№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Жаңы конуштагы медициналык борборлордун ижарасын бекер кылып, салыктан убактылуу бошотуу зарыл

Жаңы конуштардагы медициналык жайлар абдан начар абалда. Эгерде Саламаттык сактоо министрлиги менен шаар бийлиги жер-жерлерде сапаттуу медициналык жардам көрсөтө албаса, ал секторду жеке менчикке бериш керек”, – деген оюн билдирди “Өнүгүү-Прогресс” партиясы.

Бул маселенин бир жолу катары партиядагылар муниципалдык имараттардын эсебинен 2 жылга бекер ижара жана салыктан 1 жылга бошотуу менен жеке менчик медициналык борборлорду түзүүнү сунуштайт.

Жаңы конуштардагы медициналык борборлордун жоктугунан Бишкектин борбордук поликлиникаларын же өздөрү катталган шаардык поликлиникаларга барууга муктаж. «Мындай абал көптөгөн маселелерди жаратууда, ал жакка жаш балдар же оорукчан абалда жетүү тоскоолдуктары, жеткен соң убакыттын көпчүлүк бөлүгү кезек күтүүгө кетет. Айрым учурларда врачтардын жетишсиздиги, заманбап медициналык аппараттардын жетишсиздиги дагы көйгөй жаратат. Бул маселелер жыл өткөн сайын чегинен ашып, жаңы конуштар жана шаар бийлиги үчүн дагы залалдуу шишикке айланып барат”, – деп эскертет “Өнүгүү-Прогресс” партиясы. 

Партиянын “Натыйжа көрсөтөбүз!” платформасынын негизги пункттарынын бири шаардык калктын 20% жашаган жаңы конуштарды сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылуу. 

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *