Шаршемби, 1 Апрель, 2020 - 21:22
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: САЯСАТ

Сабиржан Абдикаримов КРнын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин  5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул […]

Аида Исмаилова КРнын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин […]

Алмаз Токторов, депутат: “Эгерде таажывирусу болбогондо, Алтынай Өмүрбекова вице-премьерлик кызматында иштей берет эле”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Аида Исмаилованын жана КР Саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаромовдун талапкерлигин карашты. Анда депутат Алмаз Токторов көпчүлүк коалициянын жыйынында Аида Исмаилованын талапкерлигине каршы добуш бергенин […]

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрдин кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрдин кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды. Мындай чечим 1-апрелдеги парламенттик отурумдагы добуш берүүдөн кийин кабыл алынды. А.Исмаилова 2015-жылдан бери “Республика-Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты жана Социалдык […]

Мирлан Жээнчороев премьер-министрге: “Командаңыздын 95% кетти, жоопкерчиликти мойнуңузга алып, өзүңүз дагы отставкага кетиңиз”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы кызматтан алуу чечимин сынга алды. “Алтынай Өмүрбекованы кызматтан бошотууга эмне негиз болду?” – деп премьер-министрден депутат сурады. […]

Депутат Аида Исмаиловага: “Өкмөттө аял кесиптештерден сак болуңуз, алар аял кесиптештерине ор казышат”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров вице-премьер-министрликке талапкер Аида Исмаиловага өкмөттөгү аял кесиптештеринен сак болууну сунуштады. “Бизде өкмөт жөнүндө конституциялык мыйзам бар. Ал жерде аялдардын квотасы, ошондой […]

Аида Исмаилова, вице-премьер-министрликке талапкер: “Бүгүнкү сунуш күтүүсүз болду”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке депутат Аида Исмаилованын талапкерлигин карап жатат. Анда депутат Алтынбек Жунус уулу Аида Исмаилова чоң кызматка бара жатканын белгиледи. “Сиз ушул кызматта иштеп кете […]

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр жана КР саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна талапкерлерди карап жатат

Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр жана КР саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна талапкерлерди карап жатат. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты Аида Исмаилова, ал эми […]

Видео – Садык Шер-Нияз: “Бүгүн парламенттин кезексиз жыйынын кезектүү жыйынга окшотуп өткөрүп жатабыз”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Садык Шер-Нияз өкмөт өлкөдөгү абал боюнча суроолорго жооп берүүсүн айтты. “Төрага өзүңүз көрүп жатасыз, канчалаган депутаттар чыгып өкмөткө суроолорду берүүдө. Бирок өкмөт жооп […]

Аида Исмаилова вице-премьер-министр кызматына дайындалышы мүмкүн

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу  Дастан Жумабеков ЖКнын кезектеги жыйында билдирди. Анын айтымы боюнча, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматынан […]

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюмдарын жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен, өлкөдө COVID-19 коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоо максатында, ошондой эле жакшы коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу […]

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү өлкөнүн медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө жумшалат

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат.  Бул чечимди Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясын жоюуга […]

Коопсуздук кеңеши Премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушун киргизди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, мамлекеттик органдардын катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коронавирус илдетинин […]

Трамп менен Путин мунай баасын талкуулады

30-мартта Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчылар дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус […]

Өзбекстан ТИМи: Орусиядагы мекендештерди алып келүү үчүн авиакаттамдар уюштурулбайт

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядагы өзбек мигранттарын мекенине жеткирүү үчүн чартердик каттамдарды уюштурбагынын билдирди. «Социалдык түйүндөрдө Орусиядагы өзбекстандыктарды чарткердик каттам менен алып келүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат. […]

24 сааттык коменданттык саат киргизүү жөнүндө тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт – Өкмөт

Месенджерлерде «өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизилет, буга байланыштуу тез арада азык-түлүк сатып алуу керек», – деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. […]

Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам берилди

Коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында өзгөчө абал учурунда кайдыгер эмес жарандардан жана уюмдардан Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын басма […]

Фото – Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда иштеп жаткан кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасында иштеп жаткан кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты. Ал кайрымдуулук фонддорунун жетекчилерине акыркы мезгилде саламаттыкты сактоо […]

Тармактык мамлекеттик органдар тарабынан шалаакылык мамиле жасалса Ыкчам штаб катуу чараларды кабыл алат

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуда онлайн режиминде Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылдын 29-мартына карата коронавирус инфекциясын 26 киши […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизүүчү кесепеттерин азайтуу боюнча Өкмөттүн […]

Өкмөт калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн бардык резервди пайдаланат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн бардык резервди пайдаланат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун даярдалган. Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана […]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Өкмөтүнө гуманитардык жардам жана колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Эл Республикасынын Covid -19 коронавирусуна каршы күрөшүү боюнча кошкон салымына  жана күч-аракетине жогору баа берип, оор учурда берген гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Белгилей […]

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевди кабыл алды. Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна, ошондой эле өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режиминин, айрым шаарлар менен райондорго өзгөчө абал […]

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Бардык көйгөйлөр кечиктирилбестен жеринде чечилүүгө тийиш

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, ага онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын […]

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо, ошондой […]

АКШ бийлиги Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармап бергендер үчүн $15 миллион сыйлык жарыялады

АКШ бийлиги Венесуэланын лидери Николас Мадурону колго түшүрүү үчүн 15 миллион доллар сыйлык жарыялады. Бул тууралуу АКШнын Адилет министрлигинин билдирүүсүндө айтылат. Вашингтон Николас Мадуронун өзүн жана өлкөнүн жетекчилигин баңги аткезчилиги […]

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын депутаты болуп шайланды

Тажикстан республикасынын президенти Эмомали Рахмондун уулу Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу  Душанбе шаарынын администрациясынан тажикстандык “Азия плюс” басылмасына билдиришти. Маалыматка караганда, […]

Өзбекстанда иш учурунда таажывирус жуктуруп алган дарыгерлерге $10 миң төлөнөт

Өзбекстан республикасында эгер дарыгер таажывирус жуктуруп алган болсо, ага 10 миң доллар төлөнөт. Бул тууралуу кечээ, 26-мартта аталган өлкөнүн басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Өзбекстанда 75 адам вирус жуктуруп алган […]

Фото – Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын комендатурасынын иши менен таанышып, шаардагы бир катар постторду текшерип чыкты

Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын комендатурасынын иши менен таанышты. Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев комендатуранын коомдук коопсуздукту камсыздоо, киргизилген убактылуу чектөөлөр, шаардын аймагында орнотулган посттордун […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистан Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчылары эки жана […]

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине видеокайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! Бүгүн, 25-марттан баштап өлкөбүздүн айрым […]

Видео – Кыргызстан Бишкекке түрктөр жаңы курган оорукананы таажывируска каршы күрөштө пайдалануу үчүн уруксат сурап Түркияга кайрылды

-Түркия Бишкекке курган ооруканасын коронавирус менен күрөшүүгө пайдалануу үчүн Кыргызстанга белекке бериптир деп айтышууда, ушул чынбы? – деп сурады журналисттер бүгүн, 25-мартта өкмөтттүн онлайн-брифингинде Саламаттыкты сакто министрлигинин өкүлү Айнура Акматовадан. […]

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт

Бүгүн, 24-март саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат. Белгилей кетсек, 23-мартка […]

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча КР Өкмөтү тарабынан өлкөнүн бардык аймактарына 2020-жылдын 22-мартынан тарта киргизилген өзгөчө […]

Видео – Мухаммедкалый Абылгазиев, премьер-министр: “Бизде бүгүн мамлекетибизге, элибизге бир душман – бул вирус. Вирусту жеңсек…”

“Урматтуу мекендештер, бизде бүгүн бир душман, мамлекетибизге, элибизге бир душман – бул вирус. Вирусту жеңсек, а биз ишенебиз сөзсүз жеңебиз, жеңебиз биримдик менен, тартип менен жеңебиз”, – деп билдирди бүгүн, […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташтыктын учурдагы маселелери, республикалардагы коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жана анын жайылышына жол […]

Республикалык штаб: Кыргызстандыктарды түшүнүүгө жана тынчтыкка, ал эми айрым ММКларды кырдаалды курчутпоого чакырабыз

Коронавирусттук инфекциянын жайылышына байланыштуу азыр бүткүл дүйнө жүзүндө абал татаал болуп турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Биз баарыбыз жарандарыбыздын коопсуздугуна коркунуч жараткан бул олуттуу маселеге чогуу каршы турушубуз керек. […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет

Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында айтты. «Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. […]

12-апрелде өтө турган Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы, Майлуу-Суу шаардык жана 25 айылдык кеңештерге шайлоолор токтотулду

Бүгүн, 21-мартта КР Борбордук шайлоо комиссиясы 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону таажывирус пандемиясынана байланыштуу өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал боюнча калктын саламатчылыгын коргоо максатында кийинкиге жылдырууну КР Коопсуздук кеңешине сунуштаган. […]

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Жазды сүйүнчүлөгөн, боордоштук, тынчтык, бакубатчылык жана тилектештиктин символу болуп, кылымдарга созулган ортоктош […]

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Өткөн 2019-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн жемиштүү жыл болуп калды. Биз Сиздер менен эки ирет […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү […]

Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү

Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый […]

КР Коопсуздук кеңеши өлкөнүн Премьер-министрине 22-марттан баштап республика аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунуштамасын берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 21-мартта, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Кыргыз Республикасынын […]

Кыргызстан менен Ирандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнени талкуулашты?

Кечээ, 20-мартта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джавад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. […]

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Көпчүлүк С.Жээнбековду чачылганды жыйнаган, ачты тойгузган, байлыгыбызды арттырган лидер катары элдин эсинде калсын деп жатат”

– Табылды агай, кечээ Аксы окуясын эскерүү күнү болуп өттү. Алдыда 7-апрель революциясынын күнү келатат. Жыл сайын эле бул күндөргө өзгөчө маани берип, белгилеп, авторитардык режимдин курмандыктарын эскерип келатабыз, ушул […]

Усубалиевдин партияга кайра кирүү аракети

Ал кезде Компартиянын катарынан чыгып калуу ким үчүн болсо да оор соккуга жана да трагедиялуу сыноого айланмак. Ал эми чейрек кылым республика жетекчиси болуп турган адам үчүн – андан бетер! […]

Бюджет жана партиялар

Кыргызстанда коронавируска бардык чаралар формалдуу түрдө көрүлгөнү менен да, элдердин массалык түрдө топтолушу (той, жума намаз ж.б.д.у. с.) мурдагы калыпта уланып келе жаткан. Бир айдан кийин — жакында гана окуу […]

Изи сууду… иши “сууй” элек…

Бу, бетмаңдай сүйлөшүп тургандар кимдер десе, тике караган каарманыбыз «айтылуу үч тамга» Бусурманкул Табалдиев экен. Берки, бизге далысын салып турганы Алымбай Султановго окшоп турат. Алымбай мырза экс-президент Атамбаевдин кудасы эмеспи, […]