Миллион сомдук чыгымдарга татыктуу депутат барбы?

Кызык суроо бекен? Чынында эле ар бир депутатка жылына алты миллион сом чыгымдалса жалпы көлөмү канча болуп кетет, кокуй! Бекер жерден муну кадимки саясатчы Адахан Кимсанбаевич президент менен болгон жолугушууда көтөрүп чыкпаса керек. Ошого чычалаган айрым жазмакерлер эми сизди сотко берсе кантип кутуласыз деген суроосун жагалданып Мадумаровго берип “ак кызматын” өтөштү. Тилекке каршы ушул көлөмдөгү каражатка тийиштүү мыйзамдарды чыгарууга, пайдалуу иштерди жасоого эл өкүлү салымын кошо алдыбы деген суроону берүүгө акылуубуз да? Себеби биздин салыкка берген акчабыздын эсебинен депутаттар тайраңдап жүргөнү жалганбы? Кызылдай чындык экени талашсыз деп койсок неге болбойт?

Акыркы мезгилде парламенттин жүргүзгөн арабөк ишине ичи чыкпаганы боюнча маалыматтар жайнап кетти. Дегеле парламентке көңүлү элжиреген бир адамды да табуу мүмкүн болбой калды. Той-тамашаларда дардаңдап чер жазган депутаттардын жарыгы качан элге тийди эле? Жай турмуштагы жарандарга тескери тарптан “Үлгү” көрсөткөндөрдүн шиши толуп калганын журтчулук алаканга салгандай байкап турат. Ошондуктан эки жылдан кийин өтүүчү парламенттик шайлоого чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү учурдун өктөм талабы. Антпесек эски оорунун чеңгелинде кала берип, дагы кыйналабыз. Албетте, капчыктуулар эмес, эптеп жанын баккан бечаралар катаалдыкка кезигип, көзүнөн шоросу чыгат. Мындай талапты азыркы бийликке таасын жеткирип, анын натыйжасы майнаптуу болушуна тикебизден тик турушубуз кажет. Дымактуу жаштар ширин сөздүн, акчанын кулу болбостон калкка ысыгы тийген демилгеге, төп тарабы келишкен мыйзамдын жаралышына, келечекке маани берүүсү зарыл. Антпесе 6 миллион сомдук атка минерлер кайрадан ээрге отуруп, көлөкөсүнө “ашкабак” өстүрө берет. Ошону эмитен көңүлгө түйөлү…

Булак: “Ачык сөз”

1 ой-пикир

  • Адилет says:

    Итке минээр абалга келген мамлекет бюджетин экономдоону ЖКдан баштоо керек. Биринчиден санын 2 эсе азайтуу керек. Экинчиден ар бир депутатка болгон бир айлык чыгымды 100 000 ден ашырбоо керек.Депутаттардын жардамчы, акылчы, шоопур, секретар сыяктуу жан-жокорлорун до минимумга кыскартуу керек.Биз айлыгыбыздан мамлекеттин бутундугун сактоо учун чогулткан налогдон айына 500 000 сом короткудай эмне иш кылып коюшуптур бизге? Оздорун кыргыз элинин патриот балдарыбыз дешсе 2025 жылдан баштап толой турган карызыбызды эстеп бекер иштешсе деле болот. Бардыгы Кыргызстандын бай адамдары.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *