Видео – Марс Сариев, саясат талдоочу: “Кытай бийлиги СДПКга 1 млн сом жардам берүү менен кыргыз бийлигинин көңүлүн алып жатат, бирок бул аябай чоң чатак иш”

Кытай бийлиги тарабынан КСДП партиясына 1 миллион сом өлчөмүндө жардам берилиши коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Анткени мыйзам боюнча саясый партиялар чет өлкөдөн жардам алууга тыюу салынган. Алтургай чет өлкөдөн жардам алган коомдук уюмдарды чет өлкөлүк агент кылабыз деп бийлик өзү ооз көптүрө сүйлөп келген. “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегендей эми бийликтеги партия КСДПнын өзүнүн ичинен ушундай оркойгон мыйзам бузуу аныкталып, социалдык тармактарда “КСДП – чет элик агент!” деген атка конуп жатат.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев Next TV телеканалына берген интервьюсунда “Бул маалыматты СДПК партиясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков таратып жатпайбы. Демек СДПКнын ичинде да топтордун өз ара күрөшү жүрүп жатат. Кытай бийлиги СДПКга 1 миллион сом жардам берүү менен кыргыз бийлигинин көңүлүн алып жатат. Кытай тараптын ушундай стратегиясы бар. Мындай белек берүү менен кытай тарап кайсы бир маселелерди чечүү жеңил болот деп эсептешет. Албетте бул чоң акча эмес, бирок чоң чатак иш…” деп билдирген.

 

2 comments

  • Пенсионер says:

    Конечно, Кытай акча берет СДПКга. АША бизди Кытайдын карызына батырып келечекте Кытай биздин жерлерибизди тартып алуусуна шарт тузуп берди. Выгнать надо его в три шею с Кыргызстана.

  • Пенсионер says:

    Антпесе бул сарт Сокени иштетпейт бут тосо берип.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *