Бүгүнкү Фарид Ниязов менен Кубанычбек Кулматовдун кызматтык секириктери – кадрдык дайындоолорду дагы эле Атамбаев чечип жаткандыгын далилдеди

Баары Арашанда чечилет…

11-декабрда кыргыз бийлигинде эки маанилүү кадрдык дайындоо болду. Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын башчылыгына Фарид Ниязовду дайындаса, өкмөт башчы Сапар Исаков Бажы кызматынын башчылыгына Кубанычбек Кулматовду дайындады.

Президенттик аппарат мамлекеттеги саясатты жүргүзүүдө президенттин негизги таянычы болсо, Бажы кызматы финансылык агымдарды (анын ичинде коррупциялык) көзөмөлдөөчү негизги орган. Ошондуктан бул кадрдык дайындоолордун мааниси абдан чоң.

Бул эки дайындоо президент Жээнбеков жана өкмөт башчы Исаков Атамбаевге таандык кадрларды орчун кызматтарга дайындоодо анын алдында жарышып жаткандай элес калтырат.

Ал эми реалдуу жагын караганда, бул кадрдык дайындоолор өлкөдө кадр саясатын Атамбаев Арашандагы үйүндө же Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденцияда жатып алып калчап жатканын айгинелейт.

24-ноябрда президенттик кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков тышкы сапарларында бир топ упай топтоп, ички саясатта коррупцияга каршы күрөшкө басым жасарын билдирип жаткан…

Тышкы саясаттагы айрым ушул позитивдерге карабай коомчулук Жээнбеков Атамбаевдин жетегинен чыгып, өз алдынча саясат жүргүзө алабы деген суроого жандырмак издеп жаткан. Анын андай саясат жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгүн биринчи кезекте кадр саясаты көрсөтмөк.Жардамчысын, кеңешчисин, кадр саясат боюнча бөлүм башчылыкка дайындоолор Жээнбеков өз командасын түзүүгө киришүүдө дегендей элес берген. Аппарат башчылыкка, УКМКга жаңы кадрларды дайындоо аны бекемдемек.

Бирок Фарид Ниязовду аппарат башчылыкка дайындоо Сооронбай Жээнбеков өз алдынча кадр саясатын жүргүзө албайт, ага ал батынбайт деген пикирдегилер чындыкка жакын экенин айгинелеп койду.

Албетте, Жээнбековдо өз алдынча кадр саясатын жүргүзүү ниети болгон. Ошондуктан ал адегенде, 1-декабрда  Фарид Ниязовду кеңешчи кылып дайындаган. Аппарат башчыга башка адам караштырып жаткан.

Президенттик аппараттан сырткары Жээнбеков УКМКанын башчылыгына да башка кадр издеп, айрым чекисттер менен сүйлөшүү жүрүп жаткан. Маселен, Жээнбековдор Улукбек Кочкоров менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.  Бирок Кочкоровду УКМКага алып келүү Жээнбеков үчүн Атамбаев менен конфронтацияга барууга тете болмок. Анткени Атамбаевдин Кочкоровго мамилеси баарына белгилүү.

Ал эми Фарид Ниязов аппарат башчылыгына келүүсүнөн кийин Кочкоровдун УКМКа башчылыгына алып келиши мүмкүн эмес болуп турат. Жээнбеков ага бара албайт. Бирок  мындай саясат дагы уланса, ага мажирөө деген ат жабышат…

Ал эми Кубанычбек Кулматовду Улуттук банк башчылыгынан Бажы кызматына алып келүүнүн артында эки максат жатышы ыктымал. Биринчиден, Бажы тармагындагы финансылык агымдарды Атамбаевдин көзөмөлүндө калтыруу. Экинчиден,  кыргыз-казак өкмөттөрү кол койгон “Жол картасына” ылайык  бажы бекеттери биргелешип көзөмөлгө алынат. Мындай шартта Кулматовдун тажрыйбасы керек болгондой.

Булак: elnews.media

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *