Ала-Тоонун каакымы дүйнөдөгү экологияны сактайт

«Wall Street Journal» басылмасы Нидерланд университетинин каакымга байланыштуу Евробиримдик каржылаган илимий долбоору тууралуу кызыктуу макала жарыялады. Окумуштуулар Түштүк-Чыгыш Азияда өскөн каакымдын  тамыры каучук же желимдин ордун баса аларын аныкташкан. Каучуктун ордуна каакымдын тамырынан жасалган жаңы желимдин түрүн колдонсо болот. Бирок АКШ же Европада өскөн каакымдардан желим материал жасоо мүмкүн эмес. Кыргызстандын жана Казакстандын гана каакымдарынан желим чыгарын Чехиянын Илимдер академиясынын адиси Ян Киршнер аныктады. АКШдагы Огайо университетинин агроному Жон Кардина каакымдын уругун Ала-Тоодон башка жакка сээп, массалык түрдө көбөйтүү керек экенин билдирди.

Батышта каакымды азыркыга чейин отоо чөп катары көрүп, аны жок кылууга бир топ аракеттер жумшалып келген. Эми Батыш окумуштуулары Ала-Тоонун каакымын көбөйтүүнүн жолун издөөдө.

(Борбордук Азия кабарларынан)

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *