Бакирдин аксакал ынтымакты тамырынан баштады

Генерал-лейтенант Бакирдин Субанбеков жакында парламенттеги “Бир Бол” фракциясындагы тайпалаштарын түгөлү менен чайга чакырып, ортодогу ынтымакты бекемдөөгө жол баштады. Жай бою кичи мекени Кара-Балта шаарындагы каралбай калган ооруканалардын бир бөлүгүн өздүк каражаты менен заманбап кыла оңдоп-түзөөдөн өткөртүп, жакында ачылышын жасаганы туру. Анысына жакында чогуу күбө болобуз. Парламенттеги кеп билген кадырлуу аксакал депутат катары жаштарга акыл-насаатын айтып, түрдүү саясый оюндарга аралашпастан өз ишин эч кимге колко кылбай аткарып, бийликтин айынан тетири карап калган саясатчыларды, карапайым элди ынтымакка чакырууда. Мындай кадамын өзү мүчө болгон “Бир Бол” фракциясынан баштады. Карыганда биздин аксакалдар саясатты гана эмес, турмуштук эрежелерди да мыктай өздөштүрсө не атаганат?

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *