Дүйшөмбү, 18 Январь, 2021 - 13:38
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Өмүрбек Суваналиев, генерал: ““Көзү ачык” Светлана Драганга ишенип алып, президенттикке дүрбөп чыгышкандар бүгүн ара жолдо калышты”

“Эсиңерде болсо, 14-октябрда Россиялык “көзү ачык” Светлана Драган кыргыз журналисттерине интервью берип, ал кезде буркан-шаркан түшүп кайнап жаткан кыргыз саясатынын келечегине көз чаптырып:  “ноябрдын аягында өтө курч окуялар болуп, өлкөдө […]

Эрика Марат, профессор: “Раим Матраимовду Магнитскийдин тизмесине АКШ өкмөтү ушундай каалаганы үчүн эмес, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн толтурган документтеринин натыйжасында киргизилди”

“Магнитскийдин Глобалдык Актысынын тизмесине айрым инсандар АКШ өкмөтүнөн кимдир бирөөлөр иликтеп, ушундай чечим кабыл алганы үчүн киргизилбейт, адатта муну жергиликтүү жана эл аралык жарандык коомдун өкүлдөрү өздөрүнүн  тыкыр аракети менен […]

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиевди кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жигиттери “Потап” менен “Тоша” сүрүп чыгарган

“Жөн эле эсиңерге сала кетейин дедим, бул сүрөттө “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын депутаттыкка талапкерлер тизмесине кирүүгө жанталашып, аларга кудайындай сыйынып жаткан Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиев. Эми мындан кийин бул […]

Видео – Медер Алиев, юрист: “2010-жылы Конституцияны эбегейсиз мыйзам бузуулар менен кабыл алышкан”

“2010-жылы Конституция кабыл алынып жатканда эбегейсиз мыйзам бузуулар болгон. Ал декрет менен кабыл алынган. Мыйзамда декрет деген түшүнүк жок. 2010-жылы Конституция мыйзамда жок нере менен кабыл алынган” – деди юрист, […]

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Бакиевдин чыныгы үзөнгүлөштөрү: Атамбаев, Отунбаева, Бекназаров жана алардын достору”

-Өмүрбек Исакович, акыркы мезгилде бийликтин каршылаштары “Садыр Жапаровдун бийлиги бакиевчилерди бийликке топтоп жатат” деген ушакты кеңири таратышууда, алардын бири Роза Отунбаева да кечээ ошентип интервью бериптир, бул боюнча сиздин пикириңиз […]

Генерал Өмүрбек Суваналиев азыркы Садыр Жапаров менен Бакиевдер тууралу пикирин билдирди

-Өмүрбек Исакович, азыр Садыр Жапаровдун душмандары “Садырдын артында Бакиевдер турат, ошолор каржылап колдоп жатат, алар Садыр бийликке келгенде өлкөгө кайтып келишет, баарынан өч алат” деген сымал маалыматтарды таркатып, калктын караңгы […]

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Абдил Сегизбаев чет элге качып, саясый башпаанек алыш үчүн гана президенттик шайлоого чыкты”

“Абдил Сегизбаев өзү деле, эл деле билет, ал көп шайлоочунун добушун ала албайт, бирок президенттик шайлоого талапкер катары жутунуп чыгып, бийликти өкүртө сындап, саясый упай топтоп жатат. Муну менен ал […]

Атыр Абдрахматова: “Кодулоо менен каралоо, жалган маалымат таркатуу, адамды кемсинтүү, аброюна шек келтирүү – бул Текебаевге, анын командасына 30 жылдан бери көнүмүш адат”

“Текебаев менен “Ата Мекендин” убада кылган “бомбасы”. Рахмат!” – деп жазды бүгүн, 26-ноябрда БШКнын мурунку мүчөсү Атыр Абдрахматова атамекенчилер ал тууралу тараткан билдирүүгө комментарий берип жатып. “Кодулоо менен каралоо, жалган […]

Видео – Эдил Байсалов: “Текебаевдер кан төгүп, бийликти алып, 10 жыл Кыргызстанда эксперимент жасашып, өлкөнү жакырчылыкка, туңгуюкка алып келишти. Бакиевдер калышканда эл эки эсе бай жашамак”

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов “Азаттык” радиосунда маек куруп, өлкөдөгү бүгүнкү саясый абалга байланыштуу курч суроолорго жооп берди.

Видео – Өмүрбек Суваналиев: “Маевскийдин өкүлү Модин 2012-жылы Куловго, мага жана көп депутаттарга “Текебаев алган $1 млн өндүрүп бергиле” деп жардам сурап кайрылып жүргөнү чын”

Бүгүн, 26-ноябрда КР ИИМдин экс-министри, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев “Азаттыктын” “Эки бир” программмасына катышып, бүгүнкү өлкөдөгү саясый ситуация боюнча көптөгөн кызыктуу суроолорго жооп берди. Анын ичинде көрөрмандардын “Текебаев Маевскийден $1 млн […]

Видео – Бегалы Наргозуев: “2012-жылы Маевскийдин өкүлү Модин генералдар Кулов менен Суваналиевге келип, Текебаев пара катары алган $1 млн өндүрүп берүүнү суранышканын билем”

“2012-жылы Маевскийдин өкүлү Алексей Модин генералдар Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевге келишип, Өмүрбек Текебаев “Мегакомду” алып берем деп россиялыктардан пара катары алган $1 млн акчаны убадасын аткара албай калганынан улам […]

Видео – Садыр Жапаров: “Текебаев Маевскийден $1 млн пара алган, аны 2010-жылдагы шайлоого жумшаган, кийин дагы $15 млн алмак”

“Өмүрбек Текебаевди мен 30 жылдан бери билем. Анын ичинен 15 жылын сыртынан билчүмүн. Теледен, дебаттардан, парламентте сүйлөгөн сөздөрүнөн көрүп, Текебаев, Усубалиев, Масалиев, Мадумаровдорду сыйлайт элем. Анткени Акаевдин убагынан бери оппозиция […]

Президенттик шайлоого бийлик менен соодалашыш үчүн гана чыгып жаткан саясатчыларга кызмат берүү практикасы токтотулуш керек

Алдыда, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого карата бүгүнкү күнгө чейин 65 адам өз талапкердигин көрсөттү. Алардын ичинен биз мурунтан айтып келгендей 3-4 гана талапкердин ортосунда чыныгы күрөш жүрөт. Калгандары кыргыз […]

“Биримдик” партиясынын тизмесинин алдыңкы кырктыгына кирүү үчүн Төрөбай Зулпукаровго $500 миңден $1 миллионго чейин төлөгөндөр эми акчаны кайтарууну талап кылышууда

4-октярдагы парламенттитк шайлоонун жыйынтыктары БШК тарабынан жокко чыгарылгандан киин шайлоодогу кээ бир кызыктуу жагдайлар аныктала баштады. Ушул учурда «Биримдик» партиясынын талапкерлери тарабынан алдынкы 40 орунга кирүү үчүн төлөнгөн акчаларды кайтарып […]

Президенттик шайлоого карата кайсы күчтөр кимдер менен биригүүдө?

10-январга өлкөдө президенттик шайлоо дайындалган күндөн тартып кыргыз саясат майданында саясый күчтөрдүн биригүүлөрү, орун алмаштыруулары, тымызын жүрүштөрү башталды.  Ал жүрүштөрдүн негизинде бул президенттик тактыны талашта негизги күрөш төмөнкү 4 талапкердин […]

Садыр Жапаров: “Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдын апрель жана июнундагы кандуу окуяларга күнөкөөрлөрдүн бири катары жоопко тартылыш керек”

Сүрөттө: Садыр Жапаров менен Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы Ош окуялары учурунда “Биринчиден, Кеңешбек Дүйшөбаев – бул пенсиядагы адам, экинчиден ал Коопсуздук Кеңешинде олтурганга моралдык укугу жок, ошондуктан аны алмаштырдым. Анткени ал […]

Видео – Жаштар Текебаевди “биз “Ата-Мекенге” добуш бербейбиз, сиз элге эч нерсе жасай алган жоксуз, конституциянын автору катары парламентке жалаң олигархияны алып келдиңиз” деп митингден кууп салышты

“Сиз ушул кезге чейин элге эч нерсе кыла алган жоксуз, эми бул жерге эл көп келгенин көрүп, чын эле өлкөдө өзгөрүүлөр болушун каалаган элдин келгенин көрүп, сиз бул жыйынга кандайдыр […]

Видео – Зарылбек Рысалиев: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз бүгүн Кыргызстанда бизге Улуу Манастын ордуна атасыз!”

Бүгүн, 25-июнда ЖКнын жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев парламенттин трибунасынан сөз сүйлөп, президентке кайрылып, Талас облусундагы эстеликтердин абалы жөнүндө айтты. “Мен бул ойду 2-3 айдан бери айтам деп даярданып жүрөм. Бирок, […]

Видео – Адахан Мадумаров: “Ата-Мекендин” социалисттери менен КЛДПнын либералдарынын биригиши – бул кофенин үстүнө кымыз куюп ичкендей кеп болду, алар бизге да биригели деп келишти, биз четке кактык”

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров көз карандысыз журналисттерге кеңири интервью берип, анын ичинде “Ата-Мекен” партиясы (Өмүрбек Текебаев) менен КЛДПнын (Жанар Акаевдин) “Жаңы дем” кыймылынан биригүүсүнө токтолуп өткөн: -Азыр […]

Видео – Рыскулбеков Анарбек, Апрель баатыры: “Рыскелди Момбеков Таластын душманы! Кө…ү! 5 жыл депутат болуп олтуруп, элге эмне кылып берди?

“Эй, Рыскелди аке, мени жаман көрбөй, бери карасаңыз, бул жакка сиздин кандай тиешеңиз бар? Сизди ким жөнөттү? Рыскелди аке мен сени беш колдой билем, экөөбүз 2005-жылдан бери бирге иштешип жатпайбызбы? […]

Видео – Өмүрбек Бакиров, ЖК депутаты: Кыргызстан өз кен байлыктарына өзү ээ боло албай калды – Жерүй, Бозумчак, Иштамберди алтын кендерине 100% чет элдиктер кожоюн

“Азыркы учурдагы мамлекетибиздин бирден-бир орчунду көйгөйү катары, тоо-кен тармагындагы коррупциянын бүгүнкү күнгө чейин гүлдөп жатканын айтсак жарашат. Баалуу кен байлыктарыбыз элибизге же мамлекетибизге пайда алып келбей жатканын көзүбүз менен көрүп, […]

Видео – Эсенбай Нурушев, “Азаттыктын” ардагери: “Мурунку “Азаттык” жок, азыр мурун идиш, пол жууп, базарда самын саткандар жетекчи болуп калышты”

“Азаттык” радиосунун ардагерлери, көп жылдар бою Прагада “Азаттыкта” иштешкен журналисттер Эсенбай Нурушев менен Нарын Айыптын бүгүнкү “Азаттык” тууралу пикирлерине көңүлүңүздөрдү бурабыз: – “Азаттыктын” биринчи иликтөөсүнө кайчы пикир айткан 5-каналды жана […]

Видео – Рыскелди Момбеков, КСДПчы депутат: “Мен калыстыктан тайбаган, чыныгы генералдар Молдомуса Коңгайтиев жана Нурлан Турсункуловдор менен чоогу чай ичип олтурганыма сыймыктанам”

“Молдомуса Коңгайтиев жана Нурлан Турсункулов менен чай ичип, конокто чоогу олтурганымды мен танбайм, мен аны чанбайм. Мен тескерисинче алар менен чоогу олтурганымды сыймыктануу менен айта алам”, – деп билдирди депутат […]

Видео – Орус-казак чек арасынан өтө албай, 33 күндөн бери азап чеккен кыргыз эмгек мигранттары кыргыз бийлигинен жардам сурайт

“Биз быйыл февраль айында Кыргызстандан Россиянын Пермь шаарына курулушка иштегени келген болчубуз. Түркиялык фирманын Пермдеги заводун курууга чакырып, айына 45 миң рублдан айлык убада кылып алып келишкен. Бирок бир жарым […]

Генерал Молдомуса Коңгайтиевдин жан сакчысынын 2010-жылдын 6-апрелиндеги Таластагы окуяларды эскерүүсү

2010-жылы 6-7-апрелде Таласта Ички иштер министри Молдомуса Коңгайтиевди коргоп жүргөн жан сакчыларынын бири Маратбек (аты өзгөртүлдү) бизге ал окуялар кандайча өрчүп-өнүккөнүн айтып берди: “2010-жылы мен генерал Молдомуса Конгайтиевдин жан сакчысы […]

БССУнун акыркы бүтүмү: Таажывирус аба аркылуу жукпайт. Анан кандайча жугат?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БССУ) таажывирус боюнча дагы бир талашка чекит койду. Таажывирус аба аркылуу жукпайт. Мындай бүтүмдү жекшемби күнү, 29-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзүнүн расмий сайты […]

Кыргызстанда дагы 14 адамдан таажывирус аныкталды, алардын жалпы саны 58ге жетти

Бүгүн, 27-март саат 14:00гө карата Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган дагы 14 адам катталды. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын […]

Премьер-министрге спикердин атынан одоно каталар менен кат жазып, кызматынан айдалган Алмазбек Сабырбеков КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

23-март күнү КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Алмазбек Сабырбеков 2010-жылддан бери депутат Дастанбек Жумабековдун жардамчысы жана кеңешчиси кызматтарын аркалап […]

Видео – Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган дагы 2 адам катталды, эми өлкө боюнча алардын жалпы саны 44 адамга жетти

Бүгүн, 25-март саат 15:00гө карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 2 адам катталды. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова […]

Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган 26 жаӊы учур катталды, өлкө боюнча алардын жалпы саны 42 адамга жетти

Бүгүн, 24-мартта Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди. 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 […]

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Роза Отунбаева 10-марттагы гейлерди колдоо митингинде “3-революция болот” деп президент Сооронбай Жээнбековду коркутуп жатат”

“Ушул Роза Отунбаевада уят деле жок экен, сыйы менен олтура бербей, былтыр музейде дырдай жылаңачтанып чечинип, уят жерлерин элге көрсөтүп баскан кыздарды колдоп митинг кылып жүрдү эле, быйыл аялдардын кийимин […]

Видео – Дастан Сарыгулов: “Жер үй алтын кени мафиялык-коррупциялык жол менен сатылган, Кыргыз мамлекетине түшчү таптаза $1 млрд доллар уурдалган”

“Премьер-министр токтом чыгарыптыр: “комиссия конкурстун жобосун иштеп чыксын” деп, анан кийин буйрук менен конкурстун жобосун бекитиптир, буга чейин түшүнүксүз болуп келген да премьер-министр Жоомарт Оторбаев конкурстун жобосун бекиткенби же жокпу […]

“Азаттыктын” Борбор Азия боюнча регионалдык директору Венера Жуматаева кызматынан алынды

Бүгүн, 14-январда Венера Джуматаеванын ордуна “Азаттыктын” Борбор Азия боюнча регионалдык директору болуп Хамид Исмаилов дайындалды. Бул тууралу Азаттыктын башкы редактору Дейси Синделар бүгүн жарыялагандыгын биздин жеке булактар билдирди. Хамид Исмаилов […]

Видео – Бермет Букашева: “Эмнеге азыркы бийликти жек көрүп жатышат? Регионалдык фактор роль ойноп жатат, түндүктүктөр түштүктүктөргө каршы бөлүнүшөт, адамдардын аң сезиминде ушундай жапайы инстинкттер сакталып калыптыр”

-Атамбаевди камакка алуу чынында өзгөчө окуя болду – муну эч ким пландаштырган эмес эле, күтүлбөгөн жерден окуя ушул нукка бурулуп кетти… бул деген элдин кызыкчылыгы үчүн да – мындай мыйзамды […]

Видео – Чубак ажы Жалилов: “Президенттин кеңешчилери иштебей жатат. Президенттин туура саясатын, “достуктан да мамлекеттүүлүк бийик турат!” дегенди элге түшүндүргөн эч ким жок”

“Азыр эл арасында “бийлик эмнеге муну камайт да, тигини камабайт?” деген суроолор боло берет. Андай-мындай деген нааразычылыктар дайыма болуп турат да. Аны элге түшүндүрүп, айтып туруш керек. Жасап жаткан иштер […]

Видео – Жаркын Суран кызы, “Азаттыктын” ардагер журналисти: “«Азаттыктан» Осмонакун Ибраимов сүйлөгөндө түңүлүп кетем, азыр «Азаттык» мурдагыдай болбой калды…”

Азыркы журналисттер интернет же скайп аркылуу деле интервью жасай беришет, эки-үч ушакты чогултуп алып, гезит деле чыгара беришет, биздин мезгилде болсо мынчалык жасалгалар жок эле, оор маагнитфонду ийнибизге асып алып, […]

Видео – Нурбек Сыдыгалиев, “Ата Мекендин” жаңы депутаты: “Текебаевдин айткандары жалган, Шыкмаматов экөөсүнүн жаңжалы мен үчүн эмес, башкадан чыккан”

– Айтсаңыз, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Алманбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиевдин ортосунда 2,5 жылдан депутат болуу боюнча макулдашуу болгон” деп жатат, ошондой макулдашуу болгонбу? – Биз Шыкмаматов экөөбүз […]

Кубан Мамбеталиев, профессор: “Журналисттер текшерилбеген ыплас материалдарды жарыялабаш керек. “Азаттыктын” калпын 5-канал тез эле чыгарып койду”

“Сөз эркиндигин, ойдун эркиндигин эми Кыргызстанда эч ким тыя албайт”, – деп билдирди профессор Кубан Мамбеталиев 19-октябрда Бишкекте өткөн “21-кылымдагы Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттары” аттуу тегерек стол учурунда журналисттердин […]

Видео –  Ырыс Окенова, режиссер:  «Мен «Азаттыкты» калп жазып, жалган маалымат таратканы үчүн сотко берем»

КТРКда көп жылдан бери режиссер болуп иштеп келген Ырыс Окенова ал жерден жетекчиликтин кысымынан улам жумуштан бошогонун бүгүн, 10-октябрдагы журналисттерген маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, анын кызматтан кетүүсүнө “Ким макул” […]

Видео – ИИМдин полковнигин атып өлтүргөн Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиев ИИМге 2 джип белекке берди. Кунубу?

Кечээ, 7-октябрда Алмаз Атамбаевдин бир кездеги жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткенде жайгашкан ИИМдин ички аскерлерине эки Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү джипти белек кылып берген. Эркин Мамбеталиев бул белегин чек араны кайтарган […]

«Манас» аэропортундагы 5 млн доллардын ызы-чуусу. Ага Өмүрбек Бабановдун кандай тиешеси бар?

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКдан (мамлекеттин үлүшү – 79%) оффшордук компаниялар аркылуу 5 млн доллар чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Каржы полициясы ишке тиешеси бар ысымдарды атабастан, маалымат берди. Тергөөнүн маалыматына […]

Күндүн сүрөтү – Бири-бирин паракорлукка жана мародерлукка айыптаган Өмүрбектер Бабанов менен Текебаев бүгүн жарашкандай

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектин “Консул” ресторанында депутат Руслан Казакбаев уулунун үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп жатат. Ага Москвадан Өмүрбек Бабанов да атайы келип, жаңыдан үйлөнүп жатышкан жаштарга өкүл ата болуп дайындалды. Тойго Ташкенттен […]

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Президентке эмне деген арыз-армандарын айтышты?

14-сентябрда өздөрүн 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөт деп жарыялашкан 14 төңкөрүшчү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бейформал жолугушууга чакырылган. Ал жолугушууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир […]

“Ынтымак” эс алуу багына көчөт олтургузуп жатышкан Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмнеге кайым айтыша кетишти…

14-сентябрда Бишкектеги жаңы ачылган “Ынтымак” эс алуу багына 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өздөрүн Убактылуу Өкмөт деп жарыялашкан 14 төңкөрүшчү да көчөттөрдү олтургузушкан. Ал күнү “Ынтымак” эс алуу багында Убактылуу өкмөттүн […]

Видео – Экс-депутат Ширин Айтматова Жогорку Кеңештеги ууру, коррупцияга малынган “ун өндүрүүчүлөр мафиясы” тууралу иликтөөсүн жарыялады

Бүгүн, 23-сентябрда экс-депутат Ширин Айтматова өзү негиздеп, жетектеген Үмүт2020 элдик кыймылынын атынан Жогорку Кеңештеги “ун өндүрүүчүлөр мафиясы” тууралу иликтөөсүн жарыялады. “Нан жана оюн-зоок. Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы. Үмүт2020 элдик кыймылы Жогорку […]

Видео – Анджей Жот, саякатчы: “Мен дүйнөнүн 111 өлкөсүн автостоп менен кыдырып келатам, бир күнгө $2 гана коротом”

Дүйнө кыдырып, саякаттоо ар бир адамга эле жакса керек. Биздин каарманыбыз, 35 жаштагы Анджей  дагы 16 жашынан баштап автостоп менен жер кезип, дүйнө кыдырып келет. Азыр өлкөбүзгө саякаттап келген Анджей […]

Видео – Кубан Мамбеталиев, профессор: “Азаттыктын” мурунку “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү азыр “ыңгайлуу суроолорго” айланып калды

“Азаттык” радиосу 2002-2005-жылдары аябай жакшы, үлгүлүү иштеген. Ошондо “Азаттык” журналисттер кандай иштеш керек экенин көрсөткөн. Анда бийлик журналисттердин микрофонун, видеокамерасын тартып алышып, өздөрүн тиякка-биякка сүйрөп, ал эми Аксы окуясында ок […]

Өмүрбек Текебаев: “Мен түрмөдө олтуруп Үсөн Сыдыков, Тойгонбай Калматов акелерге суктандым, алар “мамлекеттик төңкөрүш” беренеси менен олтурушту, а мен “коррупция” менен”

“Мен түрмөдө жалгыз камерада 1000 күндөй жаттым… УКМКнын жер төлөсүндө Тойгонбай Калматов менен бирге жатып калдык. Суткасына 1 саат короого чыгарат, бири-бирибизди көрбөйбүз, 4-5 метрдик дубалдын ичинде ар ким өзүнчө […]

Өмүрбек Текебаев: “Мен 30 жыл саясатта жүрүп, сиздердин турмушуңуздарда кескин радикалдуу өзгөртүү жасай алган жокмун”

“Мындан 30 жыл мурун, мен 30га чыга элек мугалим элем, биздин аталарыбыз негизинен колдоп, батасын берип мени саясатка аттандырган. Ошол 30 жылдан бери мен жеке сиздердин турмушуңуздарда кескин радикалдуу өзгөртүү […]

Курсан Асановдун 8-августта Атамбаевдин пакети менен качып кеткен шоопуру кармалды

Кечээ, 23-августта генерал Курсан Асановдун 8-августтан бери качып, таптырбай жаткан шоопуру жана жан сакчысы, милициянын сержанты Дамирбек Пайзулла уулу кармалып, Бишкек шаардык милициянын тергөө абагына камалды. Бул тууралу биздин укук […]