Бишкекте 8-февраль күнү элдик курултай өтөт

8-февраль күнү саат 10:00дө Бишкек шаарындагы “Дасмия” этно комплексинде элдик курултай өтөт. Бул тууралуу активист Айбек Бузурманкулов билдирди.

Анын айтымында элдик курултайда 3 маселе: 1) Конституциялык реформа өткөзүү жана кен-байлыктарды элдин кызыкчылыгына иштетүү; 2) 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын корутундусу; 3) Сот реформасы жана коррупция менен күрөшүүнүн жолдору каралат.

Курултайга саясий, коомдук ишмерлер жана бийлик бутактарынын бардык өкүлдөрү чакырылган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *