Бермет Наралиева, психолог: Биздикилер психологго кайрылганга караганда, бүбү-бакшыга барганды туура көрүшөт

– Бермет Каратаевна, акыркы кездерде аялдар арасында агрессивдүү аракеттер күчөп баратканы байкалат. Буга мисал катары акыркы эле эки окуяны: өзүнүн милиционер күйөөсүнө бычак сайган жана иниси экөөлөп күйөөсүн өлтүрүп салган келиндердин аракетин айтсак болот. Психолог катары сиз мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Коомдун адамдык ден соолугу деген түшүнүк бар. Бул жагына бизде такыр көңүл бурулбайт. Биринчи кезекте коомдун психологиялык абалына көңүл бурулушу керек. Тарбия, адеп-ахлак деген болуш керек эле. Ал эми жогорудагы конкреттүү мисалдарга келсек, экинчи аял болуп атса, күйөөсү «үч баладан баш тартам» деп атса… анан албетте, бул анын психологиялык абалына таасир этпей коймок эмес.

– Сиздин оюңузча, коомдун психологиялык абалын оңдоо үчүн кандай иштер жасалышы керек?

– Мамлекеттик деңгээлде атайын программа иштелип чыгышы керек. Биз психологдор коңгуроо кагып, кафедрада аябай чоң иш алып барабыз. Бирок Кыргызстанда расмий түрдө психологдун штаты да жок. Ар бир үй-бүлөнүн жеке психологу жөнүндө айтпай эле коёлу. Психологго кайрылганга караганда, алар бүбү-бакшыга барганды туура көрүп атышпайбы. Элдин баарынын эле денгээли бирдей эмес. Мыйзамдарды иштеп чыга турган кишилердин деңгээли тиги болуп атса, атайын программаларды ким иштеп чыгат? Ошого жараша интеллект, маалымат базасы, даярдык болушу керек да. Андай нерселер жок болуп атпайбы.

– Сиздерге кеңеш сурап кайрылгандар болобу?

– Биздеги психологдордун ар биринин өзүнүн иш чөйрөсү боюнча клиникалык базасы бар. Мисалы, бир кесиптешим жалаң тренингдер боюнча иштейт. Криминалистика багытында иштегендери да бар. Бирок, менин байкаганым, бизде психологиялык экспертиза жасаганга да мүмкүнчүлүк беришпейт экен. Эки тараптан тең кысым болот. Менин жеке өзүмдүн Инстаграм баракчам, клиенттерим бар. Психологиялык маселелер боюнча кайрылышат, кеңеш сурашат. Бул нерсе аз-аздап болсо дагы жолго түшүп баратат деп ойлойм. Бир үй-бүлөгө консультация берип жүрүп, кечээ жакында ал ишибиз жемишин берди. Жубайлар элдешти.

– Психологдордун кеңеши кеңири пайдаланылса, жанагындай окуялар азыраак болот беле?

– Ооба. Тиги аялды карабайсызбы. Үч баласы тирүү жетим калды. Өзү болсо бирөөнүн өмүрүнө кол салганы үчүн камакка алынды. Ушул убакка чейин ал психологдорго, юристтерге кайрылыш, кеңеш алса болмок. Жок дегенде медиатрларга кайрылыш керек эле. «Күйөөм балдарынан кечип койду» деп арыз-арманын курбуларына эле айткан турбайбы. Курбусунун деңгээли кандай болду экен, кандай кеңеш берди, мен аны айта албайм. Андан көрө психологго кайрылып, өзүнүн ички абалын териштирсе болмок. «Күйөөмдү өлтүргүм келип атат, бул эмне деген абал?» деп сураса, психолог жакшы кеңештерин бермек. Юрист мыйзамдуу жагын айтып бермек. Качан чыдоонун акыркы чегине жеткен мезгилде, аффект абалында жанагындай ишти жасап койду. Азыр байкуш аял кылган ишине өкүнүп жаткандыр. Бирок, мыйзам тарабынан аны эч ким актабайт болуш керек. Анын аракетин «өзүн-өзү коргоо» деп да айтууга болбойт. Аффект абалда жасаган иш болуп атат…

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *