4 сотых жерден байыган Жюль Дервис

 Сатар ТУРСУНКУЛ уулу өз идеясы, билими менен жалпы элет эли өндүргөн азыктарын, буюм-тайымдарын бири-бирине сатууга жакшы шарт түзгөн «Чарба» телефон программасын иштеп чыкты. Бул программа жалпы элет элине тарап кетсе жашоого жеңилдик ачылып, жакшы мүмкүнчүлүк жаралат.

 -Жакшы программаны ишке ашырып жатыпсыңар. Программаңар тууралуу кененирээк токтоло кетсең?

— Качан кайда болбоюн эл турмушу, эл көйгөйү ар убак көкүрөктө. Кандайдыр бир деңгээлде элиме жардам бергим келет. Элет жерлеринде жүрүп өз азыктарын сата албай жаткан эл көйгөйлөрүнө күбө болдум. Региондордо экологиялык жактан таптаза эң жогорку сапаттагы азыктар чыгат. Колунан көөрү төгүлгөн уз апаларыбыздын муундан муунга калган кол өнөрчүлүктөрүнөн көз жоосун алган сонун шырдак, ала кийиздер  жаралат. Жүндөн сапаттуу, ар кандай  кийимдер, сувенирлер жасалат. Өндүргөнүн өндүрүшөт.  Бирок сата келгенде көйгөй башталат. Элет элинин ансыз да түйшүгү көп. Жер айдашат. Себишет.  Жайды жайлата маңдай терлерин төгүп иштешет. Анан түшүм жыйнаган соң азыкты сатуу көйгөйү жаралат. Алар эми жарыялар менен иштеген адамдар эмес. Маркетингдин негизинде өз азыктарын сыртка алып чыгууга убакыт, каражат, кээ бир учурда атайын билим алууну талап кылат. Ага көпчүлүктүн албетте шарты болбойт.

Учурда интернет аябай өнүккөн заман. Алыскы айыл жериндегилер ошондой кысталышта турганда «Чарба» программасынын көмөгү зор болот. Айыл аралап жүрүп, товар алып иштегендер кантип иштеп жатканын байкасам илгеркидей эле автоунаасы менен көчө аралап жүрөт.

Элестетсеңиз, бирөө продукцияга зар болуп жетпей жатат. А аркы кошуна көчөдө эле бирөө ошол продукциясын саталбай жатат. Же машинасын жалдап убактысын, каражатын кетирип ал азыкты издешет. Эгерде ал жашаган район бул  программага катталып койсо, ал керектүү нерсесин жанынан эле таап алат. Үнөмдөлгөн каражатты кайра эле продукцияны жогорураак баада алганга мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Элет жериндегилерге эмнеси пайдалуу? Алар азыр биринчи эле чыккан баага берип салышат. Чарба аркылуу болсо 3,4 кардар чыкса анын кимиси жогорураак баа сунуштаса ошого беришет. Элет элинин азык сатуусун салыштырсак азыркы абалдары автоунаага отурбай эле  ат араба менен жүргөндөй элес берет. Биздин программа аймактардагы коммерциялык байланыштарды түзүүгө жардам берип, алардын санын жана сапатын жогорулатат.

Телефон менен интернетке чыккан жарнаманын бир өзгөчүлүгү – ал маалымат бир нече күн же жумадан кийин деле оңой изделип табылат.

-Чарба программасын  чет өлкөлүк жердештерибиз да пайдалана алабы?

— Көрө алышат. Бирок өздөрү жарыяларын жүктөй алышпайт. Биз азырынча кыргызчасын киргиздик. Бир-эки жума аралыгында орус тилинде да жарыялана баштайт. Бул жерде биздин артыкчылыгыбыз орус тилинде жарыяны караган күндө да кыргызчасы кошо көрсөтүлөт.

— Азыр жаңы гана канат сермеген программа экен, материалдык абалыңар кандай болуп жатат?

— Жаңы нерселерди негизи чет жактан көрүп келебиз. Биздин элибиздин жашоосунда да ушундай жеңилдик болсо деген кыялдануу болот. Бир кыялым буйруса акырындап ишке ашып келет. Программабыздын ачылганына саналуу эле күндөр болгонуна карабай бир нече жүздөгөн адамдар катталды. Элибиз үчүн жарыясын жарыялоо дайыма эле акысыз болот. Жана алар үчүн товарларын сатууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Азырынча болушунча өз билимибизди салып жатабыз. Кудайга шүгүр, жакын адамдарым колдоо көрсөтүп келет. Бара-бара инвесторлор жана көмөк көрсөтүүчү спонсорлор чыгарына ишенем.

Дагы бир кошумчалай турган нерсе, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да “Чарба” системасынын аймак экономикасынын экспорттук потенциалын көтөрүүгө салым кошоорун билишип айыл, шаар аралай тааныштыруу жана колдонууну үйрөтүүчү семинарларды өткөзгөнгө жардам берер деген үмүттөбүз.

Өлкөбүздө 2000ге чукул кооз кыштак, шаарларыбыз бар

Жаңы технологиялар жашообуздун талабы болгондуктан, дүйнө тез өзгөрүүдө. Аны менен бирге Кыргызстан да алга кадам таштап жатат.

Кайсы улут технологияларды колдонуп, өркүндөтүп, өздөштүрүп кетсе — демек артта калбай, атаандашып астыга жылат.

Кыргызстан бул бир гана Бишкек же Ош сыяктуу ири шаардан эмес, мындан тышкары 1905 кооз айыл, шаар жана кыштактар да камтылган. Баары биригип 1907ни түзөт. Жергебизде таланттуу чебер, ишмер, багбан, дыйкан  өндүрүшчү ишкерлерибиз арбын.

«ЧАРБА» телефон программасы ар бир жерде жашаган инсанга өзү каалаган продукциясын сунуштап же тескерисинче караштырганга эң ыңгайлуу аспап.

— Бир нече секунд ичинде сиздер айыл же шаар, же район боюнча издеген продукцияңызды оңой таап аласыз.

— Эки минутанын ичинде сиз калайык калкка өзүңүздүн чыгарган, сатыкка койгон буюмуңузду чыгарып, жар салсаңыз болот.

  Жардамыбызды кантип көргөзө алабыз?
1. Сөзсүз телефондоруңуздарга жүктөп, регистрациядан өтүп коюңуздар. Жакындарыңыздарга реалдуу иштешин тааныштыра аласыздар.
2. Кимдир бирөө бир нерсесин сатып, жарыялап жатса Сиздер ЧАРБАга кирип өз телефонуңуздан жарнаманы киргизип койсоңуз болот (анын телефонун, жашаган жерин көрсөтүп).
«Чарбаны» кантип  жүктөп алса болот?чарба кг

  • Play Marketти ачасыздар
    2) «чарба» деп жазасыздар
    3) тандап туруп «установить» деген кнопканы басасыздар.

   

 

 4 сотых жерден байыган Жюль Дервис

чарба 2Биздин өлкөнүн жери кенен. Айылдарда ар бир үйдө 15-20 сотых жер чалкып жатат. Бирок ал жерлердин жарымын отоо чөп басса, жарымынан кичине түшүм алган болобуз. Чет өлкөлүк  бул чарба адамынын иши балким замандаштарыбызга сабак болоор деген ниеттебиз.

Калифорниядагы анча чоң эмес органикалык, башкача айтканда, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди өндүргөн Urban Homestead фирмасынын болгону 4 сотых жери бар жана анда болгону бир үй-бүлө башчысы атасы жана анын үч баласы иштешет. Алар өздөрүн гана эмес, жергиликтүү мекемелерди дагы камсыздап жатат.
«Мен шаарда эмне кылышты билбей жүргөндүн ордуна  эми болгон шаарды өзүмө караттым»дейт чарба башчысы Жюль Дервис.

Анын чарбасында жемиштин, жашылчалардын, тамакка кошчу чөптөрдүн 400 сорту өстүрүлөт жана алардын жалпы саны жыл сайын 3 тоннага жакын болот. Короонун артындагы сарайда 8 тоок, 4 өрдөк жана 2 эчки багышат, алар үй-бүлөнү жумуртка жана сүт менен камсыз кылат. Жакын жердеги ресторандардын ашпозчулары жаңы үзүлгөн жашылча-жемиштерди алыш үчүн баары бул жерге келишет.»Биз ишти баштаган кезде, эл бизди келесоо деп ойлошкон. Бул жерде дегеле жер иштетүүгө орун жок. Адегенде биз өзүбүздү бага алабызбы деп тынчсызданганбыз, эч качан ашыкча азыкты сатабыз деп да ойлогон эмеспиз» деп мойнуна алды Жюль. Ал ата катары биринчи кезекте балдары үчүн сапаттуу тамакты кантип камсыз кылам деген ой түйшөлткөнүн айтат. Ал балдары үчүн ГМОсу жок жана консервант кошулбаган органикалык азыктарды өстүргүсү келген.
Үйүнүн чатырына Жюль күн батареяларын койгон, бул өзүнүн чарбасын электр энергиясы менен камсыз кылууга кенен жарайт.  Чатырдагы панелдер электр наркын болгону 12 доллар гана төлөгөнгө мүмкүндүк түздү. Алардын унаасы биодизель отун менен жүрөт. Бул күйүүчү майды өсүмдүктөрдүн калдыгынан жасашат. Мындай жол менен аталган чарба толук бойдон автономдуу болуп алган.
Байыйм, жакшы жашайм деген адам жерден да мээнет таап, бардык нерсени үнөмдөгөндү  үйрөнөт дейт Жюль.

 Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *