Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: “Сариевдин күнөөсү далилденсе, кылмыш иши козголушу зарыл”

–Мамбетжунус ага, өкмөт башчы Темир Сариевдин Аксы районундагы Уңгар Тоону Өзбекстанга берүү боюнча талашты туудурган жүрүшү башкы прокуратура тарабынан далилденсе, кылмыш ишин козгоого чейин барышы керектигин айттыңыз. Ушул жааттагы пикириңизди кененирээк түшүндүрсөңүз?

–Премьер-министр Темир Сариев Аксыдагы Уңгар Тоо боюнча өзү кол койгон протоколун “мен кол койгон жокмун” деп караманча эле танып атат. Анын танып атканына байланыштуу 29-мартта парламенттин тийиштүү комитетинен чечим чыгып, жыйынтыгында 20-апрелге чейин эл өкүлдөрү Темир Сариевдин протоколго кол койгондугу же кол койбогондугу аныкталса, ага жараша юридикалык баа берүүнү башкы прокуратурага текшерүүнү тапшырышты.

–Премьер Сариевдин басма сөз кызматы протоколду жалганга чыгарып, мындай маалыматтарды чагымчылдык мүнөздөгү маалымат катары сыпатташып чыгышпадыбы…

–Ал документте Сариев Кербен шаарынын депутаттарына протокол жөнөтүп жатпайбы. Болгондо да өзүнүн кол коюлган. Ал эми анын командасы “өкмөт башчы эч кандай кол койгон эмес” деп жатышпайбы? Протоколдо Кербен шаарынын депутаттарына “Өзбекстандын территориясында жайгашкан Кыргызстандын релейный №24 радио-станцияны Уңгар-Тоодон көчүрүп чыккыла” деп талап коюп атат. Көрдүңөрбү, ал “Өзбекстандын территориясында жайгашкан” деп атпайбы. Анын “Өзбекстандын территориясында жайгашкан” деген сөзү Кербен шаарынын депутаттарын чочутту. Мындай көрсөтмөсүнө Кербен шаардык кеңештин депутаттары каршы добуш беришип, депутаттар кайра Темир Сариевдин өзүнө “кайсы пунктун негизинде, качан Уңгар Тоо Өзбекстанга берилген, ушуну тактап бериңиз” деп кайрылуу жазышты. Уңгар Тоону Кербен шаарынын депутаттары гана эмес, дээрлик Кыргызстандын көпчүлүгү тээ Кокон хандыгынын доорунда, алтургай кийинки совет доорунда, учурда дагы Кыргызстандын эле жери экендигин билишет. Өзбекстанга ким берип салгандыгын биз билбейбиз. Убагында Үзөңгү-Куушту дагы Кытайга берип коюшкандыгын кийин билип калбадыкпы? “Уңгар Тоо да ошондой болуп калбасын” деп, биз маселе көтөрсөк, артыбыздан түшүшүп, бизди жаманаттылаганга өтүштү. Бул боюнча парламент депутаттарына, өкмөткө, маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулук алдында ачык кайрылдык. Биздин кайрылуубузду Жогорку Кеңеш эч карабай койду. Акыры бул боюнча 30-мартта эл менен биргеликте нааразычылык акциясын өткөрүүнү пландап жатсак, 29-мартта гана парламенттин тийиштүү комитети Сариев кол койгон токтомду жабык эшик артында карап, бул ишти башкы прокуратуранын кароосуна жөнөтүшүп, 20-апрелге чейин аныгын текшерип, ага укуктук баа берүүнү тапшырышыптыр. Мындай кадамдардан соң, Темир Сариев коркуп кетип, баштагы протоколунда жазган “Өзбекстандын территориясында жайгашкан Кыргызстандын релейный №24 радио-станциясы Уңгар-Тоодон көчүрүп чыккыла” деген сөзүн “Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан” деп оңдоп алганга жетишкени жалганбы? Бул деген жасалма протокол. Элдин жаалынан корккон Сариев “мен Өзбекстандын территориясында деген эмесмин” деп кайрадан танууда. Кызык, баштагы биринчи жөнөткөн протоколунда колу коюлуп, мөөрү басылып турса, анысы Кербен шаардык кеңешинде атайын каттоодон өтсө, эми танганы кандай? Ал канчалык танганы менен Кербен шаардык кеңешинин депутаттары анын жалган айтканын жокко чыгарышып, татыктуу жообун беришти. Эгерде башкы прокуратура анын башта айтканын танып, жасалма документке жол бергенин далилдесе, албетте, укуктук баа берип, кылмыш ишин козгошу керек да, туурабы? Экинчиден, Темир Сариевдин протоколунда “Өзбекстандын территориясында жайгашкан” дегенин сөзсүз такталышы керек. Эмне үчүн мындай жазган? Албетте, бул документте ал кандайдыр бир чечимге негиздеп туруп гана кол коюп атат да. Мындай кадамы менен ал колго түшүп калды. Менин жеке пикиримде эгерде Темир Сариев кандай негизге таянып, “Өзбекстандын территориясында жайгашкан” дегенин прокуратура айттырса, анда анын артында ким тургандыгы деле билинип, бири-бирин сата башташат. Өзү деле айтып берет. Жогорку Кеңеш да бул маселени күн тартибине жабык эшик артына кароону киргизишти. Анда Темир Сариев келип, эмне үчүн “Өзбекстандын территориясында жайгашкан” дегенин тактап бериши керек. Мындай кадамдарын булар азырынча ачыкка чыгарбай жатышат. Эгерде башкы прокуратура Темир Сариевдин жасалма документке жол ачкан жоругу менен береги айткан сөзүн далилдеп берсе, ага анда токтоосуздан кылмыш иши ачылышы керек.

Калыгул Бейшекеев     

Булак: “АЗИЯnews”      

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *