Кылмышкер милициялардын кылмыш иши качан аяктайт?

Акыркы бир нече жылда  Кыргыз Республикасынын укуктук түзүмдөрүндө белгилүү бир позитивдүү өзгөрүүлөргө карабастан, зомбулукту алдын алууга  бекем  механизмдер түзүлгөн эмес.    Зордук-зомбулук жана  ырайымсыз  мамилелер менен  жазалар мурункудай эле колдонулуп келет, өзгөчө кармалган жана камалган адамдарды кылмыш ишин күч-колдонуу менен  моюнуна алдыруу  укук коргоо органдарында көп кездешет.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Чүй облусундагы Москва райондук сотунда Москва ИИБнин ыкчам кызметкерлеринин үч адамга: Мусабаев Абдусамат, Манапбек уулу Саринжи, Чоноев Нариманга карата кыйноолорду колдонгондугу тууралуу (305-1-берене 2-б.2-п) кылмыш ишин кароо боюнча соттук отуруму болду.

Жабырлануучулардын жактоочуларынын айтуусунда, 2015-жылдын 13-январында аларды (Мусабаев Абдусамат, Манапбек уулу Саринжи, Чоноев Нариман) бир үйгө ууруга кирип, 19 000 суммадагы акча каражатын уурдап алдыңар деп күнөөлөшкөн, моюнга алдырып «сындыруу» максатында Москва ИИБ үч кызматкери кармалгандарды коркутуп-үркүтүп, денелерине колу-буттары менен чапкылап-тепкилеп баштарына желим баштыкчаларды кийгизишип жана суукта муздак суу куюшкан. Кыйноолор жабырлануучулар “күнөөлөрүн” моюндарына алганга чейин, бир нече саатка созулган. Балдардын айтуусунда алардын билектерине газета ороп, анын үстүнөн кишен салышып, полго жаткызышып, үстүнө кыймылдай албагандай кылып отургучту коюшкан. Ушундан соң анын башына желим баштыкты кийгизишип, документке кол коюну талап кылышкан.

Кыйноолордон калган, кандайдыр бир катуу нерселер менен ургандан калган көк-ала тактар жөнүндөгү соттук-медициналык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар жабырлануучулардын сөздөрүн бекемдеген.

2015-жылы апрель айында Москва ИИБ 3 кызматкерине карата кылмыш иши козголгон.  Биринчи соттук процесстер Аламүдүн райондук сотунда каралган, бирок Аламүдүн районунун судьясы иштин «кылмыш жасалган жерде», тагыраагы Москва районунда, Москва райондук соту тарабынан каралышы керек деп санаган. Жабырлануучулар жана алардын туугандары ишти атайылап Москва райондук сотуна жиберишкендигин, «Өз көйнөгүң денеңе жугумдуу» экенин, анткени кылмыш иши козголгондор Москва районунун кызматкерлери болуп жаткандыгын белгилешип, нааразы болушууда.

Соттук отурумдар улам кийинкиге жылдырылып создуктурулуп келет. Акыркы жолкуда психологиялык басым жасоолордон жана аңдуулардан корккондуктан Чоноев Нариман “доом жок” деп, тосмо арызын жазган. Эки жабырлануучу менен уланган сот иши бул сапар дагы күбөлөр жетишсиз –деп 6-апрелге жылдырылды.

Михрай Мусабаева, Мусабаев Абдусаматтын апасы:

-Милициялар баламды 2014-жылдын 31-мартында түнкү саат 12-00 менен 3-00 ортосунда Беловодск айылынын Береговой көчөсүндө жайгашкан бир үйгө ууруга кирип, акча уурдапсыңар деп камака алышты. Мен 31-декабрь дегенди укканда керек болсо сүйүндүм. Себеби, жаңы-жылды уулум сүйлөшкөн кызы жана достору менен бирге үйдө тосушкан. Ал күнү кирип-чыккан кошуналар көп болгон. Бул окуяны укканда эле үйдө отурган достору, кошуналар дагы дароо эле күбө катары барып беребиз дешти. Бирок, сотто  күбөлөрдү укпай коюшту. Айтымдарында менин балама “чогуу киргенбиз” деп көрсөтмөнү Саринжи берсе, балам Нариманга көрсөтмө бериптир. Өз ара телефондон сүйлөшүп жолугушкан имиш.  Прокурордон телефондун “распечаткасын” бергиле деп канча ирет сурадым, берген жок.

Уулума милициялар тарабынан күч колдонулганы дайын болгондо, экспертиза чакыртып, облусттук прокуратурага милициялардын үстүнөн арыз жаздык.  Экспертиза Убактылуу кармоочу жайга келип текшерип, уулумдун абалынын начарын көрүшүп тез жардам чакыртышты. Тез жардам келип, дары-дармек жазып берди. Көп өтпөй балдарды беттештирди.  Анда Саринжи менен Нариман менин баламды болгон эмес деп башкача сүйлөштү. Бирок, уулум дароо чыкпай 9 күн Убактылуу кармоочу  жайда жатты. Тогузунчу күнү үчөөнү тең бошотушту. Бирок документ жүзүндө эч нерсе көрсөтүшкөн жок.  Анан дароо “Прокуратурадан милициялардын үстүнөн жазган арызыңарды алгыла” деп чакырышты. Барып арызыбызды алдык. Эки күндөн кийин тергөөчүдөн күнөөсү жок бошотулганын тастыкталган документ сурасам, берди. Окусам “кылмыш иши козголуп,  үйдүн ээси тосмо арыз жазгандыктан кылмыш иш жабылды”- деп  жазылыптыр. “Үйдүн ээсине чыгым төлөндү”- деп жүрөт. Берки эки бала дагы, биз дагы ага акча берген эмеспиз. Булар биз Прокуратурага арыз жазып, калыстыкты талап кыла баштаганыбызды көрүп, абийирлерин ушундай жол менен жабууну чечишкен окшойт. Демек, менин уулум кылбаган кылмышты кылып, бирок тосмо арыздын негизинде иш жабылган болуп калып атпайбы. Албетте, биз буга макул болгон жокпуз. “Бизге кылмыш кылган эмес деген чечимди бергиле, себеби ал кылмыш кылган эмес”- деген талапты койдук. Тергөөчү “анте албайбыз, бул иш жабылды” деген жоопту айтты. Бул кагаздарды көтөрүп кайрадан Прокуратурага барабыз деп ошондогу жактоочуга айттык. Ал чалып, биздин ызылдап жатканыбызды айтса, “анда уулун күбө кылбайлыбы?” дептир. Ушинтип өз ара сүйлөшүп алып, ар  кандай кылып бурмалай берсе болобу?!

Документтерди көтөрүп алып кайра Прокуратурага барып арыз жаздык. Себеби, уулума биринчиден мыйзамсыз кылмыш иши козголгон. Экинчиден, аны бул кылмышты моюнуна алдыруу үчүн уруп-сабашкан. Бул соттук медициналык экспертизадан тастыкталган.

Үч милициянын үстүнөн козголгон кылмыш иши 2016-жылдын апрель айларында башталган. Ошондон бери 20га чукул процесс дайындалып анын 5-6 гана болду. Калган сот отурумдары бирде тиги жактын жактоочулары келбей, же жактоочулар алмашып, жаңы жактоочу иш менен таанышууга убакыт сурап жылдырылса, бирде сот ооруп калып, прокурорлор алмашып ж.б. ар кандай себеп-шылтоолор менен ушул убакка чейин создугуп келет. Сот отуруму башында Аламүдун районунда болуп жатса,  2016-жылдын ноябрынан тартып Москва районунда болуп жатат. Мен уулумдун укугун коргоо менен бул окуя башка милицияларга да сабак болсун деп жатам. Мындай окуя эч бир ата-эненин башынан өтпөсүн. Соттон калыс чечим күтөбүз.

Манапбек уулу Саринжинин жактоочусу Арман Кайгырова:

– Мен Саринжинин жактоочусумун. Саринжи менен Нариман балдар үйүндө чоңойгон балдар. Абдусаматтын үйү балдар үйүнө жакын болгондуктан үчөө топ ойноп чогуу чоңоюшкан. Ууру кирген үй аларга кошуна болгон. Анан дароо булардан шек санап алып кетип, камап коюшкан. Күнөөсүн моюндарына алдыруу үчүн милициялар ырайымсыз күч колдонушкан. Ата-энеси жок эки бала коркконунан кылбаган кылмышты кылдык деп кол коюп берип коюшкан. Абдусамат гана акырына чейин тырышып кол койгон эмес. Анын ата-энеси адилеттүүлүктү талап кылып, бардык тийиштүү жерлерге барган. Жыйынтыгында, милицияларга кылмыш иши козголуп, азыр сот жүрүп жатат. Абдусаматтын ата-энеси “Голос Свободы” коомдук уюмуна кайрылып, алар жабырлануучуларга адвокат бөлүп берип, медициналык, психологиялык жардамын көрсөтүштү. Эгерде Абдусаматтын ата-энеси болбогондо балдар үйүндөгү балдар күнөөсүз жерден кесилип кетишмек экен. Жабырлануучуларды сурап жаткан сот отурумунда Наримандын документи жок болуп калып жылдырылган. Андан кийинки отурумдарга Нариман келген жок. Аны менен кандай сүйлөшкөнүн билбейбиз, ал “доом жок” деген тосмо арызын жазып берип койду. Буга чейинки айыптоолорду колдой турган прокурорлор  милиция кызматкерлеринин «адвокаты»» болуп жатышкан. Биз буга нааразы экенибизди билдирип арыз жазганбыз. Кылмыш иши козголгон үч милиуия азыр кызматынан четтетилген. Бирок, алар  эркиндикте жүргөндүктөн ошондон пайдаланып, Абдусаматтын ата-энесине ар кандай кысымдарды көрсөтүп жатышат. Акыркы жолу алардын атынан телефон чалгандар, “азыр адвокаттарды сабап кетип атышат, өлтүрүп кетип атышат. Балаңардын келечегинен корккон жоксуңарбы?..” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, кыйытып, басым жасап жатышат.

Жабырлануучулар жана алардын туугандары бул ишти коомчулукка алып чыгуу үчүн ММКлардан колдоо күтүүдө, алар журналисттердин катышуусу менен сот ишти адилеттүү жана калыс карайт деген үмүттө.

Жыйынтык сөз: Кыргызстанда ырайымсыз мамилеге жана кыйноого карата жоопкерчиликке тартуу абдан сейрек кездешет (өкүмдөр саналуу гана). Биз айтып өткөн окуя сотко чейин жеткени чоң жетишкендик. А негизи мындай окуялардын тергөө этаптары аягына чыкпай калат же болбосо ар кандай кысымдардын же ишти обу жок создуктуруунун айынан үзгүлтүккө учураган учурлар көп кездешет. Бул ирет дагы аталган сот иши үзгүлтүккө учурап калбаш үчүн коомчулуктун көзөмөлүндө жана көңүл борборунда болуусу кажет. Биз бул ишти сот обьективдүү жана кылдат карайт деген үмүттөбүз. Бул маселеге чекит коюлушу керек!

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *