Азимбек Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын жетекчиси: “Турганбаев Конгантиевдин, 2005-жылдагы министрлердин кейпин кийбейм десе элге курал кезебеши керек”

 
Революциянын булдёозору атыккан Азимбек Бекназаров менен 14 жылдан бери аягына чыкпаган Аксы окуясы, эки революция,  оппозиция жана президенттин катачылыктары тууралуу сүйлөштүк.
-Азимбек мырза, бийликтин өз элине аткан огунан каза болгондорго башкача айтканда,  Аксы окуясына быйыл 14 жыл болуптур. Аксы окуясы деген сөздү укканда эң биринчи эсиңизге эмне келет?
-Аксы окуясы деген сөздү укканда  эң биринчи бийликтегилердин  кордугун көрүп,  колу сынып  эл менен кошо камалып, азап чеккен апам менен кайненем келет.  Ошондой эле бийликтин канкорлугунан коркпой чындык үчүн күрөшкөн Ош, Бишкекке  жөө жүрүш кылган миңдеген шайлоочуларым көз алдыма тартылат. Бир да мыйзам бузбай жөө жүрүш жасап, Бишкекке келгенде милициялар жолун тосуп киргизбештин аракетин көргөндө  жолго жабыла  намаз окуп жиберген тайманбаган  аксакалдар эсиме түшөт. ИБСте камакта жатканымда да  мени коргоп, Үзөнгү Кууштун сатылышына нааразы болуп, “Акаев кетсин, Акаевге өлүм” деп кыйкырган элим эсиме келет. Эл менен кошо ур-тепкиде калса да окуяны элге жеткирген кесипкөй чыгаан журналисттер да көз алдыма келет.   Ошондой эле 2002-жылы Аксы окуясында каза болгондорго эстелик койдурганда   20 миң кишинин катарында өкүрүп келген Дооронбек Садырбаев эске келет.  30-40 жаштагы жарынан айрылган жесирлердин ыйы, маркумдардын атасы-энеси, бала чакасынын боздогон үнү, бийликти каргаганы кулагыма жаңырат. Баласынан айрылган энелер  Парламентке чейин келип,  “силерден эч нерсе сурабайм. Болгону, баламды аткан адамдарды жазалап бергилечи” деп суранганы, көз алдыма тартылат. Кыскасы, Аксы окуясы дегенде бийликтин огунан коркпогон эр жүрөк аксылыктар эсиме келет.  Ошон үчүн кыргыз коомчулугу аксылыктар баатыр эл, коконду бекеринен чаппаган экен деп баа берип жүрүшөт.
Аксы окуясы дегенде  элди күчкө салып басууга аракет кылган  омондор, Осмонакун жана  телевизордон түшпөй Аксылыктарды  жамандап,  Президенттин үй –бүлөсүнө  кошомат кылган Сегизбаевдер  куду бүгүнкүдөй көз алдыма тартылат.
Өкүнүчтүүсү, Акаевдин убагында дежур болгон Сегизбаев, Осмонакундар азыр деле баягы эле ырын ырдап, Аксы окуясына  күнөөкөр Бекназаров, Бекназаров аягына чыгарбай койду деп жатат. Чынында  Бакназаров Аксы окуясын  аягына  чыгарам деп  Бакиевди сурак кылам деген үчүн кызматынан кеткем.  Кыскасы, ошондогу  дүжүрлөр  азыр деле дүжүрлүк кызматын аркалап жатышат. Коомубуз дүжүрлөрдөн, бийликтин кылычын чапкандардан арыла албай койду.
-2005-жылдагы революциянын башаты болгон Аксы окуясына тарыхый, укуктук, саясый баа берилдиби? Ошол кездеги бийлик катачылыгын мойнуна алдыбы?
-2 революциядан кийин кичине болсо дагы моралдык, юридикалык, саясый баа 50-60 пайыз болсо да  берилди. Акаев өткөн жылы “Жаңы Ордо” гезитине интервью берип, Аксы окуясы боюнча да оюн айтыптыр.  Биз анын айткандарын Абышкаев менен Жанузаковдун сотунда пайдаландык. Ал эми мамлекеттик, парламенттик, коомдук саясый үч комиссия өз убагында өз тыянагын чыгарышган. Бардык жерде элдин күнөөсү жок. Бийликтин катачылыгы деп моралдык, саясый баа берилген. Ал эми юридикалык жактан саналуу гана адамдар жоопкерчиликке  тартылды. Аксы окуясына 10 жылдан ашык убакыт өтүп кеткенине байланыштуу көпчүлүгүнө мөөнөтү өтүп кетти деген таризде  айрымдардын кылмыш иши кыскартылды.  Карыпкулов өтүп кетти. Кудайбергенов эки жолу эки  эпизод менен соттолду. Жанузаков менен Абышкаевдин соту 24үндө болот. Тайфун операциясынын ишке ашыргыла деп буйрук берген Курманбек Бакиевге соттун чечими чыга элек. Аскер соту канча жыл берет, кандай чечим чыгарары белгисиз. Чынын айтыш керек сот болуп, чечим чыкканы менен  элдин көксөөсү сууй турган чечим чыккан жок.
Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхында кандай бурулуш жасады?
-Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхында тарыхый бурулуш жасады. Көзүн май басып калган бийликке эч нерседен тайманбаган эл бар экенин эскертти. Бийликке каршы күрөшсө болоорун Аксылыктар көрсөттү. Шералы Назаркулов саясый өлүмгө барды. Бир топ укук коргоочулар камалып кете жаздашты.  Кыскасы, Акаевдин режими элдин, аксылыктардын  каршылыгынын алдында сынды.  Акаевдин жолу менен кеткен Бакиевди эл алты эле жылда кууду.
-Бирок, бийлик Аксы окуясынан сабак алдыбы?
-Аксы окуясынан сабак албаганынан Акаев, Бакиев кетти. Аксы окуясынан сабак албаганынан азыр Атамбаевдин режимине эл каршы чыгып жатат. Ушуга окшогон жагдайды жолго салып, маселени чечели. Кырдаалды кыйындатпайлы деген максатта Атамбаевди баш кылып 24-мартта Ошто өтүүчү Элдик Курултайга чакырып жатабыз.
-Башкы прокурорлук кызматты аркалаганыңызда Аксы окуясын аягына чыгарууга шарт түзүлдү беле?
-Абетте, шарт түздү. Ошон үчүн үч кылмыш иштин 30-40 пайызын тергедим. Болгону, сурак Бакиевге жеткенден кийин Бакиев мени кызматынан алып салды. Агына чыгартпай койду. Үч кылмыш иш тең 7-апрелде Башкы прокуратурада өрттөлүп кетти. Бирок, ага карабай көбүн калыбына келтирдик. Бакиев эми ошол боюнча соттолот. Абышкаев, Жанузаковдордун иши 6 жылдан бери аягына чыга элек. Анткени, азыркы бийлик аксы окуясындагы иштерди, 7-апрелдеги сотту Бакиевдин убагындагыдай  аягына чыгарбай 7- апрель боюнча өкүм чыкпай жатат.
Эмне үчүн митинг, пикеттерде  ар дайым Аксы окуясында колдонулган ыкмалар колдонулат. Элдерди эмне үчүн ит менен ат менен кубалашат?
-Бийлик Аксы окуясынан сабак албаганы үчүн, бийликке келер менен көздөрүн май басып калды.  Кечээги күндү эстеринен чыгарган үчүн Аксы окуясындагы ыкмалар колдонулат. Ошон үчүн  бир беткей караламай, көө шыбамай, кара пиар, күчкө салып коркутуу орун алды. Азыркы милийсанын башчысы Турганбаев Конгантиевдин, 2005-жылдагы министрлердин кейпин кийбейм десе элге курал кезебеши керек. Анткени, 24-март революциясындагы революциянын башаты, локомотиви  Аксы окуясы болгон.
-Эки жолу революция болду. Бирок, мамлекет андан эмне пайда тапты? Баам салып караган кишиге революциянын шарапаты менен бир ууч гана саясатчы кызматка келгендей таасир калтырат го?
-Мамлекет эч нерсе тапкан жок. Ошон үчүн мамлекет үчүнчү революцияны көтөрө албайт деген туура кептер айтылып жатат. Бирок, экономикабыз алсызданып кетпегенин  айтпаганда революциядан элибиз утту.  Өзбекстан, Казакстандын элине караганда биздин эл саясый укугун билип калды.  Атамбаев кетсин деп кайда болбосун ачык айта алат. Назарбаев, Каримов кетсин деп эч жерде айта алышпайт. Керек болсо, Путин кетсин деп Москвада айталбайт. Кыскасы, саясый укук, саясый эркиндикке жетиш үчүн революция Кыргызстанга чоң салымын кошту. Биздин элибиз баатырдыгы жана саясый аң сезими өөрчүгөнү жагынан  Орто Азия эле эмес, мурдагы СССРдин аймагында жашаган элдерден  алда канча өнүгүп кетти. Бийлик кичине мыйзамдуулукту орнотсо эле, экономикалык-социалдык маселелер чечилип,  кыйынчылыктар жоюлуп, элдин турмушу ордуна келип калат.
Аналитиктер да, серепчилер да 2010-жылкы революцияны 2005- жылкы революциянын уландысы  катары баалашат. Эмне үчүн революциянын максат-тилектери ишке ашпай калат?
-2005-жылкы, 2010-жылкы революция эмес. Алдыда боло турган иштер дагы мурдагы эки революциянын уландысы катары каралат. Анткени, мурдагы эки революция кан төгүлсө дагы максатына жеткен жок. Атамбаев революциянын максаттарын, идеясын сатып кетти. Революциядан кийин такка отурган Атамбаевди Акаевдин, Бакиевдин убагында жүргөн адамдар адатынча курчап ала койду. Анткени, алар президентке жакканды, алардын колтугуна кантип киргенди мыкты өздөштүрүшкөн.  Шайлоого да материалдык жактан жардам бергенди жакшы билишет. Ошон үчүн революция жасап, оор күндөрдү чогуу жүргөндөр  четте калып, катыра  кошомат кылгандар колдоого алынып кетти. Анын үстүнө революционерлер президентке кошомат кылып, кабак кашын карабай тең ата сүйлөшүп, катачылыгын  бетине айтты. Президенттик такка отургандан кийин Атамбаев ачуу сындарды сүйбөй, жанагы катуунун асты, жумшактын үстү менен баскан кошоматчыларга ыктай баштады. Баягы эле өзүм билемдикке өтүп, авторитаризмге кантип кирип кеткенин байкабай калды. Атамбаевдин да, Бакиевдин да кемчилиги ошол болду. Бакиев балдарына, инилерине ишенсе, Атамбаев эски шопур менен мурдагы катчы секретарларына жана жан сакчысына  ишенди. Атамбаевге  каршы чыккандар мурдагы бийликтегидей эле эл душманына айланды.
-Эки революция тең өз максатына жетпей калганы үчүн кыргыз саясатындагы бийликке ичи жылыбагандар  биригип,  мамлекеттин багытын өзгөртүүгө аракет кылып жаткандары чынбы?
-Чын. Бирок, биригип таасирдүү бирикме түзөлү деп жаткан топ бийликти алыш үчүн эмес, алгач  жан дүйнөгө революция кылалы, өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы деп жатабыз. Алдыга койгон максаттарыбыз ишке ашканга чейин коллективдүү жоопкерчилик болсун. Бир адамга жүктөсөк  авторитардык режим орнотуп албасын деп  коллективдүү жоопкерчиликке ыктап  жатабыз. Өкмөт парламентке эле отчёт бербей үч ай сайын  эл алдына чыгып, Элдик Курултайда отчёт бере турган кылалы деп жатабыз. Эң башкысы, ар ким мыйзамдагы гана иши менен алек болот.  Азыркы президенттей болуп, конституциядагы жок нерсени түзүп алып, элдин башын айлантышына  жол бербейбиз. АКСти түзүп алып, президент 1937-жылкы репрессиядай кылып, террор кылып, подстава менен кармап, ал турсун өлтүрүп да жатышат. Мыйзамга каршы нерселерге жол бербейли деген максатта коллегиялуу бийлик орнотконго, жеңишке радикалдуу жол менен эмес, тынчтык жолу менен жеткенге аракеттенип жатабыз.
-Ошол эле мезгилде араңарда радикалдуу жол менен бийликти басып алууну көздөгөндөр да  бар экен го?
-Радикалдар, регионалистер  өздөрүнчө кетип жатат. Биз митинг пикеттен мурун элдик Курултай кылып, Атамбаевди да чакырып,Таластын, Нарындын эли чыгып жатканынын себебин билип, ал маселени чечүүгө  мөөнөт берели деп жатабыз. Курултайда  элдин маселесин чечүүнүн жолун издейбиз. Эгер Атамбаев ага да макул болбосо  анда, ошол талабыбыз аткарылыш  үчүн конституциялык укугубузду пайдаланып, мыйзамдын алкагында  конституциялык ыкмалардын баарын колдонуп,  күрөшкө  чыгабыз.
-Сиз антип айтканыңыз менен Атамбаев оппозиция элди ойлобойт. Алар эл бузарлар деди го?
-2005-2010-жылдары Атамбаев менин жанымда жүргөндө дагы Акаев менен Бакиевдер экөөбүзгө  мындан да жаман сөздөрдү айтчу. Ошол эле  сөздү Атамбаев кайталап жатат. Ошон үчүн бул сөз мага жаңылык эмес. Айтылып эле жүргөн, угуп көнгөн сөз.
Анткени, Атамбаев экөөбүзгө эл бузар дегенден да жаман сөздөрдү айтчу. Айтайын дегеним, булар арак ичип мас болуп жүрөт деп, сүрөттөрүбүздөн бери гезитке чыгарышкан. Аны Атамбаев жакшы билет. Ушул кантип президент болсун деп, Атамбаевдин азыркы айтып жаткан сөзүн Акаев, Бакиев да айткан.
-Жаз келип, оппозициялык топтор жанданганы менен Кыргызстанга өз саясатын жүргүзүүгө, бийлик алмаштырууга   кызыкдар  мамлекеттер жок деп жатышат го?
-Ошондой сөздөрдү  утулуп же четте калгандар  айтышат. Чынында  революцияны чет өлкөдөн келип кылбайт. Башкача айтканда, чет мамлекеттегилер революцияны экспорттой да, импорттой да албайт. Революцияны 5-6 саясатчы эмес, карапайым эл жасайт. Эл жалпы көтөрүлгөндө революция болот. Революциянын табиятын түшүнбөй, бийликке кошомат кылып келгендер ошентип айта берет. Чынында революцияны  каражанын карч уруп, өз жанын тобокелге салганда болот. Революцияны өз өмүрүн тобокелге салган баатырлар жасайт. Алар бийликти эңсебейт. Алдына максат коюп чыгат. Чыныгы революционерлер болгондо гана революция ишке ашат. Эптеп бийликке келип алайын, байлык топтоп алайын дегендер революция жасаша албайт. Мен бир эмес, эки революциянын башында жүргөн кишимин. Революция болуш үчүн эч кандай донорлор акча салбайт. Революциянын максаттарын бирөө түзүп, ишке ашыргыла дебейт. Революциянын максаттары идеялары мамлекеттин ичинде бышып жетилет.  Эгер сырттагы мамлекеттер революция жасай турган болсо,  Америка  бардык жерге революция кылып салбайт беле. ИГИЛ менен согушпай эле революция кылып, жеңип алат эле го. Болгону биздикилер бийликке жеткенден кийин революциянын максаттарын эстеринен чыгарып башка багытта иш алып барышат. Ошон үчүн эл нааразы болуп жатат.
Революцияда ким көп акча коротсо, ошол президент болот деген критерий барбы?
-Андай критерий жок. Мүмкүн ошондой пикирлерди таркатып жаткан адамдар  революцияны пайдаланган адамдардыр. Мүмкүн Атамбаев менен Бакиев кичине чөнтөктөрүнөн акча коротуп бийликке келишкендир. Ким эмне дебесин биз бу сапар акчасы бар экен деп коррупционерди же бай бизнесменди  лидер кылбайбыз.
-Азыр оппозицияда Бириккен Элдик Кыймылдагыдай таасирдүү адамдар барбы?
-Таасирдүү адамдарды айдан же Америкадан издебейбиз да.  Буюрса,  24-марттагы Элдик  Курултайда таасирдүү адамдарды жаратабыз. Эл ошол жерден шайлайт. Ошол жерде буюрса таасирдүү адамдардын бирикмеси пайда болот.
-Атамбаев айрым оппозициялык топтордун койгон талаптарынны себеби  жок экенин   айтты го? Буга не дейсиз?
-Биз азыр талап коё элекпиз. Талапты 24-мартта коёбуз. Жанагы айрым оппозициялык топторбуз деп жарыялап жаткандардын  талабын талап деп эсептебейм. Балким, ал оппозициялык топту Атамбаев  өзү  же анын айланасындагылар чыгарып жаткан провакаторлордур.  Улуттук деңгээлдеги оппозиция талапты 24-мартта  коёт.
-Азимбек агай, дайым эле революциянын сап башында турасыз. Бирок, жыйынтыгында эч нерсеге жетпей каласыз? Бул сиздин алсыздыгыңызбы же бийлик ээрге кыйшык отурганын байкай калып, четтеп калган амалдуулугуңузбу?
-Биринчиден, революция жасаган  миңдеген адамдар мага окшоп четте калып калат. Мен да ошол элдин арасында кала берем. Экинчиден, мени дайым Алла Таала  үзөнгүлөштөрүм туура эмес жолго багыт алганда ушулардан бөлүн деп кадайдыр бир себептерден улам бийликтен  четтетип коёт окшойт. Булар тескери жолго кетти, сен бул жакка тур деп.
Өмүр бою оппозиционер болгондон тажаган жоксузбу?  
-Оппозиционер болгондон тажабайм. Анткени, мен максатына жетпей калган революциянын максаттарын ишке ашырууга аракет кылып жатам. Аксы окуясында эл эмне үчүн өлдү эле? 24-марттагы революция эмне үчүн болду эле? 7-апрелде кан эмнеге төгүлдү эле деген суроолор жан дүйнөмө тынчтык бербейт. Бакиев менен Атамбаев революциянын максаттарын  сатып кеткенин далилдегенге жан дилим менен аракет кылып жатам. Анткени, алардын өзүм билемдик саясатынан революцияны шылдыңдап, булар бийлик алмаштырат. Анан морадёрлук менен алектенет.  Жыйынтыгында төңкөрүш гана болот деген кептер айтылып жатат. Ошон үчүн  60ка чыгып жатканымда эл мына ушундай заманды, турмушту куруш үчүн окко учканын, бир эмес эки революция болгонун ушундай жакшы заманга умтулганыбызды далилдейин деп жатам. Ушул маселени колдоого алыш үчүн  кыргыздын тарыхын, келечегин жакшы жолго салып кете турган адамдар менен тилектеш болдум. Эгер колумдан келбей калса, бир эмес үч жолу аракет кылдык. Колумдан келбеди. Команда түзө албадым, максатыма жете албадым. Кечиргиле деп саясаттан кетейин деп жатам.
Атамбаев президент болгонго чейин сизди досум деп сүйлөчү  экен. Азыр доссузбу же кассызбы?
-Экөөбүз көп жыл дос болдук. Бири-бирибизге материалдык, моралдык, саясый жактан  көп жардам бердик.  Аксы эли да Атамбаев куугунтук жеп жүргөндө Кыргызстанга келишине шарт түзүп берди. Бул тарых факты. Атамбаев “Азимбек досум, аксылыктар болбосо мен Кыргызстанга келбейт элем” деп нечен жолу айткан. Экөөбүздүн досчулугубуз боюна айтсам, аны сындаганым менен мен Атамбаевге дос бойдон кала берем. Мен досум Атамбаевди эмес, президент Атамбаевдин саясатын сындап жатам.  Дос досчулук жолу менен болуш керек.
-Азыр досум деп оозуңуз толуп айткыдай жакшы  мамиледесизби?
-Чынын айтыш керек. Төрт жылга чукулдап калды. Мурдагыдай жолуп, баштагыдай сүйлөшө элекпиз.
Саясый . экономикалык, социалдык абалдагы маселелрди чогултуп, талаптарды койбуз. 7 апрелде революция менен келгенсиң. 7-апрелдин сотун бүткөрө алдыңбы. Эмне үчүн элдер мындай абалга кептелди неге электр энергиясынын баасы кымбаттады отчёт бер дейбиз 7 апрелде.
-Келдибековго сот 10 миллион сом төлөсүн деген чечим чыгарды. Кандай комментарий бересиз?
-Бул соттордун чыгарган чечими эмес, бийликтин чыгарган чечими болду. Азыр эл душманындай кабылдап, ойго келбеген нерсени жасап жатышканы менен кокус бийлик алмашып кетсе, ошол эле соттор  мени, Куловду, Исаковду актагандай  Келдибековду акташат. Анткени, бул соттордун эмес, Ак үйдүн чечими.
Келдибеков, Ташиев, Мадумаров, Суваналиев түзгөн топтогу  оппозиция менен да сүйлөшүү аягына чыгып, багытыңарды аныктап алдыңарбы?
-Биз оппозицияны  регионалдык же реваншисттик эмес, улуттук деңгээлде көтөрүп, бир идея, бир максатта биригели деп аракеттендик. 60-70-пайыз сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калды. Башкача айтканда, конценцуска келип калдык. Биз көтөргөн маселенин чечүүнүн жолун Курултайга катышкан эл чечет. Талаптарды дагы эл бекитет. Биз эл койгон талаптарды ишке ашырууга биригип жатабыз.
Курултайда 24-марттагы, 7-апрелдеги революция максатына жеттиби жеткен жокпу, эмне үчүн электр энергиясы кымбаттады, эмнеге социалдык төлөмдөр жогорулады  деген маселени арай көзү чарай кылып,  депутаттар, бийликтегилер, оппозициядагылар жана карапайым эл менен бирдикте талкуулайлы деп жатабыз.
-Бирок, Мадумаровду оппозициянын клону деп жатышат го? Оппозицияга кирем дегендер кандайдыр бир критерийде иргелбейби?
-Эми мындайда. Антип айта турган болсок, Карашев атамбаевдин оң колу беле? Же  Сарпашев, Сегизбаев Атамбаевдин оң колу, ал  ишене турган адамдар беле. Антип чукуй берсек чукула берет. Ушуга окшогон маеслелер орун албасын деп кандай чечим болбосун коллективдүү кабыл алалы деп жатабыз. Эгер оппозицияны иритип-чириткиси келгендер болсо, кыйшыңдаса эле чекесинен чыгарылат. Ким каршы болсо чыгып кете берет. Азыр баарыбыздын башыбызды бириктирбегенге аракет кылып, бирибизди Атамбаевдин досу десе, киийнкибизди Отунбаевага Бабановго жакын дейт. Кыскасы, бирин Бакиевчил десе, кийинкисин Жаныштын досу деген сасык ушак таратуу менен убараланып жатышат. Анткени, бириктирбегенге аракет кылып, биздин чоң күчкө айланышыбыздан чоочулап жатышат. Биз өткөн тарыхты карап, ар кимибизди чукубай  келечекти карап биригели деп жатабыз. Келечекти карап бириксек, калганын турмуш өзү көрсөтөт.
Чынайым Кутманалиева
 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *