“Акиф” фирмасын тартып алуу аракеттери жана судья Боромбаевдин мыйзамсыз чечими

Кыргызстанда ишкерлик кылууга 100 пайыз кепилдик берү али эрте экени ар кандай кылмыш жана соттук иштерден ачыктан-ачык байкалып калууда. Буга келтирчү мисалдар абдан эле арбын. Маселен, “АКИФ” ЖЧКсын рейдерлик жол менен тартып алуу боюнча аракеттер тууралуу маалыматтар ЖМКларга чагылдырылып келет. Ошондой эле укук коргоо органдарынын ал 100 пайыз кылмыштык иш боюнча чара көрүунун ордуна кайдыгерлик кылып, өз милдетин так аткарбай жатканы тууралуу да маалыматтар чыккан. Окурмандарга тушүнүктүү болуш үчүн окуянын чоо-жайына кыскача кайрылалы.

Жалган жалаа

2016-жылдын мартында И.Майсызов Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына С.Фищенко кыргыз-орус компаниясы “АКИФтен” (Ош базарында эт сатуучу павильонго ж.б. мүлктөргө ээлик кылат )2013-жылдын августунда 2,5 млн. доллар жана декабрда дагы 700 миң доллар накталай алган деген арыз менен кайрылган. Көп өтпөй ЭККМК кызматы ал арызга таянуу менен кылмыш ишин козгогон. Кийин иликтөөнүн натыйжасында бул иштен И.Майсызовдун өзүнө жана шериктештери Б.Абдыкаровго, Ф.Аблямитовага жана башкаларга карата документтерди жасалмалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, салыктарды төлөбөө жана алдамчылык боюнча кылмыш иштери бөлүнүп алынган. Чынында Майсызов Фищенкодон эч кандай акча алган эмес. Тергөөдө берген көрсөтмөсү да такыр туура эмес болуп чыккан.

Ал иштердин фигуранттарына карата айыптар тагылып, камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, И.Майсызовдун ишин караган Биринчи Май райондук сотунун судьясы М.Термечиков 2018-жылдын декабрь айында атайын токтом менен ага кошумча бир катар, анын ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык жана С.Фищенкого жалаа жабуу сыяктуу айыптоолорду коюу чечимине келген.

Бир сөз менен айтканда, сот иш боюнча далилдерди изилдеп көрүп, 2013-жылы С.Фищенко тарабынан эч кандай уурдоо болбогондугун тастыктап чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугунан улам эки жолу кыскартылган. Биринчи токтомду И.Майсызовдун арызы боюнча 2017-жылдын 25-апрелинде ЭКККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү З.Оморбеков, экинчи жолу — ушундай эле негизде кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтомду финполициянын тергөөчүсү А.Мамбетов ушундай эле токтомду 2018-жылдын 22-июлунда чыгарган. Ошондой эле бул иш Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.Боромбаев тарабынан каралып,22-августта сот тарабынан да тастыкталып, бекитилген. Ал чечим кийинки соттук инстанцияларда даттанылбаган. Ошентип, ойдон чыгарылган жалаа мыйзамдуу жол менен четке кагылып, акыйкаттык жеңди деп турган кезде, сот Боромбаевдин акылга сыйбаган дагы бир чечими чыгып калбаспы.

Сот аке менен тергөөчүнүн “тентек” иши…

Жогоруда айтылгандай кезегинде судья А.Боромбаев өз чечиминде С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жоктугун тастыктаганы менен, ушул жылдын 30-январында аны камакка алуу жана камакка алуу мөөнөтүн узартуу токтомун чыгарган. Мына кызык. Боромбаевдин Фищенконун аракеттеринде кылмыштын курамы жок дейт да кайра, аны камакка алуу чечимин чыгарып жатканы кайсы акылга сыят?

Ал ортодо иш боюнча финполдун бир нече тергөөчүсү алмашып отуруп, аягында ал тергөөчү А.Сабировго тапшырылды. Ал 2016-жылы эч кандай “АКИФти” рейдерлик тартып алуу болгон эмес, тескерисинче, фирманын катышуучулары тарабынан Росинбанкка карата алдамчылык болгон деген тыянакка келген. Бирок, өз токтомунда А.Сабиров кылмыштуу аракет конкреттүү эмнеден көрүнгөнү тууралуу көрсөтпөйт, жөн эле “кылмыш жасоого шектелүү” деп койгон. Жабырлануучулар К.Куватбековдун, К.Бозбаеванын, С.Фищенконун жактоочулары финполдун тергөөчүсү А.Сабировдун бир жактуу аракеттеринен улам аны тергөөдөн четтетүү жөнүндө ЭККМКнын тергөө башкармалыгынын начальниги Э.Айылчиевге арыз жазганы менен, өзгөрүүсүз калды.

Кредитти төлөбөй коюга ниеттенген деп…

2016-жылы декабрда рейдерлер сүрүлүп чыгарылгандан кийин да фирма тарабынан төлөнүү менен 2017-жылы карызды “Альфа-Бестке” чегинүүгө чейин банкка кредит боюнча дагы 300 миң доллар төлөнгөн. Ошентип 3 миллион доллар кредит берген банк кайра “АКИФтен” 1,5 млн. доллар жана талап кылуу укугун чегинүү келишими боюнча дагы 2,350 млн., жалпысынан 3,850 млн. доллар алып жатат! Ошондо банкка эч кандай зыян келген эмес. Тергөөчү болсо, Фищенкону банкка зыяны кылууга “ниеттенген” деп айыптаганы да кызык. Чынында иш жүзүндө ал айыптап жаткан адамдар 3 млн. доллар кредит үчүн банкка 6 млн. долларлык мүлктөрүн коюшуп, 27 ай аралыгында кредит боюнча жалпысынан 1,2 млн. доллар суммада төлөмдөрдү төлөшүп турган. Анан дагы 9 ай фирманы рейдерлер басып алып турганда кредит боюнча төлөмдөрдү төлөөгө  аракеттенишип, ишканага көзөмөлдү өз колдоруна алышкандан кийин дагы 300 миң доллар төлөшкөн. А банк болсо кредиттин калганы боюнча талап кылуу укугун тигил рейдерлер сатып жиберип жатпайбы!

Ушул тапта Россиянын жараны, ишкер С. Фищенко ушул жылдын 30-январынан бери жөн жерден камакта олтурат. Деги кайсы мыйзамда бар экен, “кредитин төлөбөй коюга ниеттенген” деген айып менен адамды камап салган.

Ачкачылык жана соттогу алгачкы жеңиш

Айласы кеткен, акыйкаттыкты талап кылган Фищенко 16-апрелден бери № 1 СИЗОдо ачкачылык кармап жатыптыр.

Баса, жакында Жогорку сотто “АКИФ” фирмасына байланыштуу сот иши болуп өттү. Анда Фищенконун мүлкүнө кызыккан Козукеев деген жаран “АКИФ” фирмасын банкрот деп табууну өтүнгөн. Жогорку сот Козукеевдин максатын четке кагып, аталган фирманын пайдасына чечим чыгарып берди. Көрсө акыйкаттык да аз-аз болсо да бар окшобойбу. Эгер сот иши Козукеевдин пайдасына чечилгенде, балким ал “АКИФ” фирмасын алып алуу ниеттинде болот беле… Бул жагы да өзүнчө бир чоң кеп.

Акыйкат Арстанбеков

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *