Кыргызстанда таажывирус жуктурган дагы 6 адам аныкталды, жалпы саны 12ге жетти

Бүгүн, 21-мартта эрте мененки саат 9:00гө карата Кыргызстанда таажывирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков онлайн-маалымат жыйында билдирди.

Кыргызстанда ооругандардын жалпы саны – 12 адам.

Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды.

Учурда бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *