Бишкек-Торугарт жолунда жардыруу иштери жүргүзүлөт

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 31-июлунда Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул туралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 8-00 дөн тартып, 22-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ыссык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *