Камчыбек Ташиев, «Ата-Журт» мекенчил партиясынын лидери: «Кырсык болгон жерде мамлекет башчысы эмес, жөнөкөй акимдин орун басары болбогондон кийин карапайым эл кимге таянат?»

— Камчыбек Кыдыршаевич, Өзгөн дөгү Аюу-Сай айылында көчкү түшөөрү менен барып көрүп келипсиздер. Өкмөт тарабынан кандай жардамдар болуптур?

— Туура, биз көчкү түшөөрү менен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Сай айылына барып келдик. Белгилүү болгондой кырсык болгон жайга Адахан Кимсанбаевич, Ахматбек Келдибекович, Элмурза Ракиевич, Алмамбет Матубраимов болуп барып келдик. Барып көрүп келген адам катары айтайын. Кооптуу жагдайлардан чыгуу боюнча өзүм иштеп жүргөн адам катары байкаган нерселерим боюнча айтып беришим керек. Биринчиден, ошол жердеги элдерге ушул жерден болгон окуяны болгондой кылып биз коомчулукка жеткиребиз жана тийешелүү органдардан ушул окуя боюнча керектүү чараларды көрүүсүн суранабыз деп айтканбыз. Биз бараарыбыз менен ошол жерде жоопкерчиликтүү адамдардын жок экени көзгө көрүндү. Ал жерде айыл өкмөт башчысынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир башкармалыгынын башчысы гана бар экен. Башка эч ким жок. Райондун акими, облустун губернатору, Өзгөчө кырдаалдар министри же алардын биринчи, экинчи орун басарлары эч кимиси жок. Эл өзү менен өзү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен барган башкармалыктын башчысы өзүнүн куткаруучулары менен бирге иш алып барып жатышыптыр. Эл ыйлаган жерде ыйлап, сооронгону сооронуп жатат. Аларга психологиялык жактан жардам берген, соороткон, айтып – деген эч ким жок. Мурда өзгөчө кырдаалдар тармагында иштеп кеткен адам катары кеп- кеңештеримди берип кайттым. Эл бирөө келип түшүндүрөбү деп күтүп олтурушат. Көчкүнүн көлөмү 3 метрден ылдый болуп кете турган болсо аны биз куткарбайбыз, аны казып чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Аны элге түшүндүрүү зарыл. Ал жерге 8–15 метр тереңдикте топурак түшүптүр. Муну алып чыга албайбыз, алып чыкканга мүмкүнчүлүк жок. Андан көрү шейит кеткендерди мүрзө кылып калтыралы, айланасын тосуп эстелик коёбуз деп чуркаган мамлекеттик кызматкерлери жок. Биз мунун баарын түшүндүрүп айттык. 24 адам өлүп жатса эмнеге ошол жерде мамлекеттик жоопкерчилиги чоң адамдардын жок экенине таң каламын. Эмне үчүн аким, губернатор, Өзгөчө кырдаалдар министри ошол жерге жатышпайт. Бул кызматтагылар ошол жерде жатып, элге акылын айтып, байланышып соорото турган адамдар болушу керек да. Эч кимиси жок. Муну мамлекет башчысы билеби-билбейби билбейм. Окуя болоору менен барган бийликтегилер, спикер он беш минуттай туруп сүрөткө түшүп анан кетип калышты. Эл болсо өзү менен өзү өз маселеси менен калды. Өздөрү кетсе да мамлекеттик кызматкерлер калышса болмок. Бул негизги элге болгон кайдыгер мамиле болду. Мисалы 2008-жылы 15-апрелде Аксы районунда ушундай көчкү түшүп элди басып калган. Кырсык болоору менен мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлгөн. Комиссиянын Төрагасы болуп ошол убактагы мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол шайланган. Комиссияга губернатор, аким, мен Өзгөчө кырдаалдар министри катары, райондун акимдери, ИИМдин тийешелүү адамдары күнү-түнү иштегенбиз. Менин орун басарларым болуп ошол жерде жатканбыз. Мукамбет Касымалиев экөөбүз бир бөлмөдө жөн эле жерде төшөк салып жатып иш алып барганбыз. Адамдардын башына түшкөн мүшкүл ишти тең бөлүшүп, алар менен чогуу болуп сооротконбуз. Ал жерде мамлекеттик чоң кызматтагы адам турса жардамдар дагы келе баштайт, эл дагы сооронот, мамлекет башчыларыбыз бар экен деп сооронмок. Нурадагы кырсыкта азыркы депутат Аалы Карашев губернатор эле. Карашев экөөбүз бир вагондун бөлмөсүнө эки керебетти тыгыз коюп жатканбыз. Түнү менен жер титиреп чыккан. Эртеси күнү президент баш болуп бүт мамлекеттик кызматкерлер келишкен. Аалы Азимович мени калп айттырбайт, күнү түнү эл менен болгонбуз. Азыр эл минтип жабыр тартып жатса барып карап элдин жанында турган киши жок. ӨКМ министри чыкпай жатыш керек болчу элдин жанында. Ал кайда жүрөт, эмне иш кылып жатат? Калп эле президентке отчёт бергени менен элди караган эч ким жок.

— Сиздер барган күнү мөндүр жаап жатпады беле, тигилген чатырлар сапаттуу бекен?

— Ооба, чатыр тигип коюшуптур. Чатырдын ичи ылай. Адам жатып эс алмак турсун ичине тура албайсың. Жылуу кийим деген жок, төшөнчү деген жок. Эч нерсе жок. Эл көчөдө жүрөт. Сегиз үйдү кырсык басса, анын жогору жагындагы 80ге жакын үйдүн адамдары кайда бараарын билбей тоонун башында басып жүрүшөт. Мына ушуларды көрүп элибиздин кор болгонуна кейидим. Мен муну болгонун болгондой айтып жатам. Бул жерде саясат кылайын деген ниетим жок. Мүмкүн муну мамлекет башчысы билбейттир. Балким аларга отчётту башкача берип жатышкандыр. Бирок мен барып көргөн акыбал ушундай болду. Эгерде министр болгондо башкача кылмакмын. Ошол жерде жатып иш алып бармакмын. Орун басарларым ар бири өз багыты менен иш алып бармак. Ушунун баарын көрүп капаландым.

— Өзгөндөгү “Тосой” айылында жер титиреп элди басып калганда Аскар Акаев жетип барган дешет. Нурада деле өзүңүз айтып олтурасыз эртеси президент барган деп. Эмнеге биздин президент барып койгон жок деп ойлойсуз?

— Мындай кырсыктан саясат издебешибиз керек. Ушундай мезгилде мамлекет башчы болобу, мамлекеттик кызматкер болобу жакыны каза тапкан ар бир адамга кайгырып көңүл айтканга милдеттүүбүз. 24 адам өлүп жатат, күйбөгөн жерим күл болду дагы бир жолу айтайын. Кырсык болгон жерде мамлекет башчысы эмес, жөнөкөй акимдин орун басары болбогондон кийин карапайым эл кимге таянат? Бул деген элге кайдыгерлик мамиле. Кайран элим, журтум өтө чоң кайгыга батып туруп кор болушуптур. Айтпасаң болбой турган дагы бир маселе бар. Жабыр тарткандардын 99%ы түрк улутундагылар, кыргыздар эмес экен. Демек бул жерде өтө көп жоопкерчилик менен карашыбыз керек. Эмне кыргыздар эмес экен деп карабай коёлубу? Ал байкуштардын жакындары болбосо көчөгө таштап коюп “булар арызданбайт, өздөрүнүн кайгысын өзү жеп жата берет”- деген болбойт да.

— Кырсык болоордон алдын-ала эскертүү бергенбиз деп жатпайбы? Негизи канча күн мурун эскертүү берилет?

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын Кыргызстандагы кооптуу деген жерлер боюнча китеп чыгарат. Кайсыл жерди суу алып кетиши, коопсуз маселе болушу мүмкүн. Ошол жерде канча адам жашайт, канча үй бар баарын эсептеп чыгышат. Бул китепте быйылкы кырсык баскан Аюу-Сай айылы дагы болуш керек. Өзгөчө кырдаалдар министрине алдын- ала эскертүү бергенсиңерби десем, ооба, үч үйгө эскертүү бергенбиз дейт. Ошол жерди качан чалгындадыңар эле десем маалымат жок. Эми мунун баарын прокуратура териштирип чыгышы керек. Бизде жарандык коргонуу боюнча атайын мыйзам кабыл алынып “жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери жана тийиштүү ведомстволордун жоопкерчиликтери каралган. Бул адам өлүмү катталган жерде эгерде жоопкер болсо аларды мыйзам чегинде жоопко тартыш керек. 24 адам өлүп жатса табигатка шылтап коюп олтура бериш өтө чоң калпыстык болот.

— Нура айылында кырсык болгондо сиз, президент дароо эле жетип баргансыздарбы?

— Нурада кырсык түнкү саат 3тө болду. Эртең мененки саат 7де мен ошол жерде болдум. Эртең мененки саат 7:30да президентке абалды тааныштыргам. Президент мага «сага эмне жардам керек» дегенде “Коргоо министрлигинин вертолётторун жибериңиз! ”-десем, эмне кыласың дегенинен “жарадарларды Ошко алып барып ооруканага жаткырышым керек. Жол жаман, 12 саат жол жүрсөк жетпей калышы мүмкүн”- десем “вертолёт канча саатта барат экен?”- дейт, бир саатта десем “бир жарым саатта Коргоо министрлигинин вертолёттору барып калат. Баардык чараларды көргүн”- деди. Бир жарым саатта Коргоо министрлигинин 3 вертолёту келди, биз жабыркаган адамдардын баарын алып чыгып кеттик. Алып барып Ош облусттук ооруканага жайгаштырып, көп адамдын өмүрүн сактап калдык. 17 жаштагы кызды гана кан көп кетип калып сактай албай калдык. Ушундай чараларды көрүш керек эле да. Ушундай өзгөчө кырдаал учурда андай вертолётторду иштеткенге акыбыз бар. Ага бир гана башкы кол башчыбыз президент гана буйрукту уруксат берет. Ал жерге Өзгөнгө машина бир саатта барат экен, жолдун жаманын көрдүк. Ошол мезгилде бир чара көрүш керек болчу да. Аюу-Сай айылында болгон жаратылыш кырсыктарында элди карабай, көңүл бурбай коюшкан. Кырсык болгон жерге барган өкмөт башчыны, спикерди жандап барышып узатып өздөрү менен өздөрү алек болуп анан кетип калышкан. Калганын өзүңөр кыла бергиле деп кетип калышкан. Бул өтө өкүнүчтүү.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *