Кордайдагы жаңжалга байланыштуу кыргыз-казак чек арасы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Кыргыз-казак чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Казакстандын Кордай районунун Масанчи айылындагы массалык башаламандыкка байланыштуу кыргыз-казак чек арасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 7-февраль күнү Жамбыл облусундагы Кордай районундагы Масанчи айылында казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжыл чыккан.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *