Экономикалык кылмыш менен күрөшкөн кызматкерлерди киреше салыгынан бошотуу маселеси каралды

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору боюнча Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев баяндама жасады.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору адистештирилген укук коргоо органы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыш менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жеке курамын теңештирүүнү кепилдендирүү, социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору менен КР Салык кодексинин 167-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен Экономикалык кылмыш менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин кирешелерин киреше салыгын төлөөдөн бошотуу сунуш кылынат.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын бир кызматкеринен жылына он тогуз миң сом киреше салыгы кармалат.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *