Курманбек Бакиев 24-июнда Москвадагы кыргыздарды чогултту

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев 24-июлда Москва шаарында жашап, иштеген кыргыз мигранттарына ооз ачырып чогултуп, сый тамак уюштурду. Бул тууралуу Москва шаарындагы мигранттар кабарлады.

Оз ачуу кечесине Курманбек Бакиевдин иниси Асылбек Салиев келип, экс-президеттин куттуктоосун айтып, чогулган элге куттуктоо сѳзүн билдирип, ыйык Рамазан айында тилеген аруу максаттар ишке ашсын деди.

200дѳн ашык мекендештердин арасында Бауман атындагы кафедранын доценти Маматжан Акжолов, Кыргызстадын Оруссиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров, “Ала Тоо”  коомунун жетекчиси Жамилия Бегиева жана Орусиянын баатыры  Марат Исаевдер келишти.

Булак: maalymat.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *