Шаршемби, 1 Апрель, 2020 - 19:44
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Мирлан Жээнчороев премьер-министрге: “Командаңыздын 95% кетти, жоопкерчиликти мойнуңузга алып, өзүңүз дагы отставкага кетиңиз”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы кызматтан алуу чечимин сынга алды. “Алтынай Өмүрбекованы кызматтан бошотууга эмне негиз болду?” – деп премьер-министрден депутат сурады. […]

Видеопозитив – Таажывируска каршы карантиндик постто милиционерлер менен чоогу турган күлкүчү врач

Бүгүн, 1-апрелде милиционерлер менен чоогу таажывируска каршы айылдык карантиндик постто турган врачты милиционерлер видеотасмага тартып, тааныштырганда эмнегедир күлкүсүн тыя албай күлгөн күлкүчү врачтын тасмасы социалдык тармактарда тарады. Булак: KyrgyzToday.kg

Видео – Мирлан Парханов: “Бишкек шаарында 500дөн 700гө чейинки  ыктыярчылар кыска мөөнөттөгү окуудан өтүштү”

Бишкек шаарында 500дөн 700гө чейинки  ыктыярчылар кыска мөөнөттөгү окуудан өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин башчысынын орун басары Мирлан Парханов билдирди. […]

Депутат Аида Исмаиловага: “Өкмөттө аял кесиптештерден сак болуңуз, алар аял кесиптештерине ор казышат”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров вице-премьер-министрликке талапкер Аида Исмаиловага өкмөттөгү аял кесиптештеринен сак болууну сунуштады. “Бизде өкмөт жөнүндө конституциялык мыйзам бар. Ал жерде аялдардын квотасы, ошондой […]

Фото – Жалал-Абадда өзгөчө абалга байланыштуу күндүзү дагы көзөмөл күчөтүлдү

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилгенине карабастан жергиликтүү тургундардын кайдыгер мамиле жасап, дагы деле болсо коомдук жайларда себепсиз жүргөндүктөрү байкалууда. Бул тууралу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча […]

Аида Исмаилова, вице-премьер-министрликке талапкер: “Бүгүнкү сунуш күтүүсүз болду”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке депутат Аида Исмаилованын талапкерлигин карап жатат. Анда депутат Алтынбек Жунус уулу Аида Исмаилова чоң кызматка бара жатканын белгиледи. “Сиз ушул кызматта иштеп кете […]

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр жана КР саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна талапкерлерди карап жатат

Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр жана КР саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна талапкерлерди карап жатат. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты Аида Исмаилова, ал эми […]

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк КР саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт”) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый […]

Орусияда акыркы сутка ичинде 440 адам таажывирус илдетин жуктурган

Орусиянын 35 аймагында бир сутка ичинде 440 адам таажывирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Орусиянын массалык маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда Орусияда таажывирус илдетин жуктургандардын жалпы саны […]

ЖКнын көпчүлүк коалициясы вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир Бол”, “Республика – Ата Журт”) социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик […]

Ализа Солтонбекова: “Республика боюнча 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө катталган”

Республика боюнча 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө катталган. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.  Анын айтымында Бишкек шаары боюнча […]

Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин сунуштады

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР Саламаттыкты сактоо министри кызматына  Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин сунуштады. “Жогорку билимдүү, илимдин доктору. Дарыгер жана саясий менеджмент адистигинин ээси. Эмгек жолун 1981-жылы санитардык […]

УКМК: Тоң районунда коронавирус табылды деп ушак тараткан Айзада Бакашова кармалып, элден кечирим сурады

Кечээ, 31-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Ысык-Көл областынын Тоң районунда туулган, 1983-жылы туулган КР жараны Бакашова Айзада Кубатовна аныкталды. Такталган боюнча А.Бакашова соцтармактар аркылуу Тоң районунда бир […]

Акылбек Жапаров: “Экономиканын колу-бутун тушап салдык, эми аны союп эле сала турган убакыт келе жатат”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралды. Анда депутат Акылбек Жапаров […]

Видео – Садык Шер-Нияз: “Бүгүн парламенттин кезексиз жыйынын кезектүү жыйынга окшотуп өткөрүп жатабыз”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Садык Шер-Нияз өкмөт өлкөдөгү абал боюнча суроолорго жооп берүүсүн айтты. “Төрага өзүңүз көрүп жатасыз, канчалаган депутаттар чыгып өкмөткө суроолорду берүүдө. Бирок өкмөт жооп […]

Видео – Жанар Акаев, депутат: “Коменданттар өкмөттүк гана ММКларга пропуск беришиптир, бирок аларды эч ким окубайт да, көз карандысыз ММКларга да пропуск беришсин”

“Мен өкмөткө бир маанилүү сунуш айтып койсом деп жатам. Бүгүн биринчи кезекте түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатпайбы. Бирок өкмөт, комендант көз карандысыз массалык-маалымат каражаттарынын бирөөсүнө дагы иштегенге пропуск бербей жатат”, […]

Ыкчам штаб: Өзгөчө абал режиминдеги талаптарды сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

Өзгөчө абал режими учурунда чектөөлөрдү сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Ал Коопсуздук кеңешинин чакан курамда өткөн жыйынында бир […]

Аида Исмаилова вице-премьер-министр кызматына дайындалышы мүмкүн

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу  Дастан Жумабеков ЖКнын кезектеги жыйында билдирди. Анын айтымы боюнча, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматынан […]

УКМК депутат Элвира Сурабалдиевага: “сөзүңүздөрдө туура, так болуңуздар” деп кеңеш берди

Бүгүн, 1-апрелде парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева: “УКМК Сокулук районунда таажывирус илдетин жуктурган адам табылды деген жигитти ушак жалган, маалымат таратты деп кечирим суратты” деп билдиргени […]

Бакыт Төрөбаев, ЖК депутаты: “Өзгөчө абалды күчөтүп, өлкө боюнча өзгөчө абал режимин киргизүү мезгили келди”

 – Карантин мезгилинде эмне менен алек болуп жатасыз?       – Биз аймактардагы калкты азык-түлүк менен камсыздоо максатында дистанттык штаб уюштурдук. Партиянын аймактардагы өкүлдөрү зарыл нерселерди аныктап жатышат. Ун өндүрүүчү ишканаларды […]

Видео – Элвира Сурабалдиева: “Сокулукта 1 адамдан таажывирусу аныкталып, 40 киши карантинде жатат, УКМК муну калп деп аша чаап кетти”

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Сокулук районунда 1 адамдан таажывирусу аныкталып, 40 адам карантинде жатканын айтып чыкты. Ал УКМКнын өкүлүнө кайрылып, маалыматты тараткан жарандарды коркутуп-үркүтүп, элден […]

Видео – Иса Өмүркулов, депутат: “Учурда пропуск боюнча маселелер жаралууда”

Депутат Иса Өмүркулов учурда пропуск боюнча маселелер жаралып жатканын бүгүн, 1-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. “Азыркы учурда пропуск боюнча бүт жерде “ажиотаж” болуп жатат. Өзгөчө баардык иштеп жаткан дарыгерлердин […]

Видео – Ошто таажывирусуна чалдыгып, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган бейтап өз алдынча дем алып калды

Таажывирусуна чалдыгып, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган бейтап өз алдынча дем алууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. […]

Видео – УКМК: “Күйөөм УКМКда иштейт” деп милиционерлерди коркуткан аял аныкталды, анын күйөөсү менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду

КР УКМК өздүк коопсуздук кызматы блокпост аркылуу өтүү аракетин көрүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жолдошум УКМКда иштейт деп коркуткан фактысы боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Окуя 2020-жылдын 31-мартында Ош шаарынын өткөрмө пунктарынын […]

Таажывирус илдетин жуктуруп алганы аныкталган 4 жарандын бири Орусиядан келген

Бүгүн таажывирус илдетин жуктуруп алганы аныкталган 4 жарандын бири Орусиядан келген. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Ал […]

Видео – Тазабек Икрамов, депутат: ” Жалал-Абаддагы дарыгерлер айлыктарын ала албай жатышат”

Депутат Тазабек Икрамов Жалал-Абаддагы дарыгерлер өзүлөрүнүн айлыктарын ала албай жатышкандарын бүгүн, 1- апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. “Бүгүнкү күндө дарыгерлер өтө жакшы иштеп жатышат. Бирок Жалал-Абад шаарында, Сузак шаарында кызмат […]

Бүгүн Кыргызстанда дагы 4 адамдан таажывирусу аныкталды, жалпы саны 111ге жетти

Бүгүн, 1-апрель саат 12:00гө карата Кыргызстанда таажывирусу дагы 4 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымы […]

Видео – Ысык-Көлдө таажывирус табылып, ооруканага жаткырылган 2 жаран “бизде оорунун белгилери жок” деп видеотасма таратты

Бүгүн, 1-апрелде социалдык тармактарда өздөрүн Ысык-Көлдө таажывирус табылып, ооруканага жаткырылгандарбыз деп атагандар видеотасма таратты. “Эл-журт, биз жакшынакай элебиз, бизде оорунун эч кандай белгилери жок. Чүчкүргөн жерибиз жок, бышкыргын жерибиз жок, […]

Видео – Москвадан Кыргызстанга уча албай калган мекендештерибизге жатакана жана тамак-аштан жардам берген кыргыздар чыкты

“Мекендештер, элибиз үчүн чоң сыноо болуп турганда, биз дагы кайдыгер карабай өзүбүздүн салымыбызды салып жаткан кезибиз! Аэропорттон уча албай калган мекендештерибизди жатакана жагынан камыздоого даярбыз. Телефон чалгыла: +7 926 379-47-77”, […]

Өзбекстанда таажывирус илдетинен 8 бейтап айыкты

Өзбекстанда таажывирус илдетинен 172 жаран жабыркап жатат. Мындай статистиканы аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 1-апрелде билдирди. Маалыматка караганда бейтаптардын көпчүлүгү Ташкенттеги илим изилдөө институтунда дарыланып жатышат. Жабыркагандардын ичинен бүгүнкү […]

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев таажывируска каршы күрөштөгү шалаакылыктары үчүн кызматтарынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри […]

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков таажывируска каршы күрөш боюнча вице-премьердин, министрдин ишин “даана саботаж” деп баалап, аларды жазалоону сунуштады

“Биздин лаборатория боюнча президенттин сын пикирин кабыл алам, чындап айтканда биз ушул жерден мүчүлүштүктөрдү кетирдик. Бүгүнкү күндө биз 17 ПЦР даярдап койдук. Алар иш алып барып жатат. Реагенттер боюнча 66 […]

Видео – Ырчы Мирбек Атабеков батиринин терезесинен жандуу үн менен ырдап, кошуналары үчүн концерт уюштурду

Кечээ, 31-мартта кыргыз эстрадасынын мега жылдызы Мирбек Атабеков кошуналарын күтүлбөгөн концерт менен таң калтырды. Таажывирусуна байланыштуу бардык маданий иш-чараларга тыюу салынып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда […]

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюмдарын жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен, өлкөдө COVID-19 коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоо максатында, ошондой эле жакшы коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу […]

Видео – “Коё бергин, менин күйөөм УКМКда иштейт!” – деп богооздонгон жаш аял милиционерлерди коркутту

Мындай маалыматты активист Болот Ибрагимов өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. Ош шаарында атайын коюлган блок посттон аял машинасын өткөрбөй койгон милицияларды коркуткан. “Менин күйөөм УКМКда иштейт. Коё бер, мени!” – деп […]

Малик Нурдинов, комендант: “Ошто коменданттык саат учурунда 2 мас айдоочу кармалды”

Ош облусунда коменданттык саат учурунда 2 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн брифингде билдирди. Анын айтымы боюнча, 31-марттан 1-апрелге […]

Шашылыш билдирүү: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Бүгүн, 1-апрелде жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол […]

Германиянын Гессен жеринин финансы министри Томас Шафер таажывирус илдети менен күрөшүүдө өзүнүн алсыздыгын түшүнүп, өз жанын кыйды

28-мартта Германиянын Гессен жеринин финансы министри Томас Шафер таажывирус илдети менен күрөшүүдө өзүнүн алсыздыгын түшүнүп, өз жанын кыйды. Бул тууралуу Германиянын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. “Кыязы, ал таажывирустун экономикалык […]

“Сокулук районунун администрациясында бир адамдан таажывирус табылды” деп жалган маалымат тараткан Бактияр Бактыбаев кармалды

Кечээ, 31-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Сокулук районунун тургуну, 1987-ж.т. КР жараны Бактыбаев Бактияр Согушпекович аныкталды. Такталган боюнча Б.Бактыбаев соцтармактар аркылуу Сокулук районунун администрациясында бир […]

Миллиардер Алишер Усманов Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлигине таажывирус менен күрөшүүгө $20 млн жардам берди

Өзбек улутундагы белгилүү миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда таажывирус менен күрөшүүгө 20 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.  Маалыматка караганда, каражат таажывирус илдетине каршы күрөшүү маалында […]

Видео – Алмазбек Орозалиев, Бишкектин коменданты: “Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат”

“Күнүгө өзгөчө абал учурунда 100дөн кем эмес адам кармалып жатат. Бул жакшы көрсөткүч деп ойлобойм”, – деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде. Ал Бишкек […]

Видео – Түндө Бишкекте коменданттык саатты бузган 17 аял жана 102 эркек кармалган

31-марттан 1-апрелге караган түнү Бишкек шаарында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына 119 жаран жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Кармалган 119 адамдын […]

Ысык-Көлдө таажывируска чалдыккан 2 адам менен таксиде чоогу кеткен 2 жаран да табылып, ооруканага жеткирилди

Ысык-Көл районунда Индияда таажывируска чалдыккан 2 адам менен таксиде чоогу кеткен 2 жаран да табылып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ыссык-Көл районунун акими Данир Иманалиев журналисттерге билдирди. Акимдин айтымында, […]

ИИМ: 1-апрелге карата коменданттык сааттын эрежесин бузган 147 жаран кармалды

1-апрелге карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап […]

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү өлкөнүн медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө жумшалат

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат.  Бул чечимди Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясын жоюуга […]

Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү долбоору башталат

Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө текшериш үчүн атайын лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу демилгени ишке ашырып жаткандар кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашат. Долбоорду Коронавирустун жайылышынын […]

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Нарындын күркүлдөрү таажывирус чыккан өз элине качан жардам беришет?”

“Дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин бири Кытайда коронавирус чыкканда биздин Нарындын байлары кытайга жардам беребиз деп чыгышты эле, эми алардын кичимекени Нарында коронавирус чыгып, эсибиз ооп жатса Нарындын күркүлдөрүнүн бири да […]

Индиядан таажывирус жуктуруп келишкен Ысык-Көлдүн 2 тургуну Бишкек менен көлдө 30дан ашык киши менен байланышта болушкан

Бүгүн, 31-мартта Ысык-Көлдүн Түп районунун 2 тургунунан таажывирус табылып, ооруканага жаткырылды.  Бул тууралу бүгүн Саламаттыкты сактооо министрлигинин таажывируска каршы күрөшүү боюнча штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов өкмөттүк брифингде билдирди. […]

Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү жетекчилери менен онлайн видеоконференция өткөрдү

Бүгүн, 31-мартта Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн видеоконференция өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма […]

Акрам Мадумаров, вице-премьер-министр: “Посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбойт, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып турат”

Оштогу соода борборлорундагы азык-түлүктүн жетиштүүлүгүн вице-премьер-министр менен мэр текшерип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда бүгүн, 31-мартта КРнын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана […]