Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер, мурдагы башкы прокурор: “Атамабевдин кол тийбестигин депутаттар добушка коюп эле ала алат”

Туруктуу элдик кеңеш өлкөнүн учурдагы иштеп жаткан Башмыйзамын өзгөртүү боюнча маселе көтөрүүдө. Алар 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияны “өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт, кетирилген каталарды оңдоого мезгил келди” дешет. Демилгечи топтун башында турган мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдум өткөрүү талабы коюлуп жатат.

 

— Азимбек Анаркулович, “Конституцияны өзгөртүү керек” деп маселе көтөрүп жатасыңар. Өзгөртүүгө кандай негиздер бар?

— Конституцияны өзгөртүү керектиги тууралуу биз биринчи эле жолу маселе көтөрүп жаткан жокпуз. 2010-жылы бийликке келген Атамбаев бир жылдан кийин эле авторитардык режимин орното баштады. Ошондон баштап эле айтып келебиз. Эки революция тең президенттердин үй-бүлөлүк башкаруу орнотуп, өзүмбилемдигин жүргүзө баштагандыктан болгон. Акаев, Бакиев башкарган режимди Атамбаев бийликке келбей жатып баштады. Болгону, алардын үй-бүлөсү башкарса, Атамбаев шоопуру, сакчысы, катчысы, достору менен улантты. Анан биз ойлондук, “эл эмнеге күрөштү, эмнеге өлүштү, эмнеге бул кайра эле авторитардык режимди улантып жатат?” деп. Көрсө, биз 2010-жылы Конституцияны кабыл алууда дагы бир топ каталарга жол бериптирбиз. “Парламентти 100 пайыз партиялык тизме менен шайлоо” деген жерин таптакыр өзгөртпөптүрбүз. Муну Максим Бакиевдин тобу 2007-жылы күзүндө референдум аркылуу киргизген. Себеби, Бакиевдер бир мандаттуу шайлоодон өтпөйт эле. “Акжолун” түзүп, шайлоодон өткөрүп, парламентке киргизип коюшту. Кептин баары ушунда экен. Президентке кызмат кылган саясый топ Бакиев кеткенден кийин Атамбаевдин колтугуна кирип кетти. Атамбаев ким депутат болот, ким кайсы партияга кирет – өзү аныктай баштады. Ошентип, 100 пайыз партиялык тизме менен шайлоо авторитардык башкаруунун кайра орношуна өбөлгө болду. Экинчи себеби, биз 30 жыл ичинде бийликке ким келсе, анын колтугунан орун ала алган саясый-социалдык топту пайда кылып алдык. Алар Акаев кетсе Бакиевдин, Бакиев кетсе Атамбаевдин колтугуна киришкен. Ошолор азыркы бийликте да жүрүшөт. Алар премьер-министр да, спикер да, депутат, министр да болушат. Алар бир гана президентке кызмат кылышат, элди уруп ойношпойт. Бул жаман салтты жоюшубуз керек. Биздин максат – Конституцияда кетирилген каталарды оңдоо менен мамлекеттеги маселелерди чечүү.

— Текебаев баш болгон топ 2010-жылы Конституцияны иштеп чыгып, кабыл алууда “2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн” деген тыюу салынбады беле?

— Ооба, “2020-жылга чейин өзгөрүлбөсүн” деп тыюу салганбыз. Ошого карабай, Атамбаев аны 2016-жылы бузду. Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биз өзүбүз жазып чыгабыз. Аны парламенттен да талап кылабыз. Эгер алар “2020-жылга чейин болбойт” деп кабыл албай койсо, анда биз күзгө чейин 300 миң кол топтойбуз. Экс-президент Атамбаевге мурдагы жылы референдум өткөрүп беришкен, Атамбаевге болот дагы, эмне үчүн 300 миң адамга болбошу керек?

— “Бул Конституцияда Атамбаев экс-президенттин, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтип алган” деген да жүйөөлөрдү айтып келишет…

— Бул Конституция жөн эле “галочка”. Эч нерсе өзгөргөн жок. “Адам укугу” деген жерде кээ бир пункттар өзгөрдү. Атамбаев эч кандай ыйгарым укуктарын кеңейтип, Конституцияга киргизе албайт. Кол тийбестиги тууралуу да каралбаган Конституцияда. Экс-президенттин макамы, кол тийбестиги “Президент жана экс-президенттер” деген мыйзамда гана каралган. Ал эми мыйзамдагы кол тийбестиги кандай тартипте алынат? Ал кылмыш иштин негизинде болот. Биз 2010-жылы декрет менен Акаев жана Бакиевдин кол тийбестигин алганбыз.

— Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча айрым депутаттар көтөрүп чыккан маселе кандай тартипте ишке ашат?

— Ошол эле айрым депутаттар “Атамбаев биздин колу-бутубузду байлаган” деп айтып жатышпайбы. Алар Атамбаевге карата кылмыш белгилери болсо, башкы прокурорго “иш козгоп, айыбын далилдеп алып кел” деп тапшырма бергени жетиштүү болот. Ал эми башкы прокурор экс-президентин кол тийбестигин алуу маселесин парламентке алып келет, депутаттар добуш берип эле чечет аны.

 Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *