Москва олимпиадасына 40 жыл. Аскар Салымбеков: Москва олимпиадасы –жаштыктын, шаттыктын, спорттун керемети

Москва олимпиадасына 40 жыл

Быйыл  Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы менен күйөрмандардын эсинде бекем сакталуу.  СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен.

Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушахметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турган эле. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен бул китеп жакында жарык көргөнү  “Турар” басмасында басылып жатат.

Бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” түрмөгүбүздө  олимпиадалык оюндарга комсомолдук жаштарды жетектеп барган Аскар Салымбековдун маегин назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков: Москва олимпиадасы –жаштыктын, шаттыктын, спорттун керемети

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү меценат, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Мааткабылович Салымбеков да Москва олимпидасына комсомолдук делегацияны жетектеп барып, күбө болуп келген. Ал мындан 40 жыл илгери болгон Москва олимпиадалык оюндарын, ачылыш жана жабылыш салтанаттарын эргүү менен эскерип, кыргызстандык спортчулардын ийгиликтерине чексиз кубанганын айтып отурду.

– Аскар Мааткабылович, 1980-жылы Москва олимпиадасына барып, биринчи олимпиадаңыз болуш керек, анан кандай өттү эле? Кандайча бардыңыз эле? Москва олимпиадасы жөнүндө бир эскерип койсоңуз.

– Бул мен көргөн биринчи олимпиадам болду. 1980-жылы Москва олимпиадасына катуу даярдык көрдүк, анда советтик идеялогия күчтүү болчу. Спорт идеялогиянын биринчи пландарында турчу. Коммунисттик партиянын эң чоң багыты болчу ал убакта, дүйнө жүзүндө социалисттик системасынын артыкчылыгын Москва олимпиадасынын шарапаты менен көрсөтүү башкы максаттардан эле. Абдан мыкты даярдык көрүп жатып, 1979-жылы Ооганстанда чуу чыгып, Советтик жоокерлер киргенден кийин батыш өлкөлөрү Москва олимпиадасына катышуудан баш тартып бойкот жарыялашкан. Бойкот жарыялагандан кийин 1980-жылы Батыштагы айрым өлкөлөрдөн олимпиаданы көрүү үчүн келет деген спорт күйөрмандары, туристтер келбей калуу коркунучу билинип калды. Анан капиталисттик өлкөлөрдүн келбей калган күйөрмандардын ордун толуктап, Комсомолго коммунисттер олимпиадалык оюндарга барууга чакыруу тыштаган. Себеби бардык жерлерде коммунисттик демилгелүү топтор түзүп, анан Борбордук Комитет Комсомолдорго тапшырмаларды берип, миңдеген күйөрмандардын ордун толуктоо зарыл болуп турган. Олимпиадалык мелдештер өтчү Москва жана башка шаарларда  канча деген мейманканалар салынган, канча деген  заманбап спорттук имараттар, жайлар даярдалган.  Анан ушунча имараттар, жайлар, мейманканалар бош  болуп калбасын деп,  комсомолдук жолдомолор ойнотулуп, олимпиадалык кыймылды колдоого алуу тапшырмасы берилгенден кийин Кыргызстанда  жетидей топ түзүлдү. Кыргыз жергесинен 200дөй киши комсомолдун жолдомолорун алышып, Москвага барып калдык. Мен Кыргызстандын Борбордук комсомолдук комитетинде иштеп тургандыктан, ошол бир группаны жетектеп баруу милдети мага жүктөлгөн эле. Ошондо Олимпиадалык жолдомонун  90% билеттин баасы 2000 рубль болчу. Ошол учурда жаңы  «Жигули» автоунаасынын баасы 6000 рубль болсо, ошондо жолдомонун наркы үчтөн бир бөлүгү эле. Андан кийин комсомолдук жолдомону сатып алуучуларды тапкыла деген тапшырма берилген. Ал мезгилде жаштардын айлык акылары эң жогоркусу  200-300 рубль, төмөнкүсү 100 рубль эле. Студенттердин стипендиясы 40-50 рубль болсо, алар кантип олимпиадага жолдомо алат болчу.  Ошондуктан иликтеп издеп көрсөк, комсомолдук жолдомого каражат чогултуп, жолдомо алчулардын көбүнчөсү  ири дүкөндөрдүн директорлору, райондук соода түйүндөрүнүн кызматкерлери, ЖИВпромдордун даярдоочулар, ушундай керек-жарак союздун адамдары, соода жүргүзгөндөр жана бухгалтерлер болуп чыкты. Ошентип кийин акча тапкан жаштардын баары кошулуп,  Кыргызстандан жети топ Москва шаарына барып, жогорку окуу жайлардын  жатаканаларына жайгаштык. Анан да мен кудайдын спортко көзү түз экенин ушундан билдим. Москва олимпиадасына жолум ачылып калганда мен өзүм мелдешке чыккандай, намыс талашчудай жүрөк аябай толкунданып турдум. Ал учурду айтып түгөтө албайм. Андагы таасирлер дале эсимден чыкпай турат. Ушунчалык эки көзүм төрт эле да, 1980-жылы олимпиада оюндары уюштуралат деп даярдык көрүлүп жатканда, ушул олимпиаданы көрсөм деп тилек кылчу элем. Бала кезимен спортту сүйчүмүн, ошол тилегим орундалып, ошентип Москва олимпиадасын көрүү шыбагасы да мага буйурду.  Андан кийин Москва олимпиадасынын салтанатуу ачылыш аземин көрүү үчүн Лужникидеги В.Ленин атындагы Борбордук стадионуна барганда  жүрөгүм абдан толкундандып, өзүмдү бактылуу сездим. Муну айткан себебим,  Кыргызстандан барган комсомолдук  топтун   бардыгы олимпиаданын ачылыш салтанатына баралбай, чектелүү болуп,  ар бир группага 4-5 билеттен лотерея ойноттулду. Анан биздин группадагы 30 кишиге калыстык үчүн чучукулак калмалып 5 лотерея ойнотулду. Ошондо  1 билет мага тийген. 30 киши чучукулак кылып, ачылыш аземине мен да барууга жолум ачылган эле. Олимпиаданын ачылышына барыш мен үчүн чоң бир салтанат болду, ичине киргенде өзүмдү жеңишке жетишкен спортчудай сезип,эң бактылуу адамдай сезимге туш болуп, абдан толкунданып, кубанган элем. Чынын айтканда СССР «Дүйөнү дүңгүрөтөлү» дегендей эле ачылыш аземин социалисттик мамлекеттик тажрыйбада, каада-салттарда, тарыхый кырдаалды, спорттук жетишкендиктерди чагылдырып өткөргөн. Баскетбол боюнча олимпиада чемпиону Сергей Беловго гимнасттар колу менен шаты жасап берип,  колдон жасалган шаты менен өйдө чыгып барып, олимпиада отун күйгүзүп, олимпиадалык мамалактын абага учканын, керемет көрүнүштөргө күбө  болдук. Анан ошол иш-чарага, ачылыш жана жабылыш аземине Советтер Союзунун мыктылар иргелип, баары барып даярданган, канча деген спортчу, артисттер ал жерде 3-4 айдай дардык көрүп жүргөн. Аны көрүп, биз тим эле токундандык. Толкунданып, эртеси эле биздин  мерген Александр Мелентьев менен  чоюн билек, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев мелдешке чыкмак. Эртең менен Мелентьев  дүйнөгө дүң дей түштү эле, кыргызстандык спортчу  эң биринчи  олимпиада чемпиону болду. Биз аябай сүйүндүк, анан кечинде Каныбек Осмоналиев чыкмак. Измайлово атындагы паркта штанга көтөрүү болгон, «Измаилово комплекси» деп жаңы  мейманканалар жана чоң конференц залдары менен штанга көтөрүү боюнча зал салынып, ошол жерде мелдеш болду. Каныбек  акыркы учурда эки корей менен катуу таймашты.  Ошол залда Кыргызстандын  коммунисттик партиясынын жетекчилери Турдакун Усубалиев, Султан Ибраимов,  Кыргыз спорт комитетинин төргасы  Дөлөн Өмүрзаков баш болгон жоон топ делегация мүчөлөрү отурду. Кыргызстандан барган жаштардан  «спорту түшүнөм,  сүрөөнгө алуу үчүн барам» дегендер гана Каныбек Осмоналиевдин таймаштарына барып, сүрөөнгө алып турдук. Каныбек Осмоналиев чемпион болгондо өзүбүз жеңишке жеткендей сүйүнүп, ага алтын медаль тагылганда көзүбүздөн кубанычтын жашы имерилген эле. Бул Каныбектин жылдыздуу сааты, кыргыз спортунун бийиктиги болуп, биз дагы  аябай кубанганбыз. Алмаз Усубалиев, Жаныш Рустамбеков болуп Рамазан деген таластык даярдоочуга сүйүнчүлөп бардык. Жеңишибизди белгилеп коелу деп, «Метрополь» деген ресторанга багыт алдык. Биз менен Москвага барган жаштардан бир дүкөнчү Коля Сулайманов деген жигит  бар эле. Ал Каныбек Осмоналиевге абдан окшош болчу. Анан жаштык жалын, дем менен ресторанга  баарыбыз дуулдап кирип бардык жоо сайгандай болуп.  Ресторандагы элдин баары «эмне болду» деп таң калды. «Мына,  биздин жердешибиз Каныбек Осмоналиев олимпиада чемпиону болду» деп тамашалап Коляны көрсөтүп койдук. Рамазан жоомарттык кылып, кыргыздын меймандостугун көрсөтүп,  ар бир столго бирден коньяк, бирден шампан белек кылып заказ берип койду. Анан ресторанда отурган бейтааныш адамдар арагы, коньягы менен келип, куттуктай баштады.  Башкалар болсо Коляны чемпион деп, бетинен өпкүлөп, кучактап жыргап жатышат.  Ошентип ал күн эсте каларлык күндөрдүн бири болду. Олимпиаданын аягына чейин мелдештерге барып жүрдүк, футбол, жеңил атлетикасына да бардым, ошентип сонун күндөрдү өткөрүп,  жаштыктын, шаттыктын, спорттун майрамына күбө болуп келгенбиз. Москвада ошентип сонун күндөрдү өткөрүп, кайра Кыргызстанга олимпиаданын кайталангыс таасири менен арбалып  келгенбиз. Кыргызстан ал жылы  спорттун 5 түрүнөн чемпион болуп, дүйнө жүзүнө дүңгүрөп, Кыргыз ССРине  «Эл достугу» ордени тапшырылган.  Москва олимпиадасы учурунда мелдештерден сырткары фестивалдар, концерттер, маданий иш-чаралар, көргөзмөлөр, жармаңкелер, көп таасирдүү иш-чаралар болду. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү жагдай, 1980-жылкы Москва олимпиадасына Ат-Башыдан менин жердештерим дагы делегацияга кошулуп барып келишкен. Алардын катарында өзгөчө сыймык менен айта кетчү инсан-бул Кыргызстандын мектеп окуучуларынын дене тарбиясына жана спортко зор салым кошкон, менин спортко болгон сүйүүмдү ойготкон, өлкөбүзгө эмгек сиңирген мугалим Туюкбай Кочкорбаевди баса белгилегим келет. Ошондой эле комсомолдук жолдомо менен менин курсташтарым Табылды Касымов, Калыбек Арабаев, Чоробек Байгазаков дагы Москва олимпиадасын көрүп келишкен эле.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону 1996-жылкы Атланта олимпиадалык оюндарына баштап, кыргызстандык спортчуларды сүрөөнгө алып, бир нече жолу жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарга да күбө болуп келатам. Бирок, Москва олимпиадасындагы алган таасирлерге салыштырып болбойт. Ар бир олимпиаданын өзүнчө өзгөчөлүгү, айтып бүткүс таасири бар. Эми 2021-жылы Токио олимпиадалык оюндарында кыргызстандык спорчулар Москва олимпиадасынын ийгиликтерин кайталап, олимпиада чемпиондору болуп, жок дегенде байгелүү орундарга жетсе деп тилек кылып турам.

Менин олимпиадалык кыймылга салым кошуп, кыргызстандык спортчуларды колдоого алышымдын башаты-Москва олимпиадасы деп эсептейм.Олимпиадалык сапарым Москва олимпиадасынан башталып, ошондон бери көкүрөккө олимп оту жанган.

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. мурдакы бөлүктөрдө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Николай Чернецкий, Александр Блинов, коло байге ээлери Сатымкул Жуманазаров,  Александр Абушахметов, бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева  тууралуу кеп болгон эле. Эмки бөлүктөрдө олимпиадага күбө болуп келишкен кыргызстандык спорт күйөрмандары  тууралуу кеңири баяндалат.)  

Кабыл Макешов,  КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

 Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *