Кыргызстандык ажылар бүгүндөн тарта мекенибизге кайта башташат

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн, 8-сентябрда Жидда-Бишкек багыты боюнча Кыргызстандын убактысы менен түнкү саат 01:10до Манас Эл аралык аба майданына конот. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ар бир каттамда 303 кишиден келип, Бишкек шаарына 3 каттам конот. Алгачкы каттамдарда  Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Бишкек шаарынан жөнөп кетишкен ажылар кайтып келишмекчи. Андан соң 19-сентябрга чейин Жидда-Ош, Медина-Ош багыттары боюнча каттамдар менен кайтып келишмекчи.

Эскерте кетсек, быйыл 2017-жылы Сауд Арабиясынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 4885 квота бөлүп берген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *