Кичинекей баланын телефонун тартып алган адам кармалды

Чүйдө өспүрүм баланын телефонун тартып алган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Күн-Туу айылындагы  С.Г. аттуу жашоочусу небересинин  «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун белгисиз бир бейбаш бала тартып алганы боюнча арыз менен милицияга кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү бат эле табылып, кармалган.  Ал Сокулук районундагы 19 жаштагы жигит болуп чыккан. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *