Өлкөдө той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калды

Бүгүн, 29-майда маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июндан тарта бир нече тармактагы мекеме-ишканалар өз иштерин баштаарын айтты. Анткен менен айрым тармактардан чектөө алына элек.

Азырынча төмөнкү тармактардагы мекеме-ишканалар ишин жандандыра албайт:

маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү,

той-аш,

көңүл ачуучу мекемелер,

балдар оюн-зоок жайлары,

интернет-клубдар, ошондой эле компьютердик оюн жайлары,

кинотеатрлар,

соода борборлорунда жайгашкан тамактануу жайлары,

билим берүү борборлору (эгер санитардык-гигиеналык нормалар сакталып, андагылар аралыкты сактаса уруксат берилет),

шаар жана аймактар арасында элди автобус жана чакан автобус менен ташуу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *