Бүгүн Ош – Бишкек жолунда эки машине сүзүшүп, эки киши көз жумду

Бишкек – Ош жолунун 155- километринде (“Париж” деп аталган кесинди) “Хонда-Степвагон» жана «Дэу-Нексия» автоунаалары сүзүшүп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Натыйжада эки киши ошол жерден көз жумган. Эки аял жана үч киши оор жаракат алышып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилишкен. Каза болгондордун өздүгүн милиция кызматкерлери тактап жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *