Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган жаңы 26 адам кайсы аймактардан экендиги айтылды

Республикалык штаб бүгүн, 24-мартта таажывирусту жуктуруп алган жаӊы 26 учур кайсы аймактарда аныкталгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Таажывирусту жуктуруп алган 26 учур төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:

Сузак районунан – 9 адам

Ала-Бука районунан – 2 адам

Ош шаарынан – 1 адам

Кара-Суу районунан – 8 адам

Ноокат районунан – 6 адам

Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 адам жана Жалал-Абад облусунда – 11 адам.

Учурда Кыргызстанда жалпы 42 адамда таажывирусу аныкталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *