Ишенгүл Болжурова, коомдук жана саясий ишмер: “Роза Отунбаева башына сары шляпаны кийип алып, музейге жөн барган жок. Сары түс – ыңкылаптын түсү, бир чатактынбы же бир нерсенин башталышы деп ойлойм”

“Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу” аттуу китебинин бет ачарына экс-президент Роза Отунбаева барып, сүйлөгөн сөзүн саясатчылар да талкуулап жатышат. Коомдук жана саясий ишмер, КУУнун мурдагы ректору Ишенгүл Болжурованы студиясына чакырып, журналист Нурлан Шакиев маектешиптир. Маек арасында ал Роза Отунбаеванын айткандары боюнча оюн сураптыр. Болжурова Г.Айтиев атындагы музейге жөн барбаганын айтыптыр.

“Отунбаева жөндөн-жөн сүйлөгөн жок. Жөндөн-жөн эмоцияга берилген жок. Ал такшалган, тажрыйбалуу саясатчы. Башына сары шляпаны кийип алып, ал жерге жөн барган жок. Отунбаеванын тарапштары дайыма сары кийинип жүрүшөт. Сары түс – бул ыңкылаптын түсү, бир чатактынбы бир нерсенин башталышы деп ойлойм. Ансыз деле буга чейин “түндүк-түштүк”, “кыргыз-киргиз” деп бөлүнүп жатканда, эми “айылдык-шаардык” деп бөлүндүк”,-дептир И.Болжурова.

Эске сала кетсек, 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде болуп өткөн. Ага экс-президент Роза Отунбаева барып, сүйлөгөн. Андагы сүйлөгөн сөзү төмөндө:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал кечээ, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *