Шаршемби, 1 Апрель, 2020 - 20:10
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ВИДЕО

Видеопозитив – Таажывируска каршы карантиндик постто милиционерлер менен чоогу турган күлкүчү врач

Бүгүн, 1-апрелде милиционерлер менен чоогу таажывируска каршы айылдык карантиндик постто турган врачты милиционерлер видеотасмага тартып, тааныштырганда эмнегедир күлкүсүн тыя албай күлгөн күлкүчү врачтын тасмасы социалдык тармактарда тарады. Булак: KyrgyzToday.kg

Видео – Жанар Акаев, депутат: “Коменданттар өкмөттүк гана ММКларга пропуск беришиптир, бирок аларды эч ким окубайт да, көз карандысыз ММКларга да пропуск беришсин”

“Мен өкмөткө бир маанилүү сунуш айтып койсом деп жатам. Бүгүн биринчи кезекте түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатпайбы. Бирок өкмөт, комендант көз карандысыз массалык-маалымат каражаттарынын бирөөсүнө дагы иштегенге пропуск бербей жатат”, […]

Видео – Ошто таажывирусуна чалдыгып, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган бейтап өз алдынча дем алып калды

Таажывирусуна чалдыгып, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган бейтап өз алдынча дем алууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. […]

Видео – УКМК: “Күйөөм УКМКда иштейт” деп милиционерлерди коркуткан аял аныкталды, анын күйөөсү менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду

КР УКМК өздүк коопсуздук кызматы блокпост аркылуу өтүү аракетин көрүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жолдошум УКМКда иштейт деп коркуткан фактысы боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Окуя 2020-жылдын 31-мартында Ош шаарынын өткөрмө пунктарынын […]

Бүгүн Кыргызстанда дагы 4 адамдан таажывирусу аныкталды, жалпы саны 111ге жетти

Бүгүн, 1-апрель саат 12:00гө карата Кыргызстанда таажывирусу дагы 4 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымы […]

Видео – Ысык-Көлдө таажывирус табылып, ооруканага жаткырылган 2 жаран “бизде оорунун белгилери жок” деп видеотасма таратты

Бүгүн, 1-апрелде социалдык тармактарда өздөрүн Ысык-Көлдө таажывирус табылып, ооруканага жаткырылгандарбыз деп атагандар видеотасма таратты. “Эл-журт, биз жакшынакай элебиз, бизде оорунун эч кандай белгилери жок. Чүчкүргөн жерибиз жок, бышкыргын жерибиз жок, […]

Видео – Москвадан Кыргызстанга уча албай калган мекендештерибизге жатакана жана тамак-аштан жардам берген кыргыздар чыкты

“Мекендештер, элибиз үчүн чоң сыноо болуп турганда, биз дагы кайдыгер карабай өзүбүздүн салымыбызды салып жаткан кезибиз! Аэропорттон уча албай калган мекендештерибизди жатакана жагынан камыздоого даярбыз. Телефон чалгыла: +7 926 379-47-77”, […]

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев таажывируска каршы күрөштөгү шалаакылыктары үчүн кызматтарынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри […]

Видео – “Коё бергин, менин күйөөм УКМКда иштейт!” – деп богооздонгон жаш аял милиционерлерди коркутту

Мындай маалыматты активист Болот Ибрагимов өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. Ош шаарында атайын коюлган блок посттон аял машинасын өткөрбөй койгон милицияларды коркуткан. “Менин күйөөм УКМКда иштейт. Коё бер, мени!” – деп […]

Видео – Алмазбек Орозалиев, Бишкектин коменданты: “Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат”

“Күнүгө өзгөчө абал учурунда 100дөн кем эмес адам кармалып жатат. Бул жакшы көрсөткүч деп ойлобойм”, – деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде. Ал Бишкек […]

Видео – Түндө Бишкекте коменданттык саатты бузган 17 аял жана 102 эркек кармалган

31-марттан 1-апрелге караган түнү Бишкек шаарында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына 119 жаран жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Кармалган 119 адамдын […]

Видео – Кыргызстандагы дарыгерлер: “Биз азыр оор заманда жашап жатабыз, бизге жардам берип, үйүңүздөрдө отуруңуздар”

“Медперсоналга камкордук деген эмне? Бул үй-бүлөңөр менен үйдө отурганыңыздар. Сиздерден суранабыз, дарыканада же дүкөндө болгонуңуздарда топтолу, бири-бириңиздерге жакын турбаңыздар. Өзүңшздөргө да, бизге да жардам бериңиздер. Болгону үйдө болуңуздар. Медиктерге жардам […]

Видео – Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган жаранды милициянын кызматкерлери сабашкан

Бишкекте милиция кызматкерлери коменданттык саатты бузган адамды сабашкан. Окуянын видеотасмасы социалдык тармактарда тарады. Маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 30-мартта 22:50 чамасында болгон. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын айтымы боюнча, жаранды укук коргоо органдарынын кызматкерлери […]

Видео – Бүгүн таажывирус Ысык-Көлдөн 2 кишиден, Нарындан дагы 3 кишиден табылды, жалгыз эле Талас тынч

Бүгүн, 31-март саат 12:00гө карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Таажывирусун жаңы […]

Видео – УКМК: Соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан Аруузат Токо аныкталды

Кечээ, 30-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында «Аруузат Токо» аты менен “Фейсбук” баракчасы аркылуу аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген, КР жараны, Бишкек шаарынын тургуну Т.Ч аныкталды. […]

Видео – Өткөн суткада Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 116 эркек, 18 аял жана 3 өспүрүм кармалган

30-марттан 31-мартка караган түнү саат 20:00дөн 7:00гө чейин Бишкекте 137 тартип жаран бузгандыгы үчүн кармалды. Алар 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 31-март күнү Бишкек […]

Видео – Бир сүйүүнүн тарыхы: Адилет Айтикеев акын Камбаралы Бобуловдун жаш жубайы өз досу менен кетип калганда жазган арман ырын Америкада жаңыртты

Бүгүн, 30-мартта АКШда жашаган жаш талант Адилет Айтикеев колуна домбра алып, унутулуп бараткан бир сүйүүнүн тарыхын кайра козгоду. Анан артынан ал сүйүүгө арналган ырды (сөзү Камбаралы Бобулов, обону Чубак Сатаевдики) […]

Видео – Жалал-Абадда таажывирустан айыккан 3 бейтап үйлөрүнө чыгарылды

Бүгүн, 30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө таажывирус илдетин жуктуруп алып дарыланып жаткан 3 бейтап бүгүн ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка караганда,үйлөрүнө чыгарылган […]

Видео – Бүгүндөн тарта Таласка эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт

Бүгүн, 30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт турган болду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу […]

Видео – Москвадан чартердик рейс аркылуу учуп келген 401 жаран обсервацияга алынган

Кечээ, 29-мартта Кыргызстанга Москвадан чартердик рейс аркылуу келген 401 жаран обсервацияга алынган. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев онлайн брифингде билдирди. Анын айтымы боюнча, учуп келгендердин арасынан […]

Видео – Түндө, Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 97 эркек жана 23 аял кармалган

29-марттан 30-мартка караган түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 122 жаран кармалды, алардын ичинен 23 аял, 97 эркек, 2 өспүрүм жана 2 чет элдик жаран. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта брифингде […]

Бүгүн, 29-мартта Москвадан чартердик рейс менен 402 кыргыз жараны учуп келди

Бүгүн, 29-мартта Россиянын Москва шаарынан «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Манас» эл аралык аэропортуна 402 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралу таажывирусту жайылтпоо боюнча республикалык штабдан билдиришти. “Жүргүнчүлөр менен байланышты […]

Видео – УКМК: Сокулуктан “медициналык каражаттар жана атайын кийимдер жетишсиз” деген фейк маалыматтарды тараткан Виктория Шамрай кармалып, элден кечирим сурады

27-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында соцтармактар аркылуу “медициналык каражаттар жана атайын кийимдер жетишсиз” деген фейк маалыматтар таралгандыгы аныкталган. Такталган боюнча Чүй областынын Сокулук районунун ҮДТ директорунун орун […]

Видео – Касымбек Мамбетов: “Таажывирус табылган 84 кишинин баары ооруканада, анын ичинен 3 адам оор акыбалда, түштүктө акыбал өзгөчө болуп жатат”

“Бүгүн аныкталган 26 адамдын байланыштарын азыр биздин адистер изилдеп жатышат, байланыштарды 1-деңгээл, анан 2-деңгээл боюнча иликтеп, аларды да азыр обсервацияга жана карантинге жаткырып жатабыз. Ошол коронавирус диагнозу коюлгандардын баары азыр […]

Видео – 29-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 жаӊы адам катталды, эми алардын саны 84кө жетти

Бүгүн, 29-мартта саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 26 жаӊы адам катталды. Бул тууралу бүгүн  өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча республикалык штабдын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Алардын […]

Видео – Кыргызстан 5 күндөн бери Москвадан учалбай жаткан 387 жаранын учак менен алып кетти, мекендештер Президент Жээнбековго ыраазы

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстан 5 күндөн бери Москвадан учалбай жаткан өзүнүн 387 жаранын учак менен алып кетти. Бул тууралу Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Улан Кошматов билдирди. “Урматтуу мекендештер! Буюрса Шереметьева […]

Видео – УКМК: Токтогул районунда “коронавирус бийликтин саясий оюну” деп ушак тараткан Залкар Жумадилов кармалып, элден кечирим сурады

23-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары 1982-жылы туулган, Жалала-Абад областынын Токтогул районунун тургуну Жумадилов Залкар Темиркулович аныкталды. Бул жаран соцтармактар аркылуу коронавирус бийликтин саясий оюну деген […]

Видео – Бүгүн, 29-мартка карата Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиевдин шаардагы өзгөчө кырдаал боюнча билдирүүсү

“Коменданттык саатта, 28-марттын кечки саат 20:00дөн 29-марттын таңкы саат 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 15 аял, 104 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран […]

Видео – Нарында “Лимонти” каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү

Бүгүн, 28-мартта болжол менен саат 13:00дө Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулайманов өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы журналисттерге […]

Видео – Алтынбек Намазалиев Чүй облусунун таажывируска каршы санитардык-карантиндик жана фильтрациялык бекеттерин текшерип чыкты

Бүгүн, 28-мартта КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев таажывирустун мындан ары тарашына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чараларды көзөмөлдөө максатында ӨКМдин облустук башкармалыгынын жана облустук милициянын начальниктери […]

Видео – Кара-Сууда таажывирус жуктуруп алган жарандардын үйлөрүнө хлорду асмандан дрондор менен чачышты

Бүгүн, 28-марттан баштап Бишкектен келген, 9 кишиден турган топ Базар-Коргон районунда айылдарды асмандан хлор чачып дезинфекциялап баштады. Алгач алар Ош облусунун Кара-Суу районунда таажывирус жуктурган жарандарыбыздын үйлөрүнө хлорду асмандан чачып, […]

Видео – Касымбек Мамбетов: “Ала-Букада обсервацияда жаткан 82 жаштагы аял таажывирустан эмес, өнөкөт ооруларынан улам бүгүн түндө көз жумду”

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда 82 жаштагы улгайган аял таажывирусунан каза болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. “Ал аял […]

Видео – Касымбек Мамбетов: “Бүгүн, 28-мартта Кыргызстанда таажывирусуна чалдыккан жаңы адам катталган жок”

Бүгүн, 28-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда таажывирусуна чалдыккан адам катталган жок. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымы боюнча, таажывирусун жуктуруп […]

Видео – Новосибирскиден Кыргызстанга уча албай, калып кеткен 200 кыргыз жараны кыргыз элине, президентине кайрылуу жасашты

“Биз кыргыз жарандары Толмачево аэропортунда олтурабыз, адам көп – 200 кишибиз, анын ичинде жаш балдар, жашы өтүп калгандар жана эки кат аялдар да бар. Эч кандай шарт жок. Бул жерде […]

Видео – «Ак-Кеме» мейманканасына обсервацияга жайгаштырылгандар аларга түзүлгөн шарттар үчүн бийликке ыраазы

Чет өлкөлөрдөн учуп келишкендиктен, таажывируска байланыштуу Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасына обсервацияга жайгаштырылган жарандар аларга түзүлгөн шарттар үчүн бийликке ыраазычылыктарын билдиришүүдө. “Биз аэропортко учуп келип түшөрүбүз менен ӨКМдин кишилери келип, бизди “Ак […]

Видео – Бишкекте, түндө коменданттык саатты бузган 157 адам кармалды, анын ичинде 23 аял, 3 өспүрүм жана 5 чет өлкөлүк жаран бар

27-марттан 28-мартка караган түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 157 жаран кармалды. Бул туралуу бүгүн, 28-мартта брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Алардын ичинен 23 аял, 3 өспүрүм, 134 […]

Видео – Камакка алынган ишкер Даниэл Ажиевдин энеси Сайкал Ажиева элден баласы үчүн кечирим сурап, Президентке кайрылуу жасады

Бүгүн, 27-мартта кечээ камакка алынган ишкер Даниэл Ажиевдин энеси Сайкал Ажиева баласы үчүн элден кечирим сурап, аны абактан чыгарып берүүнү суранып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. “Сооронбай Шарипович, 7 млн […]

Видео – Өзгөчө кырдаалдан улам үйүндө олтурган депутат Алтынбек Сулайманов кызынан бий үйрөнүүдө

Бүгүн, 27-мартта өзгөчө кырдаалдан улам үйүндө олтурган депутат Алтынбек Сулайманов социалдык тармактарга “Позитив” аттуу жарым мүнөттүк видеоролик жарыялады. Анда ал кызынан заманбап бий үйрөнүп жатканын чагылдырган.

Видео – Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө Эл аралык валюта фондунан $120,9 млн алат

Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен $120,9 млн алат. Бул тууралу бүгүн, 27-мартта өкмөттүк брифингде КР Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Анын ичинен коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында […]

Видео – Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө 5 кыргызстандыктан таажывирусу аныкталып, ошол жакта ооруканаларда жатышат

Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык жарандардын арасынан 5 адамдан таажывирусу табылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымы боюнча, […]

Кыргызстанда дагы 14 адамдан таажывирус аныкталды, алардын жалпы саны 58ге жетти

Бүгүн, 27-март саат 14:00гө карата Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган дагы 14 адам катталды. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын […]

Видео – УКМК: Баткенде таажывирусу боюнча ушак маалымат тараткан “тез жардам” кызматынын кызматкери кармалып, элден кечирим сурады

23-мартта КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жараны, 1964-жылы туулга, Баткен областынын Кызыл-бел айылынын тургуну Мурзакаримова Гулнара Араповна өзү “тез жардам” кызматында иштеп туруп, Баткен […]

Видео – УКМК: Ат-Башыда ушак маалымат тараткан Эрнист Жумагулов кармалып, элден кечирим сурады

23-мартта КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жараны 1984-жылы туулган Нарын областынын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Эрнист Ишенбаевич аныкталды. Эрнист Жумагулов соцтармактар аркылуу […]

Видео – Жеңиш Жоробеков, комендант: Жалал-Абадда жана Сузак районунда бүгүн түндө 11 кылмыш катталды

26-марттан 27-мартка караган түнү, коменданттык сааттын экинчи күнүндө Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 11 кылмыш катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта брифингде комендант Жеңишбек Жоробеков билдирди. “11 кылмыштын арасынан белгилеп кетчү […]

Видео – Генерал-майордун уулу, Жогорку Кеңештин кызматкери тартип бузуп, инспекторлор менен мушташты

Кечээ, 26-марттан 27-мартка караган түнү генерал-майор Замир Молдошевдин уулу Эрнест Молдошев мас болуп алып милициялар менен мушташкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. “Укук коргоо кызматкери унаасын тартипти […]

Видео – Түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 146 адам кармалды

Түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 146 адам кармалды. Бул туралуу бүгүн, 27-мартта брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымы боюнча, кармалгандардын 133ү эркек, ал эми 13ү аял. […]

Видео – Москвадан Кыргызстанга уча албай калган кыргыздарга кыйын болду

Бүгүн, 26-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилилиги Москва шаарынын аэропортторунда авиакаттамдарды күткөн кыргызстандык жарандардын чогулуусу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында жокко чыгарылган каттамдарга билет алган жарандар менен жолугуу үчүн  Элчиликтин алдындагы Штабдын […]

Видео – UFC мушкери Рафаэль Физиев 6 млн элди сөгүп-саккан Даниэль Ажиевдин бети-башын талкалайм деп убада кылды

Бүгүн, 26-мартта UFC мушкери Рафаэль Физиев 6 млн кыргыз элин сөгүп-сагып таарынган ишкер Даниэль Ажиевдин колу-бутун сындырам деп убада кылды. Эсиңиздерге сала кетсек, 24-мартта Бишкек шаарынан ишкер Даниэль Ажиев таажывирусуна […]

Видео – УКМК: Жалган маалымат таратканы үчүн Алтынбек Имамидин уулу кармалып, элден кечирим сурады

23-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 1992-жылы Ош областынын Ноокат районунунда туулган Имамидин уулу Алымбек аныкталды. Ал соцтармакта “Сасык тумоо болуп барганды коронавирус экен деп туура эмес диагноз […]

Видео – Бишкектеги коменданттык сааттын эрежелерин бузган 195 адам кармалган, анын ичинде 14 аял жана 6 өспүрүм да бар

Түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 195 адам, анын ичинде 163 эркек, 14 аял жана 6 өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты […]