Нурсултан Акылбек: “Жаңы дем” альянсынын ичинде Райымбек Матраимовду Оштон республикага чоң кызматка көтөргөн Темир Сариев да жүрөт”

“Бүгүн түзүлгөн альянсты “Жаңы дем” деп аташыптыр. Балким саясый өлүктөрдү кайра тирилтүү жандалбасы ушинтип жазаланар”, – деп жазды бүгүн, 5-июнда “Үмүт-2020” кыймылынын лидерлеринин бири Нурсултан Акылбек өзүнүн Twitter баракчасында Текебаев, Сариев, Момбеков, Жанар Акаевдердин шайлоого карата биригүүсүн комментариялап.

“Бул альянстын ичинде Райымбек Матраимовду 2015-жылы Оштон алып чыгып, республикалык бажы кызматынын төрагасынын орун басары кылып, кызматка көтөргөн Темир Сариевди көрүү мен үчүн аябай жагымдуу болду”, – дейт Нурсултан Акылбек.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *