БУУнун баяндамачысы Парижди Аблязовду Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырды

БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Нильс Мельцер Франция бийлигин мурдагы казакстандык банкир жана оппозициячы Мухтар Аблязовду сурап жаткан өлкөлөргө өткөрүп бербөөгө чакырды.

Мельцер 7-декабрдагы билдирүүсүндө эгер өлкөдө мурдагы банкир кыйноолорго алынат деген олуттуу негиздер бар болсо Франция аны өткөрүп бербеши керектигин белгиледи.

БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов үч жылдан бери Францияда камакта жатат. Орусия менен Украина аны экономикалык кылмыштарга айыптап, Франциядан өткөрүп берүүнү өтүнүүдө. 9-декабрда Франциянын Мамлекеттик кеңеши Аблязовду экстрадициялоо боюнча чечим кабыл алышы керек.Нильс Мельцер Аблязов мекенинде саясий окуяларга катышып, бийликти сындагандыгы үчүн куугунтукталып, Казакстан абагында кыйноолорго кабылган деп эсептейт.

БУУнун баяндамачысы Франция Аблязовду өткөрүп берүү чечимин кабыл алса мурдагы банкир Орусияга экстрадицияланышы мүмкүндүгүн белгиледи. Айтымында, Орусия аны Казакстанга өткөрүп берип, анда ал кыйноолорго алынышы ыктымал.

БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов 2013-жылдын жайында Франциянын түштүгүндө кармалып камакка алынган. Ал Казакстанда, Украинада жана Орусияда ири өлчөмдө акча уурдаган деп айыпталууда. Аблязов айыптоолорду четке кагып, алар саясий негизде тагылганын билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *