Айбийке менен Исфана таза суу көйгөйүнөн арылды

Ошентип, Лейлек районунун Айбике айылында жашаган 4000гө чукул калк  ичилүүчү таза суу менен камсыз этилди. Айылга таза суу жеткирүү максатында тээ жайлоодогу Ак-Тайлак булагынан айылга чейин 9100 метр таза суу түтүгү тартылды. Муну үчүн “Ас-Сафа” борбору коомдук бирикмеси 1 миллион 645 миң сом, а Лейлек райондук өнүктүрүү фонду 500 миң сом, Тогуз-Булак айыл өкмөтү 320 миң сом, Айбике айылынын тургундары 557 миң сом коротту. Таза суу чыгарууга жалпы жонунан 3 миллион 22 миң сом каражат сарпталды.

Буга улай Исфана шаарында 1998-жылдан бери иштебей турган таза суу кууру дагы толук бойдон жаңыланды. Таза суу куурун иштетүү үчүн 1 чакырым жерге электр линиясы тартылып, жаңы насос орнотулду. Натыйжада Исфана шаарынын 1-жана 2-кичи райондорунун 10 миңден ашуун калкы таза суу менен толук камсыз этилди. Курулушка 600 миң сом каражат жумшалды. Ошондой эле Көк-Таш айылында жаңы фельдшердик-акушердик бекет (ФАП) курулуп, урунууга тапшырылды. Мунун жалпы сметалык наркы 8 миллион  сомду чапчыды. Бул саламаттыкты сактоо мекемеси дагы Ас-Сафа борбору коомдук бирикмеси тарабынан курулду.

Ушул тапта аталган ФАПта медициналык кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Заманбап тиш оорусун дарылоочу жабдуулар дагы орнотулду. Буга керектүү зарыл эмеректер менен да камсыз этилди. А Көк-Таш айылында 3000гө чукул калк жансактайт.

– Араб мамлекеттери Кыргызстанда мечит-медереселерди гана курууга эле эмес, билим берүү жаатына жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө дагы көмөктөшүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Мындай туруктуу колдоолор Кыргыз-Араб мамлекеттеринин ортосундагы жылуу мамиленин, өз ара тыгыз кызматташуунун  гана үзүрү, – деди социалдык обьектилердин ачылуу аземине катышкан Икрамжан Илмиянов.

 

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *