Түбү Кыргызстандык жазуучу Шахсанам Мюррейдин романы дүйнөлүк аренаны багындырууда

“Gold Shadows” (Холодные тени) же болбосо “Муздак көлөкөлөр” атту китептин автору түбү Кыргызстандан болгон Шахсанам Мюррей. Ал Кыргызстанда 1972-жылы төрөлүп, 2001 – жылы Шотландияга көчүп кеткен. Учурда Эдинбург университетинин алдындагы киносынчылык жаатында билимин тереңдетүүдө. «Муздак көлөкөлөр» аттуу китеби 2016-жылы Лондон шаарында өткөн Евроазиялык Адабий ачык фестивалында эң мыкты китеп наамына ээ болгон. Китепте согуш жылдарындагы шпиондук окуялар сүрөттөлөт. Ошону менен катар СССР кулагандан кийинки башкы каармандардын жашоосун чагылдырат. Шахсанам бош убактында Шотландиядагы түндүк элдеринин жана Борбордук Азиянын маданиятын жогорудатуу багытында иш алып барат. Ал котормочулук менен да алектенет. Адабияттагы анын биринчи котормосу анын атасы, кыргыздын фантаст жазуучусу Бегенас Сартов жазган «Мамыры гүлдөгөн маалда» чыгармасы.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *