылы аяктагандан кийин, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Жашасын жарандык активдүүлүк! Өмүр сабагы үчүн өкмөткө ырахмат” […]

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова кызматтан кетти

Рита Карасартова башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июлда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кабарлады. “Окуу жылы аяктагандан кийин, өз каалоом менен кызматтан кетүү […]

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Бакыт Сагынбаевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2020-жылдын 16-июлунан тартып Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Сагынбаев Бакыт Тынышовичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү судьясы кызмат […]

Ленин РИИБнин жетекчилигине Жеңишбек Абитов дайындалды

Жеңишбек Абитов Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө. Буга чейин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин Чыңгыз Керимкулов […]

Чыңгыз Каримкулов Сокулук РИИБнин башчысы болуп дайындалды

Керимкулов Чыңгыз Кенжебекович Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Ленин РИИБнин убактылуу жетектеп келген. Ошондой эле, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге […]

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров отставкага кетти

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров чет өлкөдө билим алгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Японияга “Japanese Development Scholarship” программасынын алкагында […]

Экс-бажычы Адыл Лолобаев Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды

Адыл Лолобаев Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Буга чейин БШКдан кабарлашкандай, ал бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Ал Кара-Суу шаардык кеңешинин КСДП […]

Видео – Жогорку Кеңеште Премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 30-июндагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган Өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекет башчысы жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү өнүктүрүүдөгү парламенттин мааниси […]

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев кызматынан кетти

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин пресс-катчысы Адилет Султаналиев кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Twitter социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты. Ал кызматтан өз каалоосу менен кеткенин белгилеген. “Мен мындан ары өкмөттүн аппаратында […]

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков МТБМК жамаатына төрага Алтынбек Исмаиловду тааныштырды

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жамаатына ведомствонун жаңы дайындалган төрагасы Алтынбек Исмаиловду тааныштырды. Биринчи вице-премьер-министр Алтынбек Исмаиловдун кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, ага […]

Тажик президентинин күйөө баласы кайрадан Улуттук банктын төрага орун басары болуп дайындалды

Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласы Жамолиддин Нуралиев кайрадан өлкөнүн Улуттук банкынын төрага орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы 18-июнда кол койду. 43 жаштагы Жамолиддин Нуралиев […]

Кубатбек Боронов Премьер-министр катары биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын катышуусунда биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү. Кубатбек Боронов Өкмөттүн иши өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган системалуу өзгөрүүлөрдү улантууга багытталат […]

Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү салтанаты өттү

Бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды. Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы Премьер-министрге […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз  Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду. Мамлекет башчысынын Жарлыктарына  ылайык: — Темиралиев Таалайбек Асанбекович Өкмөттүн Аппарат жетекчиси — […]

Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Мадумаров Акрам Камбаралиевичти мурдагы милдеттерин аткаруудан бошотуп, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевнаны мурдагы милдеттерин аткаруудан бошотуп, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Эркин Асрандиев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Асрандиев Эркин Шамшудиновичти мурдагы милдеттерин аткаруудан бошотуп, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Алмазбек Баатырбеков Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичти Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалды

Бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Боронов Кубатбек Айылчиевичти мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.

Самат Кылжыев КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду

Бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин  4-бөлүгүнүн негизинде Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновго КР Премьер-министринин милдетин аткарууну жүктөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Боронов Кубатбек Айылчыевичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин […]

Кубатбек Боронов: “Премьер-министрликке сунушталарымды кечээ кечинде уктум, сүйүнгөнгө убакыт да болгон жок”

“Сиз залга кирип жатканда маанайыңыз суз болду. Кандай сезим болуп жатат? Сүйүндүңүзбү же сүйүнгөн жоксузбу?” – деп сурады бүгүн, 16-июнда депутат Аида Касымалиева Кубатбек Бороновдон көпчүлүк коалициянын жыйынында. Кубатбек Боронов […]

Парламенттик көпчүлүк карап жаткан Өкмөттүн жаңы курамы

Бүгүн, 16-июнда  парламенттик көпчүлүк  Премьер-министрликке  талапкер  Кубатбек Боронов  сунуштаган  Өкмөттүн курамын карап жатат. Кубатбек Боронов белгилегендей,  министрлер кабинетинин курамы мурдагы бойдон эле калды Сунушталып жаткан Өкмөттүн жаңы курамы: КР Вице-премьер-министрлери: […]

Жанар Акаев өлкөдөгү партиялык-парламенттик системада Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьер-министрликке кайсы партия сунуштаганына кызыкты

“Кубатбек Боронов кайсы фракциянын талапкери?”,  – деп сурады бүгүн, 16-июнда депутат Жанар Акаев көпчүлүк коалициянын жыйынында анын лидери Иса Өмүркуловдон. “Учурдагы кырдаалды эске алуу менен көпчүлүк коалицияга кирген 4 фракция […]

Алтынбек Исмаилов бейөкмөт уюмдарда иштеп, АКШнын Колумбия университетин бүтүргөн

Бүгүн, 16-июнда парламенттик коалиция Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо. Коалициялык көпчүлүктүн алдында баяндама жасаган Кубатбек Боронов Өкмөт мүчөлөрүндө ири өзгөрүү болбогондугун белгилеп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик […]

Кубатбек Боронов парламент кайра шайланып келгенге чейин иштей турган убактылуу техникалык премьер-министр болот

“Баарыбызга белгилүү болгондой премьер-министр отставкага кетти. Мухаммедкалый Абылгазиев жагдайга жараша туура чечим кабыл алды деп ойлоймун. Албетте, азыр өкмөт башчы алмашпай турса жакшы болмок. Бир жагынан коронавирус пандемися менен күрөшүү, […]

Жаңы өкмөттүн курамына кимдердин талапкерлиги көрсөтүлүүдө?

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын карап жатат. Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматына Таалайбек Темиралиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Анын талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан Кубатбек Боронов сунуштады. Бороновдун айтымы […]

Парламенттик коалиция Премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо

Бүгүн, 16-июнда парламенттик коалиция Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо. Коалициялык көпчүлүктүн алдында баяндама жасаган Кубатбек Боронов Өкмөт мүчөлөрүндө ири өзгөрүү болбогондугун белгилеп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик […]

Биринчи вице-премьер-министрликке депутат Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги сунушталды

Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка депутат Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештен маалымдашты. Маалыматтар боюнча, бүгүн коалициялык кеңештин жыйынына чейин парламенттик көпчүлүктүн курамына кирген фракциялардын лидерлери чогулушту. Алар премьер-министрликке […]

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине,   87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн […]

Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкердиги утуп кетиптир

Бүгүн, 15-июнда КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматына кайрылып, Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин премьер-министрлик кызматка кудаланып жаткан талапкерлердин: Узарбек Жылкыбаев, Эркин Асрандиев, Азиз Суракматов, Кубатбек Бороновдун ысымдарын атап, кимисинин “ити […]

Премьер-министрлик кызматка Узарбек Жылкыбаев көрсөтүлөт

Бүгүн, 15-июнда УКМК тарабынан $500 млн бааланган коррупциялык кылмышка шектелип жаткан КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүү тууралу арыз жазгандан кийин анын ордуна КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Төмөндө Өкмөт башчынын арызынын тексти: «Урматтуу кыргызстандыктар! Радиожыштыктар ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш иши боюнча Өкмөттүн дарегине айтылган […]

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун атына Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 14 талапкер, КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй облусунун жана […]

Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы катардагы жана кенже жетектөөчү курамындагы кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт. Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо […]

Дастан Догоев АКШнын Гарвард университетине өткөндүгүнө байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан отставкага кетти

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев отставкага кетти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти. Алдын ала маалыматка караганда, Догоевдин кызматтан кетүү жөнүндө жарлыкка азырынча кол коюла элек экендиги […]

Абдулазим Курманов КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Курманов Абдулазим Айдарович Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин башка буйругу менен ал Кыргыз […]

Калыбек Алышбаев КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрук менен Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн, 47-беренесине ылайык, ошондой эле башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу […]

Жамил Шаршеналиев Конституциялык палатанын судьялык кызматына жактырылды

Бүгүн, 2-июндагы парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат орду үчүн сунушталган талапкер каралды. […]

Жакыпбек Байымбетов УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. Кызматтан өз […]

Жамил Шаршеналиев, судьялыкка талапкер: “Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Арабаевге калпыстыктар тууралу айталы десек кабыл албай койгон”

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына Шаршеналиев Жамил Асанбековичтин талапкерлигин карады. Анын талапкерлигин президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу […]

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматынан бошотуу тууралуу сунуштары түшкөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана […]

Жуманалы Накетаев Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды

Накетаев Жуманалы Алтымышович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Канжарбек Эшалиев Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду

Эшалиев Канжарбек Жаныбекович башка ишке которулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жоомарт Максатбеков КР ЖКнын төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 22-майда КР ЖКнын спикеринин басма сөз катчысы Элвира Темир кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жоомарт Максатбеков дайындалган. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. “Жогорку Кеңештин […]

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына […]