Мавлян Аскарбеков, “Эркин эл” партиясынын лидери: “Алга Кылычевдин аброю Атамбаевдикинен да ашып түштү”

– Мавлян мырза, ашынган КСДПчы Алга Кылычев менен соттошуп жатканыңыз маалым болду. Алгач ушул иш боюнча айтып өтсөңүз?

– Эки жыл башта интернеттеги фейсбук баракчама Алга Кылычев боюнча өз оюмду жазгам. 2010-жылы менин жанымда оп­позиция болуп жүрүп, 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешке КСДП тизмесинен чыга келет. Ташиевдер митингге чыкканда анти-митингге чыгып, КСДПнын, бийликтин камчысын катыра чаап, эфирлерге чыгып жатты. «Мелис Турганбаевдин жардамчысымын, тигинин кеңешчисимин» деген күбөлүктөрдү алып жүрдү. 2015-жылы КСДПнын парламенттик шайлоодогу тизмесине кирди, анысы аз келгенсип, өмүрү иштебеген «Дан» мамлекеттик ишканасына башкы директор болот. Эми ошол Кылычев мени сотко берип, 70 миллион сом талап кылып жатат. Кылычевдин аброю Атамбаевдикинен ашып өттү. Мындай доону эч ким бере элек эле.

– Жакында өзүңүз башында турган бир катар саясый күчтөр курултай өткөрүүнүн алдында турасыздар. Баркы кеткен курултай өткөрүүнүн баасы канча?

– Бүгүн президенттик институтта кош бийлик орноп, парламент, өкмөт «кол балага» айланып калган учурда, өлкөбүздө коррупция ашынып жаткан кезде эл тарабынан курултай өткөзүп, маселелерди карап, талаптарды коюп, туңгуюктан чыгуу аракетин көрүү зарыл.

– Өзүңүзгө ачылган кылмыш иши, соттук процесстер кандай нукта уланууда?

– Тилекке каршы, өткөн бийлик тарабынан мага карата буюртма берилип, кылмыш иши токулуп, иш сотто каралып жатат. Эч негиз жок эле сотко сүйрөп жатканы күйдүрөт да. Эгерде мен сөзүмөн жаңылып, кебимде чакырык болсо, мойнума алмакмын. Жаңы президент эл мүдөөсүн айтты, коррупциялашкан сот, прокурор, күч органдарын ооздуктап, мыйзамдуулук болсо акталам. Мындай жол менен мени «сындырам, оозун жабам» дегендер жаңылышат.

Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *