Фото – Сузактагы жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактарда жашап жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кечээ, 27-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими Абдумуктар Маматов, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстанбек Асанов, ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов баштаган ӨКМнин жер көчкүлөр жүрүүчү жерлерге мониторинг жүргүзүүчү адистери Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу бир катар айылдарда болушуп, эл менен жолугушту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу  өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Отображается файл "Сузактагы кочку журуучу кооптуу аймактар 092.jpg"

Жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактарда жашап жатышкан элге дагы бир ирет  жеринде атайын дагы кезектеги кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.     Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында 34 үй-бүлө атайын эскертүү берилгенден кийин үйлөрүн бузуп көчүп чыгып кетишкен. Бирок, дагы 34 үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып жашап жатышат.

Отображается файл "Сузактагы кочку журуучу кооптуу аймактар 104.jpg"

–   Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында жер көчкүдөн улам бир үй-бүлөдөн 6 адам каза болуп олтурат. Кудай дагы сактанганды сактаймын дейт. Сиздерге кооптуу аймактардан көчкүлө деп биринчи ирет келип жатканыбыз жок. Мамлекет үчүн адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Быйыл кыш айлары жаан-чачындуу келди. Кар дагы көп түштү. Бул кооптуу жерлерден тез аранын ичинде тууган-уруктардыкына көчүп чыгыңыздар. Жер участкаларын ажыратып бердик, эми ал жерге жаңы турак-жайды салуунун аракеттерин жасаңыздар. Биз ишибиз жоктугунан Сиздерге бат-бат келип, түшүндүрүү иштерин жасап жатканыбыз жок. Эл-журттун амандыгы биз үчүн баарынан кымбат. Ошондуктан тез арада бул кооптуу аймактардан көчүп кетүүнү талап кылабыз. Электр энергиясы өчүрүлдү, эми ал кайра жандырылбайт,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Отображается файл "Сузактагы кочку журуучу кооптуу аймактар 109.jpg"

Учурда Сузак району боюнча 1638 үй-бүлө ӨКМнин адистери тарабынан атайын эскертүүлөр берилгендигине карабастан кооптуу аймактарда жашап жатышат. Ачы өрөөнүндө жер көчкү жүрүү коркунучу бар айылдардын жашоочуларына Талаа-Булак айылынан 30 га. жер аянты трансформацияланып, 350 үй-бүлөгө 8 сотыхтан жер участкалары 2016-жылдын күз айында  ажыратылып берилген. Бул боюнча КРнын Өкмөтүнүн токтому кечирээк чыгып калгандыктан, турак-жай курулуштарын баштоо быйылкы жылдын жаз айларына  калтырылган.

Отображается файл "Сузактагы кочку журуучу кооптуу аймактар 018.jpg"

–     Бул кооптуу аймактарда жашоо гана эмес, бир күн дагы турууга  болбойт. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дейт элибизде. Өзгөндөгү табигый кырсыктын кесепетинен – жер көчкүдөн бир үй-бүлөдөн 6 адамдын өмүрү кыйылгандыгын уктуңуздар. Ошол үй-бүлөнүн башчысына бир күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусттук  башкармалыгынын адистери бул жерден шашылыш көчкүлө деп эскертүү беришкен экен. Арты минтип адам өмүрлөрү кыйылган трагедия менен аяктап олтурат. Ошондуктан күтүүсүз келүүчү табигый кырсыктар менен ойношпойлу. Мобуреки ойноп жүрүшкөн жаш балдар бул жерде такыр болбошу керек,- деди ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов.

Отображается файл "Сузактагы кочку журуучу кооптуу аймактар 124.jpg"

Сузак районундагы Соку-Таш айылында жалпы көлөмү 564 миң метр кубду түзгөн эки көчкү ордунан козголуп, 9 үйгө олуттуу коркунуч туудуруп калды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук адистери Ак-Терек айылынын жашоочулары менен дагы жолугушуп, элге дагы бир ирет тез арада көчүп чыгуу талаптарын коюшту. Кооптуу аймактарда жашап жатышкан эл жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан айтылган талап туура экендигин моюндарына алышып, кооптуу аймактарга көчүп чыгууга негизинен макулдуктарын беришти.

Отображается файл "Сузактагы кочку журуучу кооптуу аймактар 066.jpg"

–       Элибиз деле жергиликтүү бийлик башчыларынын айткандарын туура кабыл алып жатышат. Азыр бул кооптуу аймактарда болгону ар бир үй-бүлөдөн бирден адам калып, мал жандыктарын карап жатышат. Жумуш жок, болгону мал кармоо менен жашоо тиричилигибизди өткөрүп жатабыз,- дейт Алмалуу-Булак айылынын жашоочусу Сапарбек Ажыматов.

–       Өз өмүрлөрүн тобокелдике салып жашап жатышкан, кезинде мамлекеттен ссуда жана жер участкаларын алышып, бирок азыр эч жакка көчпөйбүз деп жатышкан 29 адамдын ишин  Сузак райондук сотуна өткөрүп бергенбиз. Бирок, соттошуунун машакаты дагы аябагандай көп экен. Адвокат жалдоо, ага акча төлөө, бир адисти ушул ишке байлап бекитип койуу деген болот экен. Бул айла кеткендиктен улам барган аргасыз кадамыбыз болууда. Эл өзү түшүнбөсө кыйын экен,- деди Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстанбек Асанов.

Отображается файл "Сузактагы кочку журуучу кооптуу аймактар 084.jpg"

Жалал-Абад облусунун аймагында жер көчкү жүрүү кооптуу аймактары Сузак районунан сырткары Базар-Коргон, Аксы райондорунда жана Майлуу-Суу менен Көк-Жаңгак шаарларында сакталып турат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *