Чолпонкул Арабаев академияны жетектей турган болсо, жыргаган экенбиз

Илимпоздордун ит жыгылыш интригасы аяктабай, «спектакль» аябай көп актылуу болуп баратат. Чын эй, бир топтон бери Кыргыз Улуттук Илимдер академиясына жаңы жетекчини дайындай албай убарабыз. Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен соң, ал орунга мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин келе тургандыгы айтылган, бирок, али күнчө дайын жок. Бирөө-жарымдар Чолпонкул Арабаевдин келээрин айтууда. Бирок, бул киши ким жана илимге кандай салым кошконун билбейт экенбиз. Ырас, кезинде ректор да болуп, ошол эле маалда Акаевдин чачпагын көтөрө чуркап жүргөндүгү эсте. Акыркы учурда илимдер академиясында орун басар катары эмгектенип келген Чолпонкул Арабаев академияны жетектей турган болсо, жыргаган экенбиз. Айтылуу Арабаев деген фамилияны алып жүргөн соң кыйын киши го десек, кыйын эмес бай дешет. «Бай болсо андан бетер жакшы, акылга байбы?» – десек, байлыкты пул жана мал менен ченеген киши экен. Аныгында улуу инсан Ишенаалы Арабаев бүткүл кыргыздын кат сабат жоюусуна кам көрүп, алгач алиппени түзгөндүктөн анын байлыгы азыр бүткүл кыргыздын көзүн ачып, багып да атат. Ал эми бул Арабаевдин кандай эмгектери бар? Же Арабаевден башка илимпоз Кыргызстанда калбай калганбы?

Булак: “Де-Факто”

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Aкaдемиянын бaшынa Кубaнычбек Жумaлиевден бaшкa ылaйыктуу киши жок. Aны Aкaевдин aдaмы деген эски ырды созолонтпой коюп койсо, жaкшы эле иштейт. Aкaдемиянын иштөө меxaнизмин билет – бул өтө мaaнилүү. Aнaн, Aкaдемиянын финaнсылык жaктaрын кaнтип чечүүнүн жолдорун дa жaкшы билет. Кaлгaн жулкунбaйлaрды Aкaдемиянын бaшы эмес, бул куттуу жaйдын короосунa жолотуугa болбойт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *