Бабырбек Жээнбеков, экс‐чиновник: “Президентке айта турган маанилүү сөзүм бар”

Каарманыбыз быйыл 65 жаштын чайын ичүүдө. Алтымыштан ашса да, “арыдым-карыдым” дебестен, чапчаң жүрүшү менен коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер карабай, ар убак жаштарга нускалуу кебин айтып келет. Экс‐чиновник, “Алиби” гезитинин кожоюну менен соңку саясый окуялар боюнча маектешип турган кербезибиз. 

Бабырбек ага, туура 1 жыл мурун болгон маегибизде ошол кезде жаңы шайланган премьер Темир Сариевдин өкмөт башчылык кызматта популисттик ыргакта гана иш жүргүзүп, азыркыдай шартта эчтеме кыйрата албасын айттыңыз эле. Жыйынтыгы сиз болжогондой эле болду. Эми азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун эртеңки күнүнө кандай баа бере аласыз?

‐Биз 25 жылдан бери Швейцария да болуп, бирде Америка, кээде Сингапур да болуп, жалаң гана үмүт менен жашап калбадыкпы. Бизди реалду турмушта эмес, жалаң гана үмүт берген турмушта жашоого көндүрүп да бүтүштү. Ошондуктан, “үмүтсүз-шайтан” деп коюп, ар бир келген президентке, премьер-министрге, спикерге үмүт артпай жашоого мүмкүн болбой калды. Бул биринчиден. Экинчиден, жаңы келген кай жетекчи болбосун, ишти бир-эки айдын ичинде жөндөп, колунда “сыйкыр таягы” болбогондон кийин тыңгылыктуу көрсөткүчтөрдү камсыз кылышы мүмкүн эмес. Темир Сариевге салыштырмалуу азыркы премьер Сооронбай Жээнбеков сабырдуу мүнөзгө ээ, ар ишти ойлонуп чече турган, популисттик кадамдардан алыс жетекчи экенин айткым келет. Анан калса, ал буга дейре парламенттин 3 чакырылышына депутат болгон, айыл чарба министрлиги баштаган бир катар бийик кызматтарды аркалаган, бай тажрыйбага ээ инсан. Мамлекеттик кызматта эч убакта популисттик кадамдар менен ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес. Иштин көзүн таап, күндүр‐түндүр чапкылап, кадрдык саясатты туура аныктап иштеш керек. Андыктан, Сооронбай Жээнбековдун ишти жөндөп кеткенге толук мүмкүнчүлүгү бар. Бир нерсени баса белгилеп айтып коюш керек, Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылык энчисине Темир Сариев туңгуюкка кептеген экономика тийип калды. Бүгүнкүдөй оор шартта ага кадр саясатын чечкиндүү чечүү, мамлекеттик органдардын структурасын кайрадан карап чыгуу талап кылынат. Өткөндө өкмөт башчылыкка келип жатып, ал өзү деле “министрликтер менен ведомстволордун структуралык түзүлүшүн кайрадан карайм” деп айтты. Бул убадасын ал эртерээк ишке ашырышы керек. Бул кечиктирилгис, өтө маанилүү маселе. Пайдасы жок, бири-бирин кайталаган министрлик, агенттиктердин түзүмүн кайрадан карап, айыл чарба министрлиги, отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу сыяктуу “аппендицит” органдарды жоюу зарылчылыгы эчак бышып жетилген. Экономика министрлигин Т.Сариев башкарууга мүмкүн болбогон “монстрга” айлантып салган. Башка ведомстволордон тартып алган ыйгарым укуктарын алардын өздөрүнө кайтарып, экономика министрлиги менен каржы министрлигин бириктирүү бүгүнкү күндүн талабына ылайык болмок. Айтор, “жети өлчөп, бир кесүү” саясатына барбасак, ушинтип элдир-селдир иш жүргүзүп жүрө беребиз.

Саясаттагы быйылкы “жаз синдрому” өзгөчө ыргак менен коштолууда. Президент да, оппозициялык топтор да бирибирине карата катуу пикирлерин аяшпай, тиреш апогейине жетти. Мындай шартта эки тарапты тең ийге, кепсөзгө келтирчү сакалдуулар тымпыйып турасыздар. Үлгү болуп, үн катпайсыздарбы?

‐ Ѳлкөдө түзүлгөн бүгүнкү кырдаал баарыбызды тынчсыздандырууда. Мен дагы бул маселени көптөн бери көкүрөгүмдө бышырып, ошонун жолун издеп, толгонуп жүрөм. Кыргызстандын бүгүнкү жашоосуна, эртеңки тагдырына кайдыгер эмес, саясатта аздыр-көптүр өз пикири бар инсандардын атынан президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылуунун долбоорун даярдап жатам. Ошол эле убакта жеке пикирлерим, кеп-кеңештерим менен президентке бир кирип чыгуу да оюмда бар. Албетте, ал эгер кабыл алса… Менин кеп-кеңешимди кандай кабылдап, кандай жыйынтык чыгарат, ал президенттин жеке иши. Ѳзүң айткандай, аттуу-баштуу адамдар өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга өздөрүнүн сабырдуу жана калыс пикирин билдирип, өлкө башчынын назарына алып чыгууга милдеттүү. Ошол эле оппозициянын дагы өзүнүн талаптары бар. Негиздүү болсо, өлкө келечегинин байгерлигине багытталса, аларды да угуш керек. Алардын талаптарын кулак сыртынан кетирип кою туура эмес. Алардын көпчүлүгү өлкө тагдыры үчүн күйүп-бышкан жигиттер. Эки жаат болуп, бири-биринин короосуна таш ыргытып жатышкан бийлик менен оппозициянын бүгүнкүдөй терс аракеттеринен эгерде өлкө келечегин өз кызыкчылыктарыбыздан жогору койсок, тез арада кайтып, тегерек столдун тегерегинен жолугууга милдеттүүбүз. Качанкыга чейин эле ушинтип кырды‐бычак болуп жүрө беребиз? Мунун аягы кандай болуп бүтөөрүн эки жолу баштан кечирдик го? Андан көрө карапайым элди түйшөлткөн тоо-кен маселелери, электр энергиясына болгон тарифтер, дыйкандардын абалы жана башка толгон-токой маселелерди ыгы менен орундуу чечкенге аракеттенбейлиби?

Баса, 1июндан тарта электр энергиясына карата тарифтердин наркы кайрадан көтөрүлөөрү боюнча кеп кетти. Монополияга каршы саясатты билген адис катары айтыңызчы, тарифтерди кымбаттаткан мындай жүрүш качанкыга дейре созулат?

‐ Электр энергиясына болгон тарифтердин кымбатташына карапайым эл сыяктуу эле мен дагы каршымын. Ошондой ойлору болсо, анда өкмөттүн бул кадамы туура болбой калат. Алар “сырттан сатып келип жатабыз, ошон үчүн баа көтөрүлүп жатат” деген жүйөөлөрдү келтиришүүдө. Мен мунун баарын болбогон шылтоо, түшүнбөгөн адамдардын башын айландыруу катары эсептейм. Кышында сатылып алынган электр энергиясына баа жазында же жайында көтөрүлүшү керекпи? Андай болсо, майда‐баратына чейин аргументтеп беришсин да. Баа маселеси баарыбыздын башыбызды айландырып, мээбизди чиритип бүттү. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңешке менде бир сунуш бар. Ѳкмөттөн эки адам, парламенттен эки адам, көз карандысыз экономистерден беш адам (тең салмактуулук үчүн) чыгарып, ага расмий комиссиянын укугун берип, электр энергиясына болгон баа маселесин анализдеп чыгууну тапшырсак, анын өздүк наркын, кардарларга сатылуучу рыноктук баасын, энерго компаниялардын киреше-чыгашасы менен тапкан пайдаларынын көлөмүн да аныктап алууга болот. Анын негизинде сатуучуну да, алуучуну да канааттандырган, нааразычылыктарга жол бербей турган орундуу тарифти кабыл алуу көп деле кыйынчылыктарды жаратпаса керек. Бул маселелердин айрымдарын мен 2013-жылы эле президентке, Жогорку Кеңешке жана премьер-министрге жазган кызматтык катымда көтөрүп чыккам. Тилекке каршы, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден башкасы ал катка көңүл бурушкан жок. 2013‐2014-жылдары электр энергиясына тарифтерди көтөрүүгө өкмөт камынып калган убакта, андагы премьер Жантөрө Жолдошевичке кирип, өз көз‐карашымды айтып, ошонун негизинде баалар көтөрүлбөй калган. Мени 2014-жылдын 3-июнунда кызматтан алышып, бир айдан кийин июль айында электр энергиясына болгон бааларды кескин көтөрүп жиберишти. Мен муну мактаныч катары айтып жаткан жерим жок. Дегеним, тарифтерди канчалык көтөрүшпөсүн, андан түшкөн каражат эффективдүү колдонулбай, айрым уурулардын чөнтөгүнө түшүп жатпайбы. Же биз тарифтерди ошол уурулар үчүн көтөрөбүзбү?

Эгер сизди президентке киргизишсе, бир топ сунуштарды, ага удаа бийликтеги кемчиликтерди айтаарыңызды кыйыттыңыз. Мен билгенден сиз ажонун аппарат башчысы Фарид Ниязов менен жакшы мамиледе элеңиз го? Ал киши аркылуу президентке киргенге аракет кылган жоксузбу?

‐ Бул маселе боюнча Фарид Ниязовго кулак кагыш кылып көрдүм. Кайра‐кайра эле убактысын ала бербейин деп телефон аркылуу “билдирүү” (смс) жазсам, негедир ал киши жооп бербеди. Азыр башка адамдар аркылуу аракет кылып жатам. Мени көргөндө же атымды укканда эле “сиркеси суу көтөрбөй” калгандар деле жетишээрлик окшойт. “Ѳлкө башчысы эмеспи, өз элинин жашоо-турмушу кызыктырса, кабыл алат чыгаар” деген ойдомун. Маанилүү сөзүм бар. Кабыл албаса, андан деле трагедия издебейм. Ээн-эркин жашоо кечирип жүргөн бул турмуштагы мен сыяктуу жолоочуга бир жол табылаар. Кудайга табынып-тилегеним — ал жол мени жалпы элдик жолдон буруп кетпесе эле болду. Бирок, кандай болгон күндө дагы, биз алакан жайып отура бербей, өзүбүздүн кеп-кеңеш, сунуштарыбызды айтып чыгабыз. Калганын турмуш өзү көрсөтөт.

Мамлекеттик кызматтан кетип, ага удаа “Алиби” гезитин да жарыкка чыгарбай, такыр эле тыныгууну чечтиңизби? Же саясат менен калемгерлик түйшүктүү сапар көңүлүңүзгө көк таштай тийип, сизди чарчаттыбы?

‐ Адам баласы жашоодон чарчамак беле? Мен убактылуу кыйынчылыктардан “сынып”, мүңкүрөп отуруп калчу адамдардан эмесмин. Мен турмушка оптимисттик көз-караш менен карап, ар нерсеге ойлонуп, сабырдуу кароого аракет кылам. Бүгүнкү күндө гезит чыгаруу өтө түйшүктүү иш экенин өзүң деле жакшы билесиң. Элдин, окурмандардын көпчүлүк бөлүгү интернеттен маалымат алууга ооп кетти. Мындай шартта аз нускада гезит чыгарып, ага каражат чача берүү – апендичилик. Убагы келгенде бул боюнча ойлонуп, шартка жараша иш кылабыз го. Андыктан, “Алибинин” жарыкка чыкпай, токтоп турушу убактылуу көрүнүш. Ал эми кызматтан кеткениме быйыл толук 2 жыл болду. Бул аралыкта эч бир саясый күчтөргө кошулбастан, өзүмдүн жеке иштерим менен алектендим, бир топ көйгөйлүү маселелерди чечип алдым. Мындан ары шарт-жагдайга жараша аракет кылаар убакыт келди да. Эски достор менен да акылдашып көрөм.

Соңку саясый окуялардан соң, алдыдагы президенттик шайлоону утурлай бийликтен тыш бир катар саясатчылар биригүү, сүйлөшүү процесстерин баштагандыгынан кабардар болуудабыз. Алдыда сизди да айрым саясый күчтөрдүн катарынан көрүп калбайбызбы?

‐ Буга чейин деле бир катар саясый күчтөр катарларына кошулууга чакырып келишкен. Адам баласы алдыга карай кадам шилтээрден мурда, ошол кадам сени каякка алып бараарын жакшылап ойлоп, таразалап, анан чечим кабыл алышы зарыл. Өзгөчө биздин курагыбыздагы адамдардын ар бир кадамы коомчулукту иренжитпегендей, алардын мүдөө-максатына төп келгендей, мыйзам чегинде болушу зарыл. Бир нерсе жасаардан мурда, сенин ошол иш-аракетиң мыйзам чегинен аша чаап кетпейби, жакындарыңа, коомго залалы тийип калбайбы, элге кандай пайда алып келет — мына ушул жагын ойлону керек. Ошол эле “сакалдуу” делген Дастан Сарыгуловдун кызмат бөлүштүрүү пландары коомчулукка чыгып кетпедиби. Бул көрүнүштөн соң, эл ичинде Дастан Сарыгуловду айыптаган сөздөр айтылууда. Коомчулукта ачык эле “пайгамбар жашынан өтүп калгандан кийин Дастан Сарыгулов жагымсыз иштерге аралашпай эле койсо болмок” деген сөздөр көп чыгууда. “Менин дарегиме да ошондой сөздөр айтылбаса экен” деген ой менен көп нерсени ойлонуп, баарын таразалоого туура келип жатат. Бирок, кандай болгон күндө дагы, элдин таламын талашып, элдин кызыкчылыгын коргоо мен үчүн буга чейин кандай турмуштук принцибим, позициям болуп келсе, мындан ары дагы ошол эле бойдон кала берет.

Булак: “Азия news

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *