Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Өкмөтүнө гуманитардык жардам жана колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Эл Республикасынын Covid -19 коронавирусуна каршы күрөшүү боюнча кошкон салымына  жана күч-аракетине жогору баа берип, оор учурда берген гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, Covid -19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Өкмөт  кыргыз тарапка тест-системасы жана реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, медицина кызматкерлери үчүн коргоочу каражаттар, ошондой эле санитардык-дезинфекциялоо багытында колдонуучу каражаттар жагынан гуманитардык жардам берүү жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн медицина эксперттерин жөнөтүү өтүнүчү билдирилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *