Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Салык кызматкерлери мага салыкты ашык жазып коюшкан, алардын жоопко тартылышын талап кылам”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев салык кызматкерлерине нааразы болгонун  “Твиттердеги” өздүк баракчасына бүгүн, 4-январда жазып чыкты.

Анын айтымында, салык кызматкерлери депутаттын документтерин туура эмес толтуруп койгон. Тагырагы, алар салыкты ашык жазып, Башкы прокуратурага жөнөтүшкөн. Алар мындай иши үчүн жоопко тартылышы керек. Өзүнүн актыгын далилдеш үчүн депутат документтерди чогулткан. Башкы прокуратура менен Салык кызматы депутаттын билдирүүлөрү боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Эске сала кетсек, Дастан Бекешев буга чейин Башкы прокуратура анын салык декларациясын текшере баштаганын жазып чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *