25-майдан баштап спорт залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер ишин баштайт

25-майдан баштап  спорт залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер ишин жандантат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.

Милдеттүү шарт болуп санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо саналат.

имаратты дезинфекциялоо;

администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап жана кол кап тагынуу;

ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу;

ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү;

Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынгандар: футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол жана башкалар.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *