Бүгүн башкы балаты күйгүзүлүп, Чүй проспектисинин кесиндиси автоунаалар үчүн тосулат

Бул тууралуу 13-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечки саат 19.00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын күйгүзүү салтанаты болуп өтөт. Чүйдүн Панфилов көчөсү менен кесилишкен жеринен Эркиндик гүлзарбагына чейинки аралык автооунаалар үчүн 17.00дөн баштап иш-чара бүткөнгө чейин тосулат.

Мэрия ыңгайсыздык түзгөнүнө кечирим сурап, айдоочуларды алдын ала маршрут түзүп алууга чакырат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *