Көк-Жар айылынын тургундарынын WhatsAppтагы кайым айтышы ок атышуу менен аяктады

Көк-Жар айылынын тургуну октон жаракат алып, Бишкектеги ооруканага түшкөн. Бул тууралуу кечээ, 7-августта журналисттерге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучу тууралуу ооруканадан Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө билдиришкен жана бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча катталган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган.

Маалыматка ылайык, 6-августта, түндө болжол менен саат 23:00 чамасында Көк-Жар айылындагы “Ай-Көл” жаңы имаратынын жанында 28 жаштагы К.Ж. жана 27 жаштагы К.А. WhatsApp тобундагы акыркы кайым айтышуулардан улам жолугушуп, ортосунда жаңжал чыккан.

Эркектер ортосундагы жаңжал акыры мушташка айланган. Мушташта биринчиси арматура менен урса, экинчиси ок аткан. Натыйжада экөө тең медициналык жардамга кайрылышкан. Алар милицияга арыз жазуудан баш тартышкан.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *