Чубак ажы Жалилов СДПКчы Жанар Акаев баштаган бир нече депутаттын көзү өткөндө алардын жаназасына турбоого, мусулмандар көрүстөнүнө койбоого чакырды

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.
Күн көрбөгөн күн көрсө күндүзү чырак күйгүзөт…
«Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын боёптур» деген экен илгери бирөө. Касиеттүү орозонун алгачкы күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана ден соолук боюнча комитетте, жума күнкү түшкү дем алууну бир саатка узартуу боюнча депутат Икрамов Тазабек мырзанын көтөргөн мыйзамы талкууланды. Маданиятты жакшы билген, эл арасында жүрүп жашоонун күрөө тамырын сезе билген комитет төрагасы Садык Шер-Нияз салабаттуу сөзү менен колдоп, анын маанилүү кебин сөздүн кунун билген Момбеков Рыскелди улантып, айтор үч депутат колдоду, алты депутат колдогон жок.
Колдогон депутаттар:
1. Садык Шер-Нияз;
2. Момбеков Рыскелди;
3. Икрамов Тазабек;
Колдобогон депутаттар:
1. Акаев Жанарбек;
2. Исмаилова Аида;
3. Молдобекова Гүлкан;
4. Токторов Алмазбек;
5. Самигуллина Альфия;
6. Строкова Евгения;
Колдогон депутаттардан Аллах ыраазы болсун. Мыйзамдын кабыл алынуусу башка маселе, маселе ким ушул мыйзамды колдогондо турат. Өзүнүн мусулманчылыгын бекемдеп, Курани Каримге кулак салган нарктуу жердин перзенттери экендигине далил беришти.
Кудай Таалам ыйык Куранда айтат:
«Эй, момундар!
Качан азан,
Айтылганда жума күнкү намазга,
Шашылгыла,
Алланы эске салуу (жумушуна).
Соодаӊарды токтоткула!
(Соодадан артык соода бар, пайдасы чоӊ,
Өтө кылдат болгула бир ушуга!)
(Пайда издесеӊ,
Алланы эстеп, зикир кылгын оболу),
Эгер билгиӊер келсе, ушул иштин,
Акыбети жакшыраак да, жогору.
Бүткөн кезде намазыӊар окулуп,
Тарагыла жер-жерлерге,
(Бараар жакка багытты түздөгүлө.
Алла Жоомарт), ырыскыны Берүүчү,
Бир Ошондон алчуӊарды издегиле!
Алланы көп эстегиле!
(Тынчтык конот жүрөк менен маанайга),
Жетесиӊер (көптөн күткөн) таалайга!»
(Жума сүрөөсү- 9,10) Надырбек Алымбековдун котормосунда.
Кудай Таалам колдогон депутаттарды Өзү колдосун, тукумдарынан жакшыларды чыгарсын. Жаман сөз, жаман көз, жаман колдон сактасын. Ыймандан тайгылтпасын. Тилектерин кабыл кылган болсун. Омийин.
Ал эми колдобогон депутаттар боюнча бир-эки ооз сөз. Булардын өз ыктыяры. “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса”! Демократик мамлекеттеги парламентте эмне каалаганын айтканга укуктуу. Ошол эле эркин мамлекеттин жараны катары мен Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен…
• Бир дасторкондо олтурбаймын;
• Аларга кол берип салам бербеймин;
• Алардын жаназасына турбаймын, жана менин жаназама келип калыша турган болсо, аларды катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын;
• Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин;
• Мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын;
• Ушул айткан сөзүм менен Кудай Таалам астындагы карызымдан кутулууга аракет кылдым;
• Эгерде, Азирети Муфтий аманатында болгонумда, булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берген болоор элем;

Мени кээ бирөөлөр радикал же башка деши мүмкүн. Мен болгону – алар укуктарын пайдалангандай эле – сөз эркиндиги деген укугумдан пайдаландым.
Жогорку Кеӊештин интернеттеги дарегинде жайгашкан бул депутаттардын туулган району менен айылын жана кайсы фракциядан экенин айтып койсом ашыкча болбос. Балким кимдин бирөөгө пайдасы тийип калаар:
1. Акаев Жанар. Алай районунун Кабылан-Көл айылы. «СДПК» фракциясы. ЖКдагы мечиттин кереги жок деп айтып эле, жакында айылына мечит ачкандардын катарында жүрдү. Момун мусулман бир алданган жерине экинчи ирет алданбайт.
2. Токторов Алмазбек. Ноокат району, Эски-Ноокат айылы. «Кыргызстан» фракциясы. Фракция жетекчиси Канат ажы Исаев (намаз окуйт).
3. Исмаилова Аида. Бишкек. «Республика-Ата-Журт» фракциясы. Соттошуп мандат алган.
4. Молдобекова Гүлкан. Талас району, Кара-Ой айылы. «СДПК» фракциясы.
5. Самигуллина Альфия. Бишкек. «СДПК» фракциясы.
6. Строкова Евгения. «СДПК» фракциясы.
Акырында муфтиятка сунушум:
Динибизди таза сактоо максатында, муфтиятта, динге каршы иш жүргүзгөн, динибизге душмандык кылган, Ислам баалуулуктарын мазактаган, башка динде болгондордун (өзүн мусулман катары көрсөткөндөрдүн) ысымдары атайын базада камтылса. Анткени касиеттүү жаназа намазы мусулмандарга гана окулат эмеспи. Бекер жерден гайрыдинге жаназа окулуп калып, мусулмандардын көрүстөнүнө коюлуп калып, анын жанындагы жаткан башка момун мусулмандарга алардын кесепеттери тийип калбасын. Окуган молдоке да күнөөкөр болуп калбасын.
Кудай Таалам адаштырбасын…
Чубак ажы Жалилов

20 comments

  • _ says:

    Туура, мен да Жанардын жаназасына турбайм!

    • Патрик says:

      Жаназага турбасан, сен ханафий мазхабында эмессин.

      Ичимдик ичип өлгөн адамдын абалы

      Чоң күнөө ишти жасап өлон мусулман адам бул дүйнөдөн каапыр бойдон кетет деп ишенишкен харижилерден бир тайпа Имам Азамдын жанына келип маселенин чоо-жайын түшүндүрбөй туруп, шарт эле:
      – Мечиттин алдында эки жаназа бар. Бири эркек киши. Ал арак ичип жатып, анысы тамагынан ары кетпей, ошол жеринде мүрт кетиптир. Экинчиси аял киши. Ал зынанын айынан боюна бүтүп калгандыгын билери менен өзүнүн жанын өзү кыйыптыр. Булар тууралуу эмне дейсиң? – деп сурап калышты.
      Улуу Имам алар жөнүндө бирдеме деп айтаардан мурун жакшылап тактоо керектигин келген адамдарга түшүндүрүү максатында аларга мындай деген суроолорду узатты:
      – Ал экөө кайсы элден экен? Жөөтөр бекен?
      – Жок!
      – Христианбы?
      – Жок. Андай эмес.
      – Бутпараспы?
      – Жок!
      – Анда алар кайсы динди тутунуп жүрүшкөн экен?
      – Алар “Алла Тааладан башка эч кандай Кудай жок, Мухаммед Алла Тааланын кулу жана Элчиси”, – деп ишенишкен адамдар.
      – Ммм. Бул шахадат келмеси ыймандын үчтөн бири, же төрттөн бири, же болбосо бештен бириби?
      – Ыймандын андай үчтөн бири, төрттөн бири, же болбосо бештен бири дегени болбойт. Ыйман деген бөлүнбөйт да.
      – Анда шахадат келмеси ыймандын канчалыгы болот?
      – Толугу, баары дейбиз…
      – Андай болсо, мага узаткан сурооңордун жообун өзүңөр айтып жатпайсыңар го. Силер алардын мусулман экениндигин айтып айтпасыңарбы? Бул маселе тууралуу мына буларды айтсак болот:
      Ибрахим пайгамбар (алейхис-салам) ал экөөнөн да чоң күнөө иштеген калк жөнүндө мындай деген: “Ким мени ээрчисе – ал менден! Ким мага моюн сунбаса, Жаратканым! Акыйкатта, Сен Кечирүүчү жана Мээримдүүсүң!” Ибархим пайгамбар (алейхис-салам) душмандарынын да кечирилишин каалап жатат. А силер эмне болуп жатасынар? .. Анан дагы, Иса пайгамбар (алейхис салам) болсомындай деген: “Эгер Сен аларды азапка салсаң – алар Сенин пенделерин. Эгерде аларды кечирсең чындыгында Сен – Мартабалуу жана Даанышмансың!”. Ошентип Иса пайгамбар (алейхис салам) да ыймансыздардын кечирилишин каалап жатат…
      Имам Азам Абу Ханифа (рахимахуллахи таала) аларга Курани Каримдин аяттарынан удаама-удаа бир топ далилдерди келтирип, аларды бир-бирден чечмелеп түшүндурүп берди. Мына ошондон кийин гана харижилердин бир тобу курал-жарактарын таштап, мусуландарга душмандык кылбай калышкан. (“Улуу Имам Абу Ханифа” китеби 2014-ж. , 227-229 б. ).

  • Айбек says:

    эл сыйлаган Чубак ажы, озунуздун жек коруунуз учун элдин баарына чакырык таштаганыныз болбос дейм. Сизди коп эл урматтайбыз. бирок, башкалардын ою сиздин ой м-н дал келбей калуусу керек эмеспи?

  • Адилет says:

    Чубак ажы сиз дин тармагында сыйлуу адамсыз , анынызда калет жок . Бирок жалпы мусулмандардын коз карашы жана башка 80 улуттун пикирлерин да эске алуунузду суранам жаназага турбайм дейсиз, сизди эч ким чакырбашы керек жаназага сиз озунуздун каалонуз менен барышыныз керек .Казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса дейсиз, СИЗ да динден ар кандай бурмалоо,угутоо иреетинде коп динди карманган адамдарды , башка намазга жыгылбаган адамдарга согуш ачкандай мамиле кылып жатасыз. Акырете кимибиз таза кимибиз булганыч экенин кудай озу тараза ташына салаар. Намаз бул ар бир адамдын озунун эрки эч бир тышкы кучтор мажыбулабаш керек. Динди да аябай булгадынар азыр карап корсонуздор ” Мурункунун алкаштары азыркы замандын имамдары ” десек да болчудай .

    • Жоокер says:

      Экижуздуу Адам кызыл тил болсода, оозу сасык. Аркайсы фитналарды чыгарып, динге каршы болгон ошол мунафыктын жаназасына озун барабер. Коп суйлобой.

    • Акмат says:

      Чубак ажы туура айтат, Жараткан Кудай сизге ыраазы болсун.

      Бирок элди ойлобогон, элдин камын корбогон депутаттарга татыктуу мамиле кылуу зарыл. Канча деген кыргыз мусулман эркектерибиз жумуштарынан, кете албай жума намазды калтырышат.

      Сиз болсо Адилет, “мурунку алкаштар” деп озунузду которгон, менменсинге, текебер киши экендигин билдирдиниз. Жашыруун душман, эки жуздуу “мунафык”деп силерды айтат. Жараткандын сотуна калсырдым силердин баарынарды. Умуттоном жакын эле арада же окуносунор, же кор болосунар. Оомин.

  • Максат says:

    Сизди элдин баары сыйлаган адамсыз, бирок адамдын өлүмүнө тиешелүү сөздөр бул адамдын коопсуздугуна коркунуч алып келүү болуп эсептелет. Момун мусулман адам башка адамдарга ыймандыгын жана Кудайдын пендеси экенин көрсөтүшү керек. А сиз болсо журт арасына бөлүнүү алып келип жатасыз, сөздү сүйлөгөндө ойлонуп сүйлөш керек.

  • ее says:

    ЭЭй Кыргызым, Кыргызымдын келечеги жок корунуп калды.

    Келечегибиз Афганистанга окшоп барат ко.

    Жакында баарыбыз Чубак ажыдай селде кийип, автомат алып тоо аралап чуркап калабыз го.

    • Маннасчы says:

      Кыргыздын Касиети эң Жогоруу Касиет. Ар бир оозубуздан чыккан сөз кабыл болуп “программа”дай болуп калат. Ошондуктан ар бир оозуңан чыккан сөзду байкап айт! Кыргыздын келечеги өтө кең! Кыргыз Эли Улуу Эл! Башка мамлекеттер менен биздин Өлкөбүздү салыштырба.

  • Журналист says:

    Динди түшүнбөгөндөр үрө бергиле.Чубак ажы динди айтып жатат.Динди түшүнбөгөн соң Чубак Ажынын айтканын кыпынын да түшүнө албайсыңар!

  • анара says:

    Кудай Таалам ыйык Куранда айтат:
    «Эй, момундар!
    Качан азан,
    Айтылганда жума күнкү намазга,
    Шашылгыла,
    Алланы эске салуу (жумушуна).
    Соодаӊарды токтоткула!
    (Соодадан артык соода бар, пайдасы чоӊ,
    Өтө кылдат болгула бир ушуга!)
    (Пайда издесеӊ,
    Алланы эстеп, зикир кылгын оболу),
    Эгер билгиӊер келсе, ушул иштин,
    Акыбети жакшыраак да, жогору.
    Бүткөн кезде намазыӊар окулуп,
    Тарагыла жер-жерлерге,
    (Бараар жакка багытты түздөгүлө.
    Алла Жоомарт), ырыскыны Берүүчү,
    Бир Ошондон алчуӊарды издегиле!
    Алланы көп эстегиле!
    (Тынчтык конот жүрөк менен маанайга),
    Жетесиӊер (көптөн күткөн) таалайга!»

  • Бекзат says:

    Чубак! сен анык чунак турбайсыңбы! Депутаттарга асылып жихад жарыя кылыпсың! Жамандыр, жакшыдыр аларды мыйзам коргойт! кандай добуш бергени менен сенин эмне ишиң бар? Окуган намазыңды жөн окуй бербейсиңби! Ириген ооздон чириген сөз чыгат кылыпсың! Тапандыгың жерде калсын, тапандыгың сенин тайыздыгың! Элементарно көөп кеттиң окшойт баччагар! Же сен өзүңдү жөнөкөй пенде деп сезбей пайгамардай сезип жүрбө? А балким сен кудай болуп калдың? Ойлонсоң!!!

  • Фара says:

    Чубак ажыны колдойбуз

  • кыргыз says:

    Ансыз деле кээ бир депуттарды деле корбойбуз, озуну мамлекттик жумуштан ойдороок коргон иштерин кылып жургондур, бирок намазга бир саат болууну ызы чуу кылбай колдоп койсо
    болмок, андан коро жыйынга келбеген депуттар тууралу ызы чуу кылса жарашып калмак

  • Жыргал says:

    Чубак ажыны колдойбуз.
    Ага каршы суйлогондорго конул бурбай эле койгула,
    Алар шайтандардын достору, эл арасында уруш талаш чыгаргандар. Орусча айтканда – провакаторы!
    Алар менен урушсанар, алар оз максатына жеткен болот.
    Болгону эч ким менен урушпай эле, мыйзам турундо мусулмандардын укуктарын коргосок болот.
    Мисалы: биз мусулмандар жалкоо болбой активно ушундай мыйзамдардын тузулушуно катышып турсак жакшы болот. Закон бойунча эн жогорку бийлик бул кыргызстандын эли. Ошону колдонуп эн азы 300 000 адам бир законду колдоп откорсо болот. Керек болсо конституцияны озгортсо болот. Конституцияда гос.религия деген жеринде – светское государство деп турат. Ошону биз гос.религия – ислам деп ондоп койсок жакшы болор эле. Мисалы малайзияда ошондой – мусулмандардын укугун эч ким тебеле албайт, эч ким шылдындабайт. Айабай онугуп келе жатышат. Ал жерде халифат жок, болгону ислам динин официальный кылып бекемдеп коюшкан. Малайзияда башка диндегилер да озунун динин каалагандай тутат, эч ким аларга тоскоол болбойт. Чыныгы демократия ошол жерде. Кааласан мусулман бол, кааласан башка динде бол, каалаганынды кыласын. Болгону мусулмандарга таш ыргытпа. Эл арасында тамеки тартпа ичимдик ичпе, кыска юбка кийбе, тизеден ылдый болсо боло берет. Болгону ошол эле.

  • Бакыт says:

    Самигуллина Альфия, Строкова Евгения – булар биздин парламентте эмне кылып журушот? Ушулар чечет бекен биздин жашообузду? Кайда баратабыз, келечекте кандай олко болобуз? Абал ото оор!

  • manas says:

    Мен ушул мыйзамдын кабыл алынышын кутуп жатам. Себеби мен да мемлекеттик кызматкермин, кээ бир жетекчилер жума намаз тууралуу терс маанайда, бирок биз жаштар ар дайым жума намазга катышып келебиз, жумуш маалында жума намазга барбагыла, же мам қызметкер же молдо болгула деген создорду да угуп жатабыз, бул мвйзам кабыл алынбаса да бара беребиз, себеби бул биздин кудай алдынды парз амалыбыз. Ж.акаевди сыйлап келгем, эми ал киши мандат алгандан кийин ушундай болуп озгоруп кетээрине тан калдым. Дагы шылдыгансып мыйыгынан кулуп койот

  • жонокой кыргыз says:

    Ар ким оз оюн айтууга акылуу. Башканын ою анын оюна туура келбей калса эле, аны шыбаган кудайга да жакпайт. Ушуну билип койгула. Баары эле Чубак ажы айткандай боло бербейти да. Анын кудайдын атынан суйлоого акысы жок.

  • Аскарбек says:

    Негизи мамлекет онугууну баарыбыз каалайбыз, баарыбыз бай мамлекетте жашаганды каалайбыз, мамлекет онугуу учун бийлик адамдары ар туркун закондорду сунушутап жана кабыл кылышат, Кыргызтан олкобуздо кенге бай мамлекетпиз, бизге эмне жетишпейт, бизге адамдык сапаттарды жоктугу жетишпейт эгер ар бир инсандын журогундо адамгерчилик бирин бири суйуу менен мамиле жасап жургондо мамлекетибиз эчак эле онукмок, азырда деле Кудайга шугур. Онукон мамлекеттерде биринчи орунда адамдык сапатты баалашат экен, мисалы мен азыр россия олкосундо иштеп жатам кээбирда жумуш учурнда кемчилдиктер менен кетсе же алардан кетсе кечирим сураганга шашылат жана кечире билет адамды башка улут экенибизге карабай, адамдарды басмырлай бербейт, эгер ушу жумуш бизде болгондо орустар же башкалар биздин олкодо ушундай иштеп калганда жумуш кылбай эле жумушчулар менен алпурушуп журо берсек керек эле, баякы мамлекет толоп берет деп семичкасын чага берген кыргыз айымга окшоп. Негизи тообо кылалы акыркы учурларда Кыргызстанда адамдардын пейлине жарашада заман болуп жатат. Жер титироо, сел алып кетуу, кышында кардын жоктугу, жазында кундун ото ысыктыгы, булардын баары оз мезгили оз орду менен болбосо жашоогода коркунуч алып келет демек тообо кылып кечиримдуу болуп бири бирибизди сыйлап бири бирибизди кыргыз экен учун сыймыктанып суйуп жашасак мен ойлой адамдардын пейлида мамлектда онугот деген умуттомун. Муну менен эмнени айткым келди чынында бир саатка жума намазы узартылып мусулмандарга ынгайлуу шарт жаратса мен колдоймун, онугу мына ушудан, адамдар исламды терен тушунуп динге жакындаган сайын адамдардада бири бириге болгон мухабат пайда болот, мухабаттын айынан береке жана ыйман, биримдик, биз каалаган онугуу мамлекет болот.

  • Асылбек says:

    Чубак ажы эл баалаган адам бирок бул жолу ачууга алдырып тура эмес суйлогон (аша чапкан)

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *