Бүгүн Жалал-Абадда жер титирөө болду

Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад облусунда эртең менен күчү 3,5 баллга жеткен зилзала катталган.

Илимдер академиясынын Сейсмология институнун берген маалыматына караганда, жер титирөө очогу Кыргызстан аймагына туура келип, Ничке-Сай айылынан чыгышка 2 чакырымда, Кыргызстан айылынан түштүк чыгышка 8 чакырымда, Жалал-Абад шаарынан түштүк- чыгышка 38 чакырымда жайгашкан.
Жер титирөө Ничке-Сай, Кыргызстан, Кайрат, Жийде, Калта, Зергер (2.5 балл) айылдарында да катталган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *