Бишкекте ысык суу 1-июндан тартып өчүрүлөт

Бишкек шаарында 1-июндан 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, тиешелүү буйрукка шаардын мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Ысык суунун өчүрүлүшү ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн жасалат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *