Коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын жаш курагы айтылды

Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар Жалал-Абаддагы ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта коронавируска каршы көрүлүп жаткан өкмөттүк чаралар боюнча брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавируска 70, 62 жана 46 жаштагы эркектер чалдыккан. Алардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалоодо. Мындан сырткары, алар менен чогуу учакта учуп келген адамдар дагы обсервациялоо жайларына жайгаштырылганын айтты.

“Учакта 135 жүргүнчү болгон. Бүгүнкү күндө алардын 90нун таптык. Бардыгы обсервациялоо жайларына жайгашкан. Адамдар ситуацияга түшүнүү менен мамиле кылууда. Түнгө карабай анализдерди тапшырып жатышат” – деди министр.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *